Акыркы кабарлар
» Саясат » Казакстанда ОПГга башкача мамиле. А биз сотторго шылтайбыз, мышык-чычкан ойногондой...
Казакстанда ОПГга башкача мамиле. А биз сотторго шылтайбыз, мышык-чычкан ойногондой...
17-октябрь, 09:00

Ооба, булардыкы эл аралык ЖМКларга чейин угулду. Казакстанда ОПГларга каршы күрөш жүрүп, аз убакыттын ичинде эле 78 адамды камакка алды. Күч органдары жогорку деңгээлде иштешерин көрсөтүштү. Аларда кармалдыбы, чыгарбайт, жазасын беришет экен. Алыс эмес, кошуна өлкөдө ушундай. А биздечи? Уюшкан кылмыштуу топторго каршы УКМК күрөшүп атат, лидерлери кармалууда. Бирок кайрадан эле айрымдары эркиндикте жүрүшкөнүн кантебиз? Мисалы, Касенов, “Алтуха” сыяктуу анабашчылары чыгып кетишкени кабарланды. Сот аркылуу. Эми ушинтип эле бири-бирине шылтай беришеби? Уюшкан кылмыштуулукка каршы укук коргоо органдарынын бирдиктүү саясаты жокпу? Же атайын эле “маски-шоу” сыяктуу кыргызча мышык-чычкан оюнубу? Айтор, кандай жыйынтык чыгарарыңды да билбейсиң... "Азия Ньюс" гезити











