Акыркы кабарлар
» Коом » Түндүк-түштүк автожолунун кезектеги бөлүгү ишке берилди
Түндүк-түштүк автожолунун кезектеги бөлүгү ишке берилди
10-ноябрь, 19:25


Өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарын байланыштыруучу жаңы автожолдун кезектеги бөлүгү курулуп бүттү. Жумгалдын Арал айылынан Тогуз-Торонун Казарман айылына чейинки 100 чакырымы аяктады. Анын ачылыш аземине 10-ноябрда министрлер кабинетинин жетекчилиги жана Кытай элчиси Ду Дэвэнь катышты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.
Маалыматка ылайык, жумушу эң оор деп эсептелген бул тилкеге эстакадалык эки көпүрө курулду. Министрлер кабинетинин сайты төрага жана президенттик администрациянын башчысы Акылбек Жапаров Тогуз-Торо районунун эли менен жолугуп, “жаңы жолдорго жана инфраструктуралык имараттарга аяр мамиле жасоо зарыл” деп айтканын жазды.









