Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мариям эженин улуулугуна таазим этем

Мариям эженин улуулугуна таазим этем

26-апрель, 04:39
733 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Акыл деген алтын таажы асыл жанга жарашкан” дегендей, Мариям эже жөнүндө канча айтсаң да жарашат. Адамга болгон мамилеси, үй-жай күткөнү, бала күткөнү, жар күткөнү, конок күткөнү, дос күткөнү деп аялзатына, дегеле адам баласына тийешелүү касиеттерди айта берсек ар кадамы үлгү. Качан, кандай суроо менен кайрылба, кош колдоп тосуп алганы тосуп алган.

Мындан бир аз күн мурда Мариям эжекем менен телефондон сүйлөшүп калдым. Сөз арасында “Ак” ырлар жыйнагыңды кызыгуу менен окуп жатам, жакшы жазылыптыр” деди. Биз жөнүндө бир журналист жигит кичине телеберүү тартмакчы болуп жаткан. Ал мага “өзүң жөнүндө сүйлөгөн бирөө-жарымды ээрчите келсең жакшы болот эле” деген. “Мен жөнүндө сүйлөп бересиңби?” деп кимге айтам? Билбейм, башкаларга кандай, мага кыйын эле болду. Эч кимге айтпай, эки күндү өткөрүп жибердим. Акыры “кой, тартылбай эле коёюн” деген деген ойго келдим. Эжем ошенткенде айтсамбы-айтпасамбы деп ойлонуп, не болсо да бир айтып көрөйүнчү деп айттым. “Барам. Кайсы жерге барайын?” дебеспи. 

Съемка кеч башталды, мен болсо бир ашыкча мүнөтү жок эжемди ойлоп кыйпычыктайм. Оор басырыктуу эжем акырын лекциясын башка убакытка жылдырып койду телефон менен эле. Анысы аз келгенсип, съемка бүткөндөн кийин ошол жерде жүргөн баарыбызды “эми балдар, жүргүлө, бүгүнкү жакшы күндү белгилеп, чай-пай ичип олтуралы” деп чайга чакырып калды. Көңүл... Ооба, баарынан адамдын көңүлү кымбат. Эжемдин улуулугуна дагы бир жолу таазим этип турдум...

Философия илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, түрк тилдүү өлкөлөрдүн эл аралык философия ассоциациясынын мүчөсү, көптөгөн илимий эмгектери менен даңкталган кыргыздын чыгаан кыздарынын бири Мариям ЭДИЛОВА эже үй-бүлөнүн бактысын изилдеген илимпоз гана эмес, анын кандай болушу керек экендигин турмушта да көрсөтө алган даанышман аялзаты. Өмүрлүк жолдошу Жолборс ЖОРОБЕКОВ агай да илимге, билимге кызмат кылып, элдин жүгүн аркалай алган адам.

Жолборс Жоробеков агай саясат таануу илиминин доктору болсо, Мариям эже философия илиминин доктору. Жолборс аке учурунда Жогорку Кеңешке депутат болуп, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеген. Учурда жубайы экөө тең турмуштан жыйнаган мол тажрыйбасы менен илимин кийинки муунга үйрөтүп, студенттерге сабак берип, эмгектенип келишет. Эженин ушунча жыл тынбай элине кызмат кылган эмгегинин акыбети кайтып, өстүргөн дарагы мөмөсүн көтөрө албай, шагы ийилип турган учуру. 

Торколуу тоюңуз кут болсун, Мариям эже!


Динара Бейшеналиева, акын 

"Азия Ньюс" гезити 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер