Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаш коррупционерлерге Нурлан Сулайманов уурдаганды үйрөтөбү?

Жаш коррупционерлерге Нурлан Сулайманов уурдаганды үйрөтөбү?

05-ноябрь, 12:00
472 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Эл күтүп атат. Нурлан Сулайманов “куспай” жүрөт. Кезинде ага “Коррупция”, “Кызматын кыянаттыкта пайдаланган” деген беренелер менен кылмыш иштери козголуп, качып-бозуп да жүргөн. Азыр болсо министрлер кабинетинин башчысынын кеңешчиси. “Майлуу” тармактарды көзөмөлдөп алган... Кызы Жылдыз Сулаймановага, аялы Айнура Сулаймановага Бишкектин эң баалуу жерлеринен тилкелер катталган, ал эми баласы Эльдар Сулайманов Ошто эки миллион долларга мончо салганын өзү интернет айдыңына жар салып айтып чыккан, андан башка дагы 7 фирма үй-бүлөлүк энчиде экен. Алардын уставдык капиталы 100 миллион доллардын тегерегинде. Көмүскөдө каткан байлыктары мындан көп го? Иши кылып мамлекеттик кызматта жүрүп, баюунун үлгүсүн Нурлан Сулаймановдон жаш коррупционерлер үйрөнүшсө болот. Ал мамлекеттик казынага кантип кол салып, кылмыш ишин эки жылга жеткирбей “эскирди” деп жаптырып салганды да үйрөтсө, андан да жакшы болмок. Анткени, Кыргызстанда баары сатылат эмеспи... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер