Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Карапайым адамдар оорудан унчукпай өлүүдө, байлар гана ыйлакташат...

Карапайым адамдар оорудан унчукпай өлүүдө, байлар гана ыйлакташат...

15-июль, 20:35
953 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Режиссер Руслан Машрапов өпкөлөгөндөргө өз пикирин айтты.

“Түндө 85 адам каза болуптур. Бул абдан чоң кайгы. Ооруканадан орун жетишпей, керектүү дарыларга зар болуп, болсо да сатып алганга акча жок жардылыгыбыз жанга батты. Бир эле нерсе жөнүндө эки башка көз караштагы адамдар менен сүйлөшкөнүмдү айтып берейин. 

Бир байкенин төрт баласы бар. Чоң кызы он алтыда. Эң кичүүсү бешикте. Үйү жок, батирде турат. Эки күн сүйлөшүп чогуу жашадым. Бир да сөзүндө жашоого нааразы болуп сүйлөгөнүн укпадым. Кошуна-колоңуна жардам берет. Колко кылбайт, акы сурабайт. Баары Кудайдын ыраазылыгы үчүн деп коёт. Эсимде калган сөзү «үйүм жок болсо эчтеке эмес, ээн-эркин баскан өлкөм барына Кудайга шүгүр» дейт. Дагы бир тааныш байкем бар. Бишкектин эң жакшы районунда турат. Түштүк магистралдын боюнда бир нече гектар жеке менчик жери бар экен. «300 миңден бир жарым миллион долларга чейин болсо сатам» деп жүрөт. Жашоону ашата сөгүп, кедей өлкөдө жашап атканына өкүнгөндөй түрү бар. 

Муну эмнеге айттым? Ушул оорудан унчукпай өлгөндөр да, унчукпай көмгөндөр да – көпчүлүгү жөнөкөй адамдар. Аларга өлкө эч нерсе деле берген эмес, жадагалса беш сотых жер дагы. Алардын шүгүр кылганы – өлкөсүнүн бар экени, болгон нерсеси – жакшылыктан үмүтү. Ал эми нааразы болгондордун көпчүлүгү өлкөнүн өпкөсүн үзүп, жулмалагандар, өзүмчүлдүгү башынан ашып ыйлактагандар”.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер