Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эскилер “полевой командирлерге” айланышып, Садыр Жапаровду кетирүү аракеттерин башташабы?

Эскилер “полевой командирлерге” айланышып, Садыр Жапаровду кетирүү аракеттерин башташабы?

23-май, 15:14
339 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүнкү күндө Садыр Жапаровдун жаңы Кыргызстанды куруу идеясын обу жоктукка айлантып алышты. “Бул идеянын максаты эмне?” деген суроо узатсак, албетте, жаңы өлкө кыргыз элине аба менен суудай керек. Анткени, мындан 30 жыл мурдагы Кыргызстан АКШ баш болгон капиталисттердин жана аларды колдоп турган “эл душмандарынын” жетегинде калган. Сыртынан караганда Кыргызстандын жалтыраган макети орнотулуп, ичи толтура коррупция менен мафиянын былыктарына айланган. Өлкөбүздү чачыратып жок кылуунун баардык түрлөрүн пайдаланышкан эле. Саясат, экономика, идеология багытында ар кандай программаларды ишке ашырышып, кыргыз элин экинчи-үчүнчү сорттогу жапайылар катары санап коюшкан. Бирок СССР убагында калыптанган кыргыз эли идеологиялык жактан капиталисттерден өйдө тургандыктан, бир эмес үч жолу элдик революцияга көтөрүлүштү. АКШнын алдамчы саясатын жүргүзгөн кыргыз бийлигин үч жолу айдап чыгышты. Бирок эч кандай өзгөрүү, өсүп-өнүгүү, жылыш дегендер болбой жатат. Болгону капиталисттер чийип берген Конституциянын ар кай жерлерин чокулап өзгөртүшүп, мурдагы президенттердин жоруктарын кайталаганга өтүшкөн. Коррупция менен мафиядан, кландар менен тууганчылык, жердешчиликтен арылдыкпы? Жок! Ар кимиси өздөрүнө пайдалуу долбоорлорун ишке ашырышып, мамлекеттин эсебинен пайда көрүүнү көздөшөт. Жаңы Кыргызстанды куруу идеясын беттерине кармаган шылуундар Ысык- Көлдүн жээгинде “Асман” шаарын куруп, кыргыз бийлигине батпай кеткен коррупция менен мафия үчүн жаңы Акүйдү куруп, анын жанында курулган элиталык турак жайларда жайгашып алышса, Кыргызстандын бюджетинен бир тыйын коротулбайт имиш. 

Садыр Жапаров айланасындагы обу жоктордон суурулуп чыгып, Россия менен Кытайдын деңгээлинде иш жүргүзүшү керек. Эгер эскилерди чогултуп алып, аларга кызмат кылып жүрө берсе, анда иштин бүткөнү. Эскилер “полевой командирлерге” айланышып, тескерисинче, С.Жапаровду кетирүү аракетин башташсачы?.. “Президентибиз Аскар Акаевге жол ачып берди, эми Курманбек Бакиевди алып келели” деген кул мүнөз кошоматчылар эскилердин арты менен өздөрү да бийликке келүү аракетин көрүшүүдө. Саясат, экономика, идеологияны түшүнбөгөн көкмээлерди чогултуп келүүнү каалаган чаласабат кошоматчылар жөнүндө кеп кылуунун деле кажети жок. Геосаясатты түшүнбөгөн немелер Россия президенти В.Путинге, стратегиялык өнөктөшү болгон кыргыз бийлигине да каршы чыгышууда. Орустардын “горбатого могила исправит” деген төл сөзү ушуларга карата айтылса керек.


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер