Эрлан Камалов: “Жазгы кымбатчылык жыл сайын сезондуу түрдө боло турган нерсе”

Маектешим Эрлан Токтоназарович ОшМУнун бизнес паркынын директору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент. Жазгы кымбатчылык, учурдагы экономикалык кырдаал тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду.
-- Россияга салынган санкциялар, инфляция ж.б. себептерден улам элдин көпчүлүгү жазгы кымбатчылыктан кооптонууда. Сиздин пикириңиз кандай?
-- Жазгы кымбатчылык жыл сайын сезондуу түрдө боло турган нерсе. Жалган маалымат таратып, элди атайын дүрбөлөңгө түшүрүп, ызы-чуу жаратып, ушул абалдан пайдаланып кетүүгө кызыкдарлар да бар болушу мүмкүн. Ошондуктан бул жерде баардык министрликтер, ведомстволор экономикага, инфляциялык процесстерге түздөн-түз жооптуу тараптар тыкыр көзөмөлгө алышы керек. Себеби, атайын товар өндүрүүчүлөр, башка мамлекеттен импорт алып келип жаткандар, сатуучулар тарабынан атайын ушундай ар түрдүү имиштерди таркатып, ошонун негизинде атайылап бааны бир нече эсе жогорулатып жиберүү фактылары болбош үчүн биринчи кезекте монополияга каршы иш алып барып жаткан органдар, андан сырткары, инфляцияга түздөн-түз жооптуу болуп эсептелген Улуттук банк, экономика жана коммерция министрлиги өздөрүнө тагылган баардык укуктарды колдонуп, рыноктук механизмге киришүүгө убакыт келди. Анткени, ушундай абалда рынок экономикасынын теориясында деле мамлекеттик экономиканы жөнгө салуу деген түшүнүк бар.
Экономиканы мамлекеттик жөнгө салуу бир канча шаймандардан турат. Анын бири акча кредит саясаты. Акча кредит саясаты – бул баалар кескин өспөш үчүн Улуттук банк тарабынан ар түрдүү инфляциялык өсүүлөрдүн алдын алып, акча массасын кыскартуу жолдору. Ошол аркылуу акчанын жүгүртүүдөгү көлөмүн көзөмөлдөп туруу керек. Бул монетардык саясат көпчүлүк учурда өз жемишин берет. Салык бюджет саясаты да буга таасирин тийгизет. Анда салыктарды өтө көбөйтүп жиберүү, ставкасын жогорулатуу дагы кымбатчылыкка шарт түзүп берип коюшу мүмкүн. Менимче, азыркы учурда Кыргызстан боюнча салыктын ставкасы мурунку бойдон эле калып жатат. Салык кодексинде чоң өзгөрүү жок. Ошондуктан бул жерде дагы мамлекеттик органдар, салык инспекциясы, финансы министрлиги жана экономика, коммерция министрлиги сөзсүз ушуну жөнгө салып, макроэкономикалык саясатты жогорку деңгээлде жүргүзүшү зарыл. Эгерде мамлекеттик органдар акча кредит саясатын, салык бюджет саясатын туруктуу алып бара турган болсо, экономикада дагы туруктуулук сакталат.
-- Жакырчылык дагы күч албайбы?
-- Жакырчылык маселеси өлкөнүн социалдык саясатына жараша болот. Биздин өкмөттүн жүргүзүп жаткан социалдык саясаты дагы ошол жакырчылыктын алдын алууга багытталып, азыркы учурда жүз миңден ашык үй-бүлөгө жүз миң сомдон ар түрдүү жөлөк пулдар берилип, алардын өз алдынча бизнес баштоосуна, жакырчылыктан чыгууга бир механизм катары ишке ашууда. Андыктан бул тараптан дагы мамлекет жумуштарды күчөтө турган болсо, менимче, жакырчылыктын коэффициенти, деңгээли анчалык деле чочулагыдай абалга жетпеши мүмкүн. Баардык нерсе экономикалык саясаттын башында турган мминистрлик жана ведомстволордун эриш-аркак болуп, бирдиктүү саясат алып барышынан көз каранды.
-- Экономикабыздын бүгүнкү абалы канааттандырарлыкпы?
-- Экономикабыздын бүгүнкү абалына пандемиядан кийинки кырдааалды, ошондой эле дүйнө жүзүндө болуп жаткан жалпы геосаясый абалды эске алганда, биздин экономикада бир кыйла туруктуу абал сакталууда деп айтмакмын. Бул туруктуулук сөзсүз экономиканын андан ары өнүгүшүнө, бюджетке түшүүлөрдүн көбөйүүсүнө, ошондой эле ички дүң продуктунун жогорулашына алып келет. Ошондуктан экономикалык абал бир эле ички факторлордон көз каранды эмес. Сыртта кандай иш-аракеттер, процесстер болуп жатканынан, геосаясый абалдан дагы көз каранды. Демек, биз дүйнөлүк экономикада болуп жаткан өзгөрүүлөргө, чакырыктарга, тобокелчиликтерге даяр болушубуз керек. Ошол ар кандай коркунучтардын алдын алуу боюнча өкмөттүн антикризистик программасы жемишин берет деген ойдомун.
Мамлекет тарабынан кабыл алынган чечимдер ишке аша турган болсо, 2023-жылы экономикалык көрсөткүчтөрүбүздү дагы бир кыйла көтөрүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.