Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Табылды Акеров: “Бул Башмыйзам Садыр Жапаровду кулатууга багытталгандай...”

Табылды Акеров: “Бул Башмыйзам Садыр Жапаровду кулатууга багытталгандай...”

21-ноябрь, 13:24
1 551 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Табылды мырза, жаңы бийлик сунуштаган Конституция талкууга түшөр замат “Бакиевдин юристтери жазган” деген сөз айтыла баштады. Анын чындыгы барбы?

-- Конституциянын долбоорун ким жазса да өтө сабатсыз адамдар болгон. Бул адамдар өздөрү жасап жаткан аракеттерине жооп бергиси келбейт. Себеби, Конституцияны жазган адам элден коркпой, жүзүн жашырбай, өзүнүн ким экенин ачык көрсөтүшү керек. Ал эми бул долбоорду жазган адамдар өмүр бою пастыкта, бирөөнүн көзүн карап оокат кылып келаткан, көрсөтмөсүн аткарган, өз көлөкөсүнөн корккон адамдар экени көрүнүп турат. Эгерде бул Конституциянын долбоорун жазган адамдар өз аракеттерине жооп бере алса, анда алар мыкты Конституциянын долбоорун жазып, элинен жашынбай, сыймыктануу менен «Урматтуу элим, мен силерге жаңы Конституциянын долбоорун жаздым. Менимче, мыкты эле жазылды көрүнөт. Аны окуп, талкуу кылып көргүлөчү? Мен баардык мүмкүнчүлүгүмдү, күчүмдү, энергиямды жумшадым. Кем-карчын оңдоп, аны кабыл алып алалы. Бул биздин келечегибизди аныктаган, мыкты документ” деп айта алышмак. 

Жаңы жазылган Конституциянын долбоору бизди Акаев, Бакиевдердин мезгилине кайтарып жатат. Өлкө президенттик башкарууга кабылып, аткаруу бийлиги толук бойдон президенттин көзөмөлүндө эле калгандай. Премьер-министрдин жарытылуу дагы ыйгарым укугу жок. Президент өкмөттү, парламентти толук өз бийлигине баш ийдирип, өзү каалагандай башкара тургандыгы байкалууда. 

-- Эмнеге депутаттар үн катпай жатат?

-- Балким, парламент бул Башмыйзам менен атайылап Садыр Жапаровдун бийлигинин кулашын камсыз кылып жатабы, ошон үчүн унчукпай билмексен болуп отурушабы? Ушундай ойго да кептелип жатам... 

-- Коомчулукта “октябрдагы толкундоолор ушундай Конституцияны жаздыруу, ушундай башаламандыкты алып келүү үчүн болду беле?” деген кептер да көп айтыла баштады го?

-- 5-октябрда революция болгон жок. 5-октябрда төңкөрүш болду. Шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон 15 саясый партиянын митингге чыкканынан пайдаланып, бийликти үчүнчү тарап басып алды. Коомдун алдыңкы күчтөрүнүн кысымынын негизинде бийлик чала-була болсо да легитимдешкендей болду. Бирок, бийликти толук бойдон бир колго топтоо, узурпациялоо уланып жатат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер