Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рыскелди Момбеков, ЖК депутаты: “Өзбекстан чек арасын жаап туруп, Тажикстан менен маселесин чечип алган”

Рыскелди Момбеков, ЖК депутаты: “Өзбекстан чек арасын жаап туруп, Тажикстан менен маселесин чечип алган”

15-февраль, 21:19
827 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Рыскелди мырза, учурунда сиз вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду өкмөттөгү эң чабал звено катары мүнөздөдүңүз эле. Эми ал кызматтан кетти, бул чечим туура болду деп эсептейсизби?

-- Жеңиш Разаков 2016-жылы да бир жыл вице-премьер болуп иштеген. Андан кийин Сапар Исаковдун өкмөтүнө кирбей калып, коопсуздук кеңешине катчы болду. Анан кайра эле вице болуп иштеди. Төрт жылга жакын мезгилдин ичинде төрт метр жерди да жылдыра алган жок. Жеке мамилесине байланыштуубу, айтор, тажик тарап ар дайым биздин талаптарды четке кагып келди. Чек ара боюнча милдетти буга жүктөп койгондун өзүндө дагы мандем бар болчу. Анткени жергиликтүү эл аны “чек ара маселесинин чечилишине эмес, чечилбей калышына кызыкдар” деп айтып жүрүшкөн. Кечээ кызматтан кеткенден кийин “Азыттыкка” берген интервьюсунда ал ошол нерсени ачыктап кетти. “Мен көтөргөн маселенин чечилиши көпкө уланат” деп атат. 

-- “Чек ара маселеси дароо эле чечиле койчу маселе эмес” деп айтты окшойт?

-- “Көпкө уланат” деди. Бул убакыттан уттуруп койгонубузду айталбай турат. Анткени, биз убакытты утуруп койдук. Кыргыз-тажик чек арасын Өзбек мамлекети менен бир учурда чечсек болмок. 2012-13-жылдарда Өзбекстан Тажикстан менен болгон чек арасын толугу менен жаап туруп, маселени чечип алган. Биз да чек араны жапканда, тажиктер аргасыз макул болушмак. Азыр алар чек ара маселеси чечилишине кызыкдар эмес. Разаков “үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу кызматтан кеттим, үй-бүлөгө көңүл бурушум керек” дейт. Эмне, буга чейин үй-бүлөсүнө көңүл бурбай жүрдү беле? Буруп эле жүргөн да. Ал акыркы сүйлөшүүлөрдө жыйынтык чыгара албай койду. Тажик тарапка барып меселени чече албагандан кийин, жогорудан ишара болуп, арызын жазып берди окшойт. 

-- Бирок, ЖМКларга картасы менен чыкпадыбы. Талаштуу участокторду алмашуу боюнча кандайдыр бир иштер жүрүп аткан сыягы... 

-- Комитеттин токтомунда “Разаковдун мындан ары комиссияны жетектегенге моралдык акысы жок” деп так, даана жазылып турат. 2019-жылы ведомстволук комиссиянын төрагасы катары бир дагы жыйын өткөрбөптүр. Иш планын январда эмес, октябрда бекитип атпайбы. Анан бир дагы жыйын өткөрбөсө, бир дагы иш-чара жүргүзбөсө, аны ал жерде кармап туруштун кереги эмне? Акыркы жыйында айрым депутаттар премьер-министрге кыйытып айтышты. Муну ошондо эле кетириш керек болчу. Бирок, акыркы үмүт менен “150 чакырымды чеч” деп мүмкүнчүлүк беришти окшойт... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер