Кыңыр иштүү ИИМдин “ийри кадрлары” карьералык секирик жасашты. Кандай дейсиз?


Эмесе, ИИМдеги соңку жаңылыктарга учкай токтололу. Өзгөрүүлөр жасалышы парз. Бирок... Таасирдүү, жооптуу кызматтарга арты таза, ак иштеген кадрлар дайындалышы шарт. Тилекке каршы, бу саам айрым кайгылуу көрүнүштөргө айыпталган, шектүү полковниктер секирик жасап отурушат. Эрксизден баш чайкайсың.
Айтылуу Данияр Абдыкаровдун өкүл баласы Марлис Асанов Таластан орун которуп, Ош ШИИБ начальниги болду. Убагында чырактай кыз Бурулайдын өлүмүнө айыпталып, шалаакылык кылганы үчүн кызматтан кеткен. Артынан көп сөз ээрчиткенине карабай, кызматтык карьерасын тездик менен жасап баратат. Анчалык деле билимдүү эмес, тек гана жол тапкычтыгы, таянган “тоолору” бийик экенине жараша өсүү жолунда. Бирок, Ош ШИИБнин өздүк курамы толук кандуу кабыл албай, айдап жолго салсачы? Эмитен эле “көчкүдөй” кеп кетти...
Талас ОИИБ жетекчилигине барган Азамат Токтоналиев да жөн жүрбөгөн пенде. Дача-СУ кырсыгынан кийин кыңыр ишке аралашып жаза басса, “Дөө Чыңгызды” кармап, пара алууга барганбы? Өмүр бою милицияда иштеп жүрүп, байлыгы ашып-ташыганын кайда жашырат? Квартира, ховалары ж.б. мүлктөрү арбын. Терс каарман катары убагында ээрден ооп, жөө калган учурлары да болгон. Бирок “калтасына” жараша көтөрүлгөндү өздөштүрүп, бийиктикке умтулганын кантесиңер? Артын жамап-жазгаса да окшошпой, коррупцияга шектелгени ырасталабы? Эстесең эле “бур-р” дей түшөт эй...
Бишкек ШИИБнин кылмыш иликтөө башкармалыгынан ГУУРдун орун басарлыгына дайындалган Улан Айтбаев чөнтөк уурулар менен күрөшө албаганы, сойкулук жайларды тыйбаганы, өз милдетин ак ниеттикте аткарбаганын кантебиз? Айзаданын өлүмүнө кайдыгер карап, шалаакылык кылганы сын-пикирлерди курчуткан. Бир кезде Октябрь РИИБде орун басар болуп, иштеп кеткенин эске салалы, жасалма кылмыш иштери боюнча прокуратура тарабынан 25 кылмыш ишинин козголгонун кандайча чечмелейбиз? Аныгында, башкалаадан сынга кабылып, жыргатпаган чала кадр УКТлар менен кандай күрөшөрүн элестете албайбыз.
Эмирлан Зарылбек уулу Октябрь РИИБ начальнигине конуп калды. Туй ата! Мунун да артындагы ызы-чуусу кокодон келет. ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында иштеп жүрүп, Кой-Таш окуясында саясый буйрук аткарып, чоңдорго жагуу үчүн жарандарга кордук көрсөтүп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы кечирилеби? Гестапонун жасоолундай эле кыйноолорду кылганы үчүн Сооронбай Жээнбековдон мамлекеттик деңгээлдеги жогорку сыйлык алып, эски бийликтин эркеталтаңына айланганы жалганбы? Андан аркысына тереңдебей туралы...
Кыскасы, ич жылытпаган “ийри адистердин” доору өкүм сүрүүдө. Натыйжада, өткөн чактарына дагы саресеп салуу менен алдыга карай жасаган ишмердиктерине баа бермекчибиз. Эгерде эл үчүн эрдик жасашса, алкайлы! Реалдуулук үчүн. Бирок жакшылыктан үмүт аздай сезилет...
"Азия Ньюс" гезити











