Кызыл-Омполду казуу – улуттук трагедия!
1961-62-жылдары биз мектепте окуп жүргөн кезибизде Көк-Мойнок айылынын жогору жагына Кызыл-Омполдун көлдү караган күн чыгыш жак бетине автоунаа жолу салынып, түнкүсүн электр жарыгы күйүп турчу. Сары-Камыш айылы Балыкчы шаарына жакын орун алгандыктан, Кызыл-Омполдун бизди караган жагы даана көрүнүп турар эле.
Чоң аталарыбыз “Кызыл-Омполдон уран кени чыгыптыр, ошону казат экен” деп айтып жүрүштү. Бирок... “Уранды казганга болбойт тура. Эгер казуу иштерин жүргүзсө, аба, суу ууланып, өсүмдүктөр менен канаттуулар, майда жан-жаныбарлар өлүп жоголуп, адамдар ден соолугунан ажырап, өлүм-житим көбөйөрүн белгилеп, өкмөт уруксат бербей коюптур” деп калышты. Түнкүсүн күйүп турчу электр жарыгы да өчтү. Автоунаа жолу да толук бүтпөй токтоп калды. Мен ошону эми түшүнүп отурам, көрсө, экологиялык эксперттер уруксат бербей коюшуптур. Алардын талабына коммунисттик партия жетекчилик кылган Совет өкмөтү макул болуп, кен казуу иши ошон үчүн кан буугандай токтотулуптур.
Суроо туулат: Эмне үчүн эл-жерибиздин келечек тагдырын биринчи орунга койбойбуз? Кызык, кен байлыкты алуу үчүн чет элдиктер табигатыбызды бырчалап талкалап, абаны, сууну, жер кыртышын уулантып жатканына кенен жол берип унчукпай отурабыз? Баардыгына кайдыгер болуп, биз эмне, бир жыл үчүн убактылуу жашап жатабызбы? Француз королу Людовик ХIV “Бизден кийин сел алсын” дегенсип, кийинки укум-тукумдун жашоо-тиричилигине кайдыгер гана кол шилтеп калганбызбы?!
Мындан беш жыл мурун Акат деген жигиттин жетекчилиги менен “Кызыл-Омполдон уран кенин казсаң, колуңа өлүп беребиз” деп Сооронбай Жээнбековдон Балыкчы шаарынын көпчүлүк жаштары мэриянын астына күнүгө каршылык көрсөтүү акциясын жасап атып сактап калганбыз. Бул чогулушка Сары-Камыш айылынан мен гана барып катышып, сөз сүйлөгөм. Себеби, уран кени казылса балдарым, неберелерим ден соолугунан ажырап, көргөн күнү кантет эле? Ушуну ойлогондо, түн уйкум бөлүнүп, денем дүркүрөп кетип атты.
Эми бүгүн көпчүлүк эл чоң үмүт менен шайлаган, Ысык-Көлдүн кулуну Садыр Жапаров Кызыл-Омполдогу уран кенин казуунун демилгечиси болуп жатканы абдан өкүнүчтүү. Бул трагедияга жеткирчү коркунучтуу ишти баштардын алдында Садыр Нургожоевич Көк-Мойнокко келип, “Совет өкмөтү кен казууну баштап келатып, токтотуп салганы чынбы?” деп ошол ишти өз көздөрү менен көрүп, күбө адамдардан сурап, ой-пикирин укса болмок.
“Кызыл-Омпол боюнча жаңылбай, олуттуу мамиле менен чечим кабыл алалы” дейт тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, академик Дүйшөнбек Камчыбеков “Азия Ньюс” гезитинин кабарчысы менен болгон маегинде (“Азия Ньюс”, 7-ноябрь 2024-ж). Академиктин бул сунушу – өз эл-жерин сүйгөн, анын келечегине жүрөгү ооруган адамдын мүдөөсү...
Төмөндө эгер Кызыл-Омполдон кен казыла турган болсо, кандай кыйынчылыктарга, каргашалуу иштерге кабыла турганыбыз жөнүндө айткандарына көңүл буралы:
-- “Кызыл- Омпол” кенинде “Таш-Булак”, “Баке”, “Оттук”, “Узун-Сай”, “Түндүк” участоктору бар. Бир эле “Таш-Булак” деген участокто 1,6 миллион тонна руда түрүндө титаномагнетит, 3,6 миң тонна уран, 3,5 миң тонна торий, 10 миң тонна фосфор жана 34 миң тонна цирконий бар экени аныкталган, - дейт Камчыбеков. -- Биринчиден, “Таш-Булак” участогу Кубакынын бетине чыгып бара жатканда оң жактагы жолдун астына жайгашкан. Ал жерден жогорку вольттогу линия өтөт экен. Ал эми “Түндүк” участогу Көк-Мойнок айылынын үстүндө жайгашкан. Ал агын сууга жакын болуп калат. “Баке” участогу Кубакынын белинен түшүп бара жатканда Орто-Токой суу сактагычына жакын жайгашыптыр. Эгерде бул участокту келечекте иштетсек, жол маселеси жаралып, жер көчкү болуп кетпейби (?) деген да коркунуч бар. Ал эми “Узун-Сай” участогу Орто-Токой суу сактагычынын ичинде жайгашып, Орто-Токой суу сактагычынын сыртына чыгып турат. “Оттук” участогу болсо Ак-Өлөң айылынын түбүндө. Демек, кен байлыктар касиеттүү Кызыл-Омпол тоосун бүт баардык жагынан курчап жатат. Касиеттүү дегеним, Алла Таала Жаратуучу кереметтүү Ысык-Көлдүн айланасын асман тиреген аска-зоолор менен курчап, “күн батыш жагын сен кайтарып турасың” дегенсип, Кызыл-Омполду жайгаштырган. Бул тоо бекер тоо эмес, буга тийген киши оң таппайт, сөзсүз бир кырсыкка учурайт” дейт академик окумуштуу.
Ушуну гезиттен окуганда жүрөгүм “шуу” дей түштү. Ал “титаномагнетит концентратты кытайлар алууга кызыккан” деп Акылбек Жапаров Кызыл-Омпол кенинин ачылышына барганда айткан” дейт Дүйшөнбек Камчыбеков.
Акылбек Жапаров улуттук сезими жок, акча менен байлыктын артынан чуркап жүргөн киши. Демек, ал кытайлар менен “канча доллардан аласыңар?” деп соодалашып келсе керек. Мен так ушунтип эле ойлойм. Эгер кытайлар Кызыл-Омполго кен кызууга келсе, алар өз билгенин жасап, алчусун алып, талкалачусун талкалап, баарынын аягына чыгат.
Министрлер кабинетинин башчысынын “мындай кылууга болбойт” дегенин угуп да койбойт, “биз акчасын төлөгөнбүз, ары тур” деп коюшат. Алар ушундай кыларына мен ишенем, себеби, кытайлар Бишкекке келип, “Жунхай”, “Шанхай” атуу базарларын, дүкөндөрүн ачып, автозаправкаларын иштетип жатышат. Зор мүмкүнчүлүгү бар немелер кен казууда жер көчкү жүрүп кетеби, жогорку чыңалуудагы электр линиялары кулайбы, Орто-Токой суу сактагычы жарылып кетип, Сары Өзөн Чүйдү сел каптайбы – аны алар эсепке алышпайт.
Ушул жерден илгерки бир олуянын айткан сөзүн ар бир кыргыз унутпай эстеп жүрүшү керек. Суу сактагыч жөнүндө кыргыз элинде укмак турсун түшүнүгү жок кезде 250 жыл мурун Бай уулу Калыгул окуя “Орто-Токой көл болот, көл аягы сел болот” деп айткан. Демек, олуянын “көл аягы сел болот” дегени жакындап келаткан экен да! Азыркы Балыкчы шаары орун алган жер какыраган кара таш, как эткен карга жок, жарым чөл болуп жаткан. Калыгул олуя жол жүрүп келатып заара ушатуу үчүн аттан түшүп, “кокуй, кокуй!” деп дароо атына миниптир. “Бул жер ачка келип тоюнган, арык келип семирген, жарды келип байыган касиеттүү шаар болот экен” дептир.
Ошондуктан, эгер Дүйшөнбек Камчыбековдун айткан сунушу четке кагылып, Кызыл-Омполдон кен казуу ишке кирсе, жердин алдындагы уулуу заттардын баары чаң-тозоң менен асманга көтөрүлүп, абага тарап, Мидин айткан Балыкчынын таш учурган шамалы Боом капчыгайынан тынымсыз күндүр-түндүр согуп турган желаргы аркылуу жер-сууну бүт каптайт да, Ысык-Көл ойдуңунда жашоо-тиричилик токтойт деп чекит коюп, мен – Муканскиф Усубакунов баса көрсөтүп эле айтам. Анткени артымда балдарым, неберелерим, жээндерим, ага-туугандарым турат!
Муканскиф Усубакунов, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Сары-Камыш айылы, Кан Кошой көчөсү №19
Тел.: 0704-42-81-31
"Азия Ньюс" гезити