Манастаануудагы жаңылык


Советбек Байгазиев улуттун ыйык мурасы болгон «Манас» эпосунун мазмундук маани-маңызы, анын каармаандарынын образдары камтылган руханий нарктар жөнүндө көп эмгектерди жараткан окумуштуу. Ал 2000-жылы орто мектептердин окуучулары үчүн Кыргызстанда биринчи болуп «Манастаануу» аттуу окуу куралын жаратып, ал эми 2010-жылы жогорку окуу жайларындагы «Манастаануу» курсу үчүн ушул эле наамдагы окуу китебин жазып, билим берүү министрлигинин жолдомосу менен жарыкка чыгарган. Бул окуу китеби ушул күнгө чейин ЖОЖдордо колдонулуп келди.
Советбек Байгазиев жакында ЖОЖдордун студенттери үчүн «Манастаануу» аттуу 500 беттен турган жаңы окуу китебин басмадан чыгарды. Бул окуу китеби «Манастаануу» окуу программасынын эң негизги борбордук темаларын кенен жана терең чечмелеп берет. Эпостун башкы каармандарынын образдары, эпопеянын дүйнө окумуштуулары тарабынан изилденүү тарыхы, манасчылардын өнөрү, «Манастын» мекенчил философиясы, руханий нарктары, адеп-ахлак баалуулуктары, улуу дастандын улуттук жана дүйнөлүк мааниси далилдүү, жеткиликтүү талданган. Китепте уникалдуу тарыхый-архивдик материалдар, мындан башка көптөгөн темалар камтылган. «Манастын» сюжети да кара сөз менен кыскача берилген. Бул окуу китебин өзүнчө бир чакан энциклопедия десек да болот. ЖОЖдорго арналган бул китептин студенттерге «Манас» боюнча мыкты билим берүүгө негиз болорунда шек жок. «Манастаануудагы» бул жаңы окуу китеби министрликтин грифи менен басылган жана экс-депутат Абтандил Кулбараков тарабынан каржыланган.











