Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жамин Акималиев: “Министр Аскарбек Жаныбеков иш кылбай эле интрига менен алектенип, сын айткандардын артынан түшүп алды”

Жамин Акималиев: “Министр Аскарбек Жаныбеков иш кылбай эле интрига менен алектенип, сын айткандардын артынан түшүп алды”

13-март, 22:00
718 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз илимий изилдөө дыйканчылык институтунун директору, академик менен маек.

-- Жамин ага, айтсаңыз, азык-түлүк коопсуздугуна кирген продуктылардын канчасы менен өзүбүз камсыздай алабыз?

-- Азык-түлүк коопсуздугу 9 тамак-аштан турат. Алар: нан, кумшекер, өсүмдүк майы, картошка, жашылча, жер-жемиштер, эт, сүт жана жумуртка. Алардын үчөө менен гана (сүт, картошка, жашылча) өзүбүздү өзүбүз камсыз кылабыз. Ал эми калган алтысын сырттан алып келебиз. Чет мамлекеттерден импорт катары алынып келинген тамак-аштын көлөмү муктаждыгыбыздын 75 пайызын түзөт. Ушул кантип болсун? Бул деген акылга сыйбаган иш да? 

-- Эмнеге?

-- Себеби, Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри болуп иштеген бир жыл өзгөчө жаман болду. 2021-жылы кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү эки эсе төмөндөп кетти. Бизге бир миллион тонна буудай керек болсо, былтыр 300 миң тонна гана өндүрдүк. Сөзсүз бул жерде кургакчылыктын таасири тийбей койгон жок. Бирок айыл чарба министри ачуу кыйкырык, куру убада, кереги жок жыйналыш, көптөгөн кагаз менен буйрук жана пиар-шоу менен алек болбой, өндүрүшкө көңүл бурганда, биз түзүк эле көрсөткүчтөргө жетмекбиз. Ушундан улам “11 миңден ашык адис же болбосо өзүнчө эле бир армия иштеген айыл чарба министрлиги жөн эле текей оттоп отурганбы?” деген суроо туулат.

-- Кечиресиз, “кургакчылык” деп кеттиңиз, биз Орто-Токой суу сактагычын колдонбой калганбызбы?

-- Туура айтасың, башкасын айтпасак да жарым миллиард кубометр суу топтолгон Орто-Токой суу сактагычы турганда эмне үчүн биз Сары Өзөн Чүйдү кургакчылыкка каптаттык? Биздин тарыхыбызда мындай өкүнүчтүү окуя эч убакта болгон эмес. Демек, айыл чарба министрлигинин жетекчилиги колубузда турган сууну натыйжалуу пайдалана алган эмес. Аны максатка ылайык бөлүштүргөн жок. Алтындан артык суубузду көзөмөлдөй алышпай, аны коромжуга учуратышты. Мынчалык деңгээлдеги жоопкерсиздикке министрлик түздөн-түз күүнөлүү. Туура, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылбагандыгы үчүн президентибиз айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго сөгүш берди. Бирок андан кийин деле иш оңолбой жатпайбы? 

-- Айыл чарбага бир канча миллиарддаган каражат бөлүнүп атканын угабыз. Алар кайда кетип атат?

-- Быйылкы жылы мамлекет тарабынан айыл чарба тармагына болуп көрбөгөндөй каражат бөлүндү, анын өлчөмү 26 миллиард сом. Эми ушундай эбегейсиз сумманы айыл чарба министрилиги тезирээк дыйкандарга жеткириши керек эле. Жаз келип, ал түштүктө кызуу жүрүп жатат. Чүй өрөөнүндө дагы талаа жумуштары башталды. Бирок, жер-жерлерге дагы деле жеңилдетилген насыя акчалар жете элек. Күйүүчү май, жер семирткичтер жана үрөн аябай кымбат. 1,5 миллиард сомго сатылып алынган 16 миң тонна урук качан келет? “Темирди кызуусунда чап” деген кеп бар. Анын сыңарыңдай, үрөн өз убагында келбесе, анын кимге кереги бар? Эгерде айыл чарба министри Жаныбеков жакшы иштесе, быйыл деле элибизди нан, кумшекер, өсүмдүк майы менен камсыз кылууга толук мүмкүчүлүгүбүз бар. Ал үчүн буудайдын аянтын 350 миң гектарга, кант кызылчасын 20 миң гектарга жана күнкарама менен фасолду 50 миң гектарга жеткиришибиз керек. Мамлекетибиз көрсөтүп жаткан орчундуу жардамды пайдаланып, талааларыбызды такыр калтырбай, 1 миллион 200 миң гектар айдоо жерибизди толугу менен өздөштүрүүбүз зарыл. Же былтыркыдай болуп 45 миң гектар аянтты кысыр калтырабызбы? Мындай коркунучтар көп. Анткени, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков иш кылбай эле интрига, кадрларды алмаштыруу, ар кандай комиссия түзүү, сын-пикир айткандардын артынан түшүп кубалоо менен эле алек болуп калды. Кыскасын айтканда, министрдин көзүн май басып, өндүрүштүн эмне экенин көрбөй калды. Эгер ал мындан ары дагы ишин уланта берсе, анда президент Садыр Жапаровдун айыл чарбасын көтөрүү боюнча жасап жаткан зор эмгеги талаага кетиши мүмкүн. Буга биз жол бербешибиз керек!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер