Ошто жергиликтүү бийлик алсыз, ал эми нааразы күчтөрчү?..

Саресеп сала турган убакыт келди окшойт. Эмесе артка кылчайып көрөлү. 2010-жылы 7-апрелдеги төңкөрүштөн кийин Ошто туруктуулук сакталбай, оош-кыйыш көрүнүштөр байкала калып турган. Ошондой кезеңде Ош ОИИБге Сүйүн Өмүрзаков дайындалып, кыска убакытта каршылык көрсөткөн саясатчыларды катуу кысып, коомчулукка тартипти орноткон. Бир муштумга кармагандай бурап, коопсуздукту алдын ала камсыздаганы эсибизде.
Ал эми Оштогу азыркы жетекчилер тобокелчиликке баруудан айбыгышат. Көбү элге алынган жок. Эптеп эле күн өткөрүп жүрүшкөндөй. Губернатор Элчибек Жантаев “сен мага тийбе, мен сага” дегендей жан багып, кургак пиар менен алек. Мэр Бакыт Жетигенов өзүнүн милдетин аткарып, саясый оюндар менен булгангысы келбейт. Ош ОИИБ башчысы Нурланбек Бурканов жаңы дайындалып, билим, тажрыйбасы дагы чектелүү. Баткендин диалектиси менен сүйлөбөй, адабий тилди үйрөнүп албайбы? А ШИИБ начальниги Марлис Асанов качан которулуп кетерин санап, эки анжы абалдабы? Шаардык же облпрокурорду, УКМК башчысынын аракеттерин деле укпайбыз. Ушундай. Аныгында, эл менен жакын кызматташа турган абройлуу кадрларды деле көрө албай келебиз.
Ошол эле кезде Ошто бийликке нааразы болгон саясатчылардын сабы узун. Электораты арбын айрым лидерлерди атайлы. Адахан Мадумаров, Искендер Матраимов, Алтынбек Сулайманов, Ахматбек Келдибеков, Айтмамат Кадырбаев, Мелис Мырзакматов, Курсан Асанов, Шайлообек Атазов ж.б. Көмүскөдө бугуп жаткан күчтөрдү көбүнчө этибар албайбыз. Жергиликтүү бийлик дайыма жогору жакка жымсалдап, жалган маалыматтарды берип келчү эле го? “Баары жакшы, көзөмөлдөйбүз” дегендей окшош обондорду созушуп, саймедирей беришет. А реалдуу элдин ичиндеги маанай кандай өнүгүүдө?
Өткөн аптада кемпирабадчылардын айрым жактоочулары үн чыгарып коюшту эле, дароо “кулактар” элейе түштү окшойт. А чындыгында каршы жээктеги лөктөр козголо элек болсо, бийлик жергиликтүү жетекчилери менен эмнени ойлоп жатты экен? Саясат сымап сымал ары-бери жылып, кылтылдап турат да. Ичтен чыңалуу жокпу? Так кесе айта албайбыз. Эң башкысы, өлкөбүздө туруктуулук сакталсын!