Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ата журттун улуттук идеологиясы

Ата журттун улуттук идеологиясы

04-июнь, 09:00
510 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Мазмундук негиздер жана өзөктүү багыттар. Автордук долбоор)

(Уландысы. Башы гезиттин өткөн сандарында)

15. Эне тил – улуттун согуп турган жүрөгү

Кыргыз эли байыртан сөз күтүп, кеп баккан, сөзмөрлүк, чечендик өнөрдү жогору баалаган калк. Ак мөңгүлүү Ала-Тоо “өнөр алды – кызыл тилдин” мекени болуп келген. Сөздү мончоктой тизип, куюлуштуруп көркөм сүйлөгөн, сөзү угумдуу, кеби жугумдуу, оюн ташка тамга баскандай таамай айткан адамдар эл ичинде кадыр-барк күтүп, даңкталган.

Кыргыздын сөз өнөрү жөнүндө алгачкы манастаануучу Василий Радлов мындай деп жазган: “Кыргыздар эч буйдалбастан, токтоосуз шар сүйлөшөт. Алар оюн ачык, так айта билишет. Сүйлөгөндө сөздөрүндө белгилүү деңгээлде кооздук сезилип турат. Угармандар аны рахаттанып угушуп, орундуу айтылган сөздү баалай да билишет. Чечендер сүйлөгөндө укмуштуудай тынчтык өкүм сурүп, угуучулардын көздөрү жайнап, демин ичине алып отуруп угушат”. Биздин кечээки ата-бабаларыбыздын тилдик маданияты ушундай болгон.

Кыргыздын кеп устачылыгы, чечен сөзү жөнөкөй гана кооз сөздөрдүн тизмеги эмес. “Арканды узун таштап сүйлөнгөн, ою терең, чабыты кенен, ажат ачкан, чындыктын көзүн тапкан, бутага таамай тийген, курч, кыска-нуска, макалдатып, мисалдатып жорго сөз менен айтылган чечендик, сөзмөрлүк “тили буудай кууруган”, “таңдайынан чаң чыккан”, капилеттен сөз тапкан, караңгыда көз тапкан” тил өнөрү өзүнчө бир керемет.

Суроо туулат: бүгүн биз байыртан түптөлгөн эне тилибиздин сөз байлыктарын ата-бабалар пайдалангандай пайдаланып жатабызбы, сөзмөрлүк, чечендик өнөрүбүздү ата-бабаларыбыз өнүктүргөндөй өнүктүрүп жатабызбы? Карагылачы, мынабу төмөндөгү сөздөр эмне деген сөздөр? Эмне деген сүйлөмдөр? Телевизордон бир мамлекеттик чоң чиновник минтип сүйлөп турат: «Не­законно курулган уйлөр снос кылынат; самостоятельно иштеп атат; ушундай бир случай болду; организацияга рахмат айтабыз; МЧС министерствосу; лично звонок кылдым; продукты питания түгөндүу; андайлар уже жок; обход­ной жолдорду жасайбыз; экономикабыз не прозрачный; дополнительный доход; ошондой тенденция болуп атат; риск көбөйүп атат; инициатива кылып...».

Мындай “стилде” сүйлөгөндөрдүн катары кийинки кезде көбөйүп жаткандыгы өкүнүчтүү. Ырас, “эл ичи – алтын бешик” дегендей, журтубуздун ичинде таланттуу сөзмөрлөрүбүз, чечендерибиз бар. Тилдик көрөңгөбүз кантсе да сакталып турат. Ошентсе да кийинки кездерде сөзмөрлүк, чечендик өнөрүбүз көрүнөө эле бөксөрүп бараткандыгын жашыра албайбыз. Улуу эпосубуз “Манас” баш болгон оозеки жана профессионал көркөм адабиятыбызды сөз маданиятын өнүктүрүү үчүн, ата-бабаларыбыздын кэчөөкү сөзмөрлүк, чечендик искусствосун кайра кабылына келтирүү үчүн тилдик тарбияга мобилизациялоо керек. Адабиятыбызды нравалык-эстетикалык максат үчүн гана эмес тил өнөрүн, сөз байлыгын, кеп чеберчилигин үйрөнүү үчүн да пайдалануу зарыл. Кыргыз тилинин кору, дандын кызылындай сан жеткис сөз байлыгы, лексикалык, фразеологиялык каймагы, түгөнгүс асыл-берметтери ушул “Манасыбызда”, адабиятыбызда. Адабият – кыргыз тилинин храмы. Бүгүнкү муундар ушул храмга кирип, тил мектебинен өтүүгө тийиш.

Кыскартып айтканда, жарандарыбызда, муундарыбызда тилдик патриотизмди, тилдик өзүн өзү аңдап түшүнүүнү, өз эне тили менен сыймыктануу сезимин тарбиялоону бардык чаралар менен күчөтүү керек. Ата-бабаларыбыздын сөзмөрлүк, чечендик өнөрүнө кайтышыбыз зарыл. Үй-бүлөдө, бала бакчаларда, мектептерде, колледждерде, жогорку окуу жайларында сөз маданиятына, сабаттуу жазууга, сабаттуу таза сүйлөөгө балдарды машыктыруу талап кылынат. Илгеркилердин “Кепке кемтик, сөзгө сөлтүк” болбо, “Көпкөн жигит көп сүйлөйт, чечен жигит эп сүйлөйт”, “Жаман киши каап айтат, жакшы киши таап айтат”. “Сөздү учурунда айтпаса, сөздүн атасы өлөт” деп балдарына айткан нускалары дайыма эсибизде турсун.

Эгерде калк башчылары мамлекеттин күчүн, ресурстарын толугу менен пайдаланып, өз эл-журту менен бирдикте эне тил үчүн тикесинен тик туруп, уюштуруучулук иштерди бийик деңгээлде жүргүзүп, мамлекеттик тилдин учурдагы муктаждыктарына жана перспективалуу маселелерине көңүл буруп, тил көчүнүн башында даанышмандык менен туруп беришсе, төмөнтөн түрүлө кайнап чыккан элдик умтулуу менен өйдөкү бийлик тарабынан чыккан атуулдук демилге кошулуп, улуу кыйыл жаралса, анда кыргыз тилинин келечеги кең жана түбөлүктүү болоруна эч кандай шек жок. Бүгүнкү глобалдашуу заманында эне тил идеологиясы – улуттук тагдырыбыздын иши.

Улуттун улут экенин билгизген башкы көрсөткүч – эне тил. Кыргыз тилибиз – улутубуздун жүрөгү. Кан тамырында жүгүрүп, көөдөнүндө согуп турган эне тилинин жүрөгү токтосо – улут улут катары жашоосун токтотот. Эне тилин жоготкон, унуткан адам – тирүү өлүк, маңкурт, экономикалык макулук. «Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт» (Байдылда), «Тилиңди бурба» деген насаат ата-бабалардын муундарга айткан биринчи насааты болгон. Демек, түп маанини туюнсак, эне тилибиз ар бир алатоолук атуулдун ар-намысы, сыймыгы, жашоосунун маңызы, дүйнөгө көрсөтө турган «улуттук паспорту» (Э.Ибраев). «Күчтүүбүз Ата журттун кучагында, калкымдын уюткулуу дили менен, /биз элбиз, биз инсанбыз, биз улутпус, алатоолук кыргыздын тили менен!» Дал ушундай философияны, улуттук идеяны бекем тутунуп жашаган, мамлекеттик тилдин кызматы үчүн тикесинен тик турган намыскөй атуулдарды өстүрүп чыгаруу мүдөөсү тарбия ишинин өзөгүн аныктап, ар дайым активдүү аракетте турса, анда мындай менталдуулук – республикабыздын дүйнөлүк цивилизация көчүнө өз жүзүн сактап кошулушунун өбөлгөсү болмок. 


16. Илим-билим – мамлекеттин коопсуздугунун гаранты

Илим-билим адамга, улутка кут алып келе турган улуу мүлк. Адам жашоосундагы илим-билимдин ролуна калк акылмандыгы илгертен терең баа бере келген. "Билимдүүгө дүйнө жарык, билимсизге дүйнө караңгы", "Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат", "Илим – окуу булагы, билим - өмүр чырагы", "Билимдүү болсоң озоорсуң, билимсиз болсоң тозоорсуң", "Билими бар ар балаадан кутулат, билими жок миң балаага тутулат", "Акыл деңизден терең, билим тоодон бийик" деген өңдүү маңызы терең макалдар багыт көрсөткөн баа жеткис нарктар.

Билим берүү деген адамга жалаң эле маалымат берүү, аны адистикке, кесипке, ремеслого үйрөтүү эмес. Билим берүүгө кеңири планда кароо керек. Бүгүнкү билим берүүнүн дүйнөлүк философиясы билим берүүгө адамзаттын прогрессивдүү гуманисттик идеалдарынын туусу астында социумду маданий, рухий, нравалык, экономикалык жактан, кесиптик жактан өркүндөтүүнүн куралы, жаңы этиканы, жаңы менталитетти калыптандыруунун, коомдун ичинде биримдикти жана гармонияны орнотуунун, экологиялык кыяматты жана рухий деградацияны, адамдык ыймандык асыл нарктардын деформациясын токтотуунун, дүйнө калктарынын арасына достуктун көпүрөсүн салуунун кудуреттүү, таасирдүү аспабы катары чоң масштаб менен карап отурат. Чындыгында эле улуттун билим берүү доктринасы жана концепциясы, программасы ушундай кеңи­ри көз караштык позицияга жана философияга негизделип курулганы ылайык. Кыргызстандын би­лим берүүсү улуттун рухий адеп-ахлактык, экономикалык, маданий, экологиялык, саламатчылыгын, генофондун оңдоонун, чыңдоонун, өркүндөтүүнүн инструменти катары түзүлүүгө жана аракеттенүүгө тийиш. Эгемендүү республикабыздын билим берүү стратегиясынын аксиологиялык баалуулугу ушунда.

Адам жаратуу (созидание личности) – билим берүүнүн башкы мүдөөсү. Ушул өңүттөн караганда, мектептеги жана ЖОЖдогу мугалим, педагог – бул жөнөкөй гана сабак берүүчү (урокодатель), кесипке үйрөтүүчү предметник, ремесленник, педагогикалык процесстеги аткаруучу-функционер эмес, ал тарых, коом менен урпактын ортосундагы байланыштыруучу көпүрө, мезгилдердин жана муундардын ортосундагы өтмө катыштыкты камсыз кылуучу, жаш адамдын дене саламатчылыгы, рухий жана интеллектуалдык “ден соолугу”, кесиптик кадистиги үчүн жооп берүүчү рухий жетекчи, ойчул данышман. Коомдо мугалимдин статусу өтө бийик болуш керек.

Илимий-техникалык прогресстин заманында дүйнөнүн мектептеринде жана жогорку окуу жайларында, бүгүнкү күндө бир тенденция пайда болду. Бул – билим берүүнүн утилитардык, прагматикалык мүнөзү. Жаш адам кандай адис болот, конкуренцияга жөндөмдүү боло алабы, өндүрүштө өзүнүн профессионалдык функциясын жана социалдык ролун кантип аткарат, ийгиликке кантип жетиши керек, кантип машинаны башкарат, өзүнүн экономикалык-финансалык жыргалчылыгын кантип камсыз кылат, өзүнө материалдык комфортту кантип түзөт? Окуу жайлар мына ушул маселе менен көбүрөөк алек. Бир сөз менен айтканда, технократизм өзүнө кеңири жол салууда. Мындай тенденциядан Кыргызстандын окутуу системасы да оолак эмес. Бул туура деңизчи, бирок…

Макул, киши өз бетинче мыкты адис болсун, модалуу кесиптин ээси болсун, мейли генетик, кибернетик, космонавт болсун, мейли жапжаш илимдин док­тору болсун, мейли компьютердин тилин беш колундай билген шумдук киши болсун, эгерде анын илим-билимдүүлүгү, профессионализми аруу адамдык касиеттер, ички руханий маданият, улуттук нарк менен журулушпаган болсо, анда ал бар болгону, билимдүү социалдык макулук. Ошон үчүн кыргыздын элдик макалы "Билимдүү болуш оңой, адам болуш кыйын", "Адептүүлүк – адамдын көркү" деп бекеринен сүйлөп турбаса керек. Айтмакчы, турмуш практикасынан канчалаган жогорку билимдүү коррупционерлерди, криминал-авторитеттерди, дипломдуу жалданма киши өлтүргүчтөрдү, мансапкорлорду, галстукчан “орозкулдарды” ата-энесин карылар үйүнө таштаган “билимдүү адистерди” көрүп жатабыз. Демек, дипломдуу болуу автоматтык түрдө адам болуп калды деген сөз эмес экен.

Билим берүү математикти гана эмес, нарктуу математик адамды, инженерди эле эмес, нарктуу инженер адамды, билимдүүнү гана эмес, билимдүү нарктуу адамды калыптандырып чыгара алса гана өзүнүн окуу-тарбиялык, гуманисттик функциясын аткарган болот.

Ал эми адам-адисти калыптандыруу, кесип менен рухтун синтезин түзүү, улуттук казынадагы этномаданий нарктарды жана жалпы адамзаттын арсеналындагы орток маданиятты жан дүйнөгө сиңирүүсүз мүмкүн эмес. Демек, билим берүү системасынын девизи "Маданият аркылуу билим берүү" (обра­зование через культуры) деген акыл даанышмандыгы болгондугу мүдөөгө ылайык келет. 

Азыркы учурда дүйнөнүн өлкөлөрүндө илим-билим берүү өнүгүүнүн локомотиви катары гана эмес, мамлекеттин, улуттун коопсуздугунун фактору, гаран­ты катары да каралып жатат. Биз буга муну кошумчалагыбыз келет. Кыргызстандын билим берүүсү өзүнүн “уясынан” атуул-патриотту, нарктуу адисти, теоретик-профессионалды, этникалык иденттүүлүктү калыптандырып чыгара алса гана улуттук коопсуздуктун гаранты катары чыга алат. Билимдүү маңкурт эч убакта өз Ата журтунун ишенимдүү тиреги боло албас.

Кыскасы, билим берүүнүн теориясына жана практикасына жаңыча кароо, рефомага жаңы сапат берүү, агартуу, илим-билим көчүнүн оогон жүгүн оңдоо, окутуу, тарбиялоо ишине жаңы им­пульс берүү күн тартибиндеги маселе. Дүйнөлүк цивилизациянын аркасында калган кечээ күнкү көчмөндүк, бүгүнкү жаш демократиялык Кыр­гызстан үчүн билим берүү эки эселенген өзгөчө мааниге ээ. Адамзаттын зуулдап кетип бараткан дүйнөлүк поездине билим берүү ар­кылуу гана отурмакчыбыз. Билим берүү илим-билим биздин улуттук идеологиябыз, сыйынган динибиз болуп калуусу абзел.


17. Ата-энени урматтоо – уулдун нарктуулугунун, кыздын барктуулугунун чен өлчөмү 

Очоктун ээси, үйдүн куту энеден артык жан барбы бу дүйнөдө! Дүйнөнүн 40ка жакын мамлекетинде энелер күнү белгиленип келет. АКШда энелер күнү мамлекеттик майрам катары майрамдалат. Кытайда ата-энени урматтоо мамлекеттик расмий идеологиянын маанилүү багыты катары эсептелет. Кыргызстанда 2012-жылдан бери энелер күнү жыл сайын май айында белгиленип келе жатат. Чын эле, дүйнөнүн башаты эне эмеспи. Төбөбүздөгү теңирден, көктөгү нур жаадырган күндөн, жер-энебизден кийинки эле жан жараткан экинчи Кудайыбыз ушул эне го! «Ыңаалап» жерге түшкөндөн кийин бооруна алып, эмчегин эмизип, ак сүтүн берип торолтконучу! Түн уйкусун үч бөлүп, үстүңдө көпөлөктөй айланып, кара жанын карч уруп, асырап-багып бутуңа тургузганычы! Андан кийин уул-кызга өмүр бою эненин жаны курман. Балдарым деп отко-сууга түшүүгө, алар үчүн садага чабылууга даяр турган чыныгы күйөрүң, азабыңа түтөр жан ушул эне го! Биздин илгерки ата-бабалар эненин мына ушундай айтып бүткүс улуу касиетин, өзгөчө табиятын, бөтөнчө мээнет-кызматын акылмандык менен жетик аңдап туюнгандыктарынан улам, өздөрүн апанын алдында түбөлүк милдеткер, өмүр бою карыздар сезишип, атүгүл ажал жетип, күн бүтүп, акыркы сапарга кетип жатып да, эненин ыйык ысымын оозанууну парзым деп эсептешкен. 

«Эне сүйүүсү күн шооласы сыяктуу болот», «Алтын-күмүштүн эскиси болбойт, ата-эненин баасы болбойт», «Дөөлөтүң – ата-энең», «Эне баскан жөжө өлбөйт», «Эне – соолбос булак». Ушул жерден баса белгилей турган нерсе, дегеле, кыргыз көчмөн цивилизациясы эненин статусун эң бийик чокуга койгондугу менен бөтөнчөлөнөт. Эненин кыргыздагы эң жогорку руханий статусун «Манас» эпосу да ырастайт. Эне – Манас баатыр үчүн да ыйык.

«Манаста» Чыйырды эненин баласы Манаска карата мээриминин чеги жок («Эркелетип энеси, аркалап жүрдү атасы»). Он эки жашка чыгып калса да, апасы Манасты «Боздон тоодак куткарбас, бозала шумкар Манасым, калкайган тоого токтобос, карала барчын Манасым, сөзү таттуу балдайым, сөөлөтү сонун айдайым!» деп уулуна эбедени эзилип турат. Манасы тентек болсо да эч убакта эч жерде осол мамиле жасабайт. Уулу үчүн отко, сууга түшүүгө даяр.

Психолог-педагогдор үй-бүлөдө ата-эненин мээримине бөлөнүп чоңойгон бала эч убакта ташбоор болбостугун жана ал чоңойгон кезде ата-энеси менен өзгөчө жакын, ысык мамиледе болорун, ата-энесине агынан жарылып ачылып турарын белгилешет. Мээрим мээримди жаратат. Буга ушул эле Чыйырды эне менен уулу Манастын ортосундагы жуурулушкан ысык мамилени мисал катары келтирүүгө болот.

Атагы таш жарган баатыр болуп, Таласта ажонун тагында отурган чагында да Манас Чыйырды энесин айланчыктап турат. Маселен, ал бир ирет Алмамбет менен келип, бир жагынан энесине эркелеп, экинчи жагынан достук үчүн ант кылып, Чыйырдынын эмчегин эмет. Муну көргөн атасы Жакыптын жылмайып күлүп турганы «Манаста» мындайча сүрөттөлөт:

«Отуздагы баласы,

Зоңкоюп эмчек эмди!» деп, 

Эми Жакып чал күлүп турганы».

Бир сөз менен айтканда, Манастын адам катары жаралышында энеси Чыйырдынын күндөй чачырап төгүлгөн мээриминин мааниси ченемсиз. Бала күнүнөн эне мээримине каныккан Манас тереңинде Чыйырдыга ыраазы. Ал апасынын эмгек-мээнетин жүрөгүнүн түпкүрүндө алдейлейт. Чыйырдыга Таласка атайылап Ак сарай салып бергенине караганда («Чыйырдынын Ак сарай, кеңдиги бар бир далай»), Манастын апасын төбөсүнө көтөрүп багып жаткандыгы байкалат. Манастын апасына болгон ак мамилеси – бул энени урматтоонун жогорку өрнөгү. Эгерде көзү тирүү болгондо Манас балким, Чыйырды энесинин ысымын ташка чектирип жаздырып, эстелик тургузат беле... Бирок тилекке каршы, Манастын элим жерим деп жүрүп, апасынан мурда көзү жумулуп кетти. Баса, айтмакчы, ажал тооруп, көзү жумулуп баратканда да, Манас Чыйырды апасын оозанып: “Өрүштөн кыркпа желемди, өксүтпө карган энемди” деп чогулуп келген туугандарына керээз кылат. Мунун өзү Манастын энесине болгон уулдук чексиз сүйүүсүнүн дагы бир айныгыс далили. 

Эгерде азыркы XXI кылымдын жана мындан аркы келечектин адамы кандай болуш керек? Алдыңкы адеп-ахлактуу инсандын моделин кандайча көз алдыга элестетсе болот?” деген собол коюлса, биз ага мындайча жооп берер элек. XXI кылымдын жана болочоктун адамы эне менен атаны пир тутуп, терең урматтаган инсан болуш керек. Ушул адамдык улуу сапат жаңы адамдын негизги моралдык касиеттеринин бири болушу лаазым. Ал Манас атадай ата-энени сыйлаган киши болушу зарыл. Мындай адамдык асыл касиетсиз дегеле, адамды ал канчалык билимдүү болсо да, адам болду деп айтышыбыз мүмкүн эмес. 

Улуу акын Нурмолдо «Асты бир киши жарыбайт, сыйынары болбосо» дейт. Туура айтылган ой. Тээ байыркы замандардан бери карай кыргыз элинин сыйынар нерсеси болуп келген. Кыргыз баласы эне-атаны ыйык көрүп, туу тутуп жашаган. Кыргыз ошон үчүн кыргыз да. Эне менен атаны урматтоосуз – кыргыз жок. Бул салт, бул сыйынар дөөлөт – кыргыздын руханий цивилизациясынын улуу көрсөткүчү, улутубуздун уңгулуу наркы. Биз ушул рух цивилизациябыздын салтында айкөл Манас атабыздын эне менен атага сыйынган улуу адептик-ыймандык өрнөгүн абийирдин мыйзамы катары тутунуп, аны кыйшаюусуз жетекчиликке алып жашоого тийишпиз. “Адам баласы канчалык ак, эне сүтүндөй таза, Алла Тааланын жолунан чыкпай адал эмгеги менен тер төгүп жашаса да, бу жалганда пенделик бардык милдетин түз аткарса да, эненин эмгегинен, энеге болгон парзынан кутула албайт. Эне өмүрдө эч нерсе менен алмаштырбай турган нерсе! Бул – дүйнөдө баасы жок, баа коюуга мүмкүн болбогон нерсе” (Сарт Аке).

Эне менен ата эгиз түшүнүктөр. Кыргыз социумунун ичинде бул түшүнүктөр эч убакта бири-биринен ажыратылып каралбайт. Кыргызда эне менен катар эле Ата түшүнүгүнүн статусу да өтө жогору. Буга кыргыз элинин «Ата – алтын түркүк», «Ата – аскалуу зоо», «Ата арбагы – ыйык», «Атанын сөзү – акылдын көзү», «Ата – өчпөс чырак, Эне – соолбос булак» деген макалдары күбө. Кыргыздын түшүнүгүндө бала атанын руханиятынын уландысы, мурасчысы. Уул-кыз үчүн ата – тутуна турган тутка, кармана турган туу. 

Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш аталар күнүн белгилөө боюнча мыйзам долбоорун талкууга койду. “Кыргыз туусу” гезити жазгандай, долбоордун максаты – коомдун өнүгүшүндө аталардын ролун жана кошкон салымын белгилөө, ошондой эле үй-бүлөнү чыңдоо жана эркектин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган. “Аталар күнүн белгилөө балдарды тарбиялоого жана үй-бүлөсүнө кам көрүүгө жигердүү катышып жаткан аталарды даңазалоого мүмкүндүк берет. Мындай колдоо бала тарбиялоо эненин гана милдети деген стереотиптерди жоюуга өбөлгө болот. Ата менен уулдун ортосундагы эмоционалдык байланышты өнүктүрүүнү, сый-урматты калыптандырууну камтыйт” дейт депутат Медер Алиев.

Эне-атага болгон сый-урмат, ак жаркын мамиле, аларга өзүн түбөлүк карыздар сезип жашоо – бул адам болуунун чен өлчөмү. Адам болуунун кыргызча үлгүсү. Мындай адеп-ахлак дүйнөлүк этиканын казынасынын алтын кенчи. 

 Биз, өсүп жаткан муундарыбызды ушул рух цивилизациябыздын салтында, айкөл Манас атабыздын эне менен атага сыйынган улуу адептик-ыймандык дөөлөтүнүн үлгүсүндө тарбиялоого тийишпиз. Ата-эне-бизде өзүнчө бир идеология. Ата-энени урматтоо – уулдун нарктуулугунун, кыздын барктуулугунун чен  өлчөмү. 


(Уландысы бар)

Советбек Байгазиев, КР эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору, профессор  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер