Исаев премьер-министр, Жээнбеков башкы прокурор, Молдокматов Бишкек мэри... Башкаларчы?

Оппозиция биригип, күч ала баштаганда көз алдыга кооптуу көрүнүштөр элестейт эмеспи. Үч жолку төңкөрүш бекер жерден болдубу? Баягы эле саясатчылардын келишпестиги курчуй берип, аягы араздашууларга, аласалдырмайга жетерин эскертели. Бири-бирин кубалашып, же камап, кайра реванш алуу оюндарын кайталаганда не? Андан көрө эки жээк ийри отуруп, түз кеңешүү таризинде кызмат бөлүштүрүп алышпайбы? “Эл” деп төш кагабыз, бирок түпкүрдөгү мүдөө креслого барып такалат эй! Эмесе, биз болжолдуу картинаны тартууга аракет жасайлы.
Канатбек Исаев – премьер-министр;
Бекболот Талгарбеков – вице-премьер-министр;
Равшан Жээнбеков – башкы прокурор;
Жеңиш Молдокматов – Бишкек шаарынын мэри;
Бектур Асанов – өзгөчө кырдаалдар министри;
Кубанычбек Кадыров – эсеп палатасынын төрагасы;
Ал эми Исмаил Исаков, Мамбетжунус Абылов жана Кеңешбек Дүйшөбаев сыяктуу аксакалдарыбызга бирден элчиликти карматып, “эс алдырууга” жөнөтүшсө, эмнеге жарашпасын? Ошого катар башка оппозициялык саясатчыларга, бейөкмөтчүлөргө, активисттерге деле кызматтар жетет. Сөзсүз эле министрликтер болбосо да, орун басарлык ж.б. тийешелүү тармактар чечилсе керек. Ошондо “кой-короо аман, карышкырга жем жок” дегендей, кылчайнашууга барышпай, ынтымактуу маанайда бири-биринин жөндөмүн, дараметтерин сынап жата беришсин. Ортодон эл да эзилбей, курал болбой тынчтыкта жашашмак да, туурабы? А болбосо күзгө карай митинг, нааразычылык акциялар башталарын алдыртан айта беришип, жүрөк үшүн козгой берүү оңойбу? Өзгөчө бийликтегилерге ачуу коңгуроо да...
Кызыгы, бийликке кимдер келбесин, карапайым калктын жашоосу өзгөрүлмөк беле? Баягы эле “өгүз өлбө, араба сынба” жашоо уланмакчы...
"Азия Ньюс" гезити