Октябрь РИИБни жетектөөгө Эмирлан Зарылбек уулунун акысы калган жокпу?

Октябрь РИИБ начальниги болгону Эмирлан Зарылбек уулунун артыкчылыктарын көрө элекпиз. Тескерисинче, дайыма артынан чуулгандуу кептер козуп келет. Айталы, убагында ГУУРда иштеп жүрүп, Кой-Таш окуясында күнөөсүз жарандарды аёосуз сабап, каргышка калганын кантебиз? Бул иштер кийин көтөрүлдү го? Зөөкүрлүгү үчүн андагы президент Сооронбай Жээнбековдон сыйлык алганы белгилүү. Жамандык кылсаң акыры кайтат, сабыр кыла туралы.
Аныгында Эмирлан Зарылбек уулунун билим деңгээли анчейин эмес. Оргу-баргы сымал. Октябрь РИИБни жетектегенден бери кол астындагы 15тей кызматкери паракорчулук, коррупция, бир катар кылмыштардын айынан камалышты. Жакында эле бөлүм башчысы жана эки опери кошоктошо кармалышты. Баягы эле опузалап акча талап кылуу менен. Мындай көрүнүштөн соң, Эмирлан Зарылбек уулу мыйзам алдында, моралдык жактан да ээлеп отурган ордуна татыктуу эмес. Кызматтан токтоосуз түрдө кетиши керек эле. “Балык башынан сасыйт” деп бекер айтылбагандыр.
Эске салсак, буга чейин Эмирлан Зарылбек уулунун бир тууган иниси 1,1 кг героин менен УКМК жасоолдоруна кармалып, 13 жылга эркинен ажырап, бирок кайра жогорку инстанциялардан жарым-жартылай жазасын алып, эркиндикке чыгып кеткени кабарланган. Ошондо да кызматынан кетпей, тырмышып отуруп сакталып калганын билебиз. Натыйжада, андай деле кыйын кадр эмес, болгону “таанышың барда танкасың” дегендей ишаратта жан сактап жүргөнү байкалат...
Ошентип, өткөн айдын соңунда Октябрь РИИБнин үч кызматкери УКМК тарабынан колго түшүп отурат. Эмирлан Зарылбек уулу таза иштегенде мындай факты катталбайт эле. ИИМге тескери сөз тийгизүүдө. Ыңгайсыздык жаратып бүттү. Айтор, эртеби-кечпи кылган иштерине жараша жоопкерчилиги каралары, баа берилери айныксыз экенин эскертмекчибиз.
"Азия Ньюс" гезити