Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Лотереяга байланыштуу шылуун кассирлер пайда болду

Лотереяга байланыштуу шылуун кассирлер пайда болду

19-май, 02:45
655 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекеттик салык кызматынын ККМ-онлайн бөлүмүнүн ага инспектору Жаннат Абдыракманова жарандарга соода түйүндөрүндө кассалык (фискалдык) чек талап кылып, аны дароо ошол жерден эле тиркемеге жүктөп коюуну сунуштайт. Бул тууралуу ал «Маралдын» эфиринде айтты.

Анткени айрым шылуун кассирлер ошол чектин көчүрмөсүн өзүнүн тиркемесине жүктөп коюп жатышканын эскертти.

«Ушундай бир-эки учур болду. Жарандар чекти алып, «үйгө барып, шашпай жүктөйүн» деп ойлошот экен. Ал учурда кассирлер чектин көчүрмөсүн сканерлеп алышат. Колдонуучу үйгө барып шашпай жүктөгөндө “сиздин чек лотереяга катышып жатат” деген жооп чыгып калууда. Мындай учурларда мамлекеттик салык кызматына кайрылуунун кажети жок. Себеби, кассир тарабынан чек берилип жатат, колдонуучу алып жатат. Башкача айтканда, мыйзам бузуу болгон жок».

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер