КСДП Сеид Атамбаевдин “чөнтөк партиясына” айландыбы?
Акыркы кездери КСДП терең кризиске кептелип калганы факт. Адатта мындайда тыңчыкма лидерлер кылдат иш жүргүзүп, абалды түздөп кетиши керек эле. Бирок, КСДПнын иши теңирден тескери кетти. Анткени, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев КСДПны атасынан калган мурастай көрүп, “чөнтөк партия” кылып алды. Же партактивдин, айрыкча аксакалдардын айтканын укпай, айтор, Кыргызстандагы алдыңкы партиялардын бири катары саналган КСДПнын ташталканын чыгарды. Азыр анча-мынча кадыры бар мүчөлөрүнүн бири калбай тетири бурула баштаганы кандай? Айласы кетип, Сеид эмне кыларын билбей, карайлап калганы айтылууда.
Жаманатты болбостун амалы кылып, партлидерликти карматайын десе ылайыктуу киши чыкпайт. Маселен, өзү лидер болоюн десе тажрыйбасы жок. Асел Кодуранова болсо көңүлсүз, ал эми Рыскелди Момбековдун колунан келе турган эмес, анткени ага анчалык ишеним арта беришпейт эмеспи. Ирина Карамушкина тууралуу кеп кылбай эле коёлу.
Ага болбой Алмазбек Атамбаев «бөрү карыса да бир койлук алы бар» деп, акыркы амалын салып, алдоо жолун тандап алды окшойт. Болбосо, «партияга акча жок» деп куйтуланбайт эле да. А бирок, чын-чынына келгенде кеп акчада эмес, кеп ишенимдин жоктугунда болуп жатат. Маселен, “кыргыздарга ишенич жок экен” деп, тили буруулардан команда топтоп жатканы кандай?
Айтор, партиясынын эки тизгин бир чылбырын колго ала турган киши табылбай, атасынан калган КСДП азыр баласынын «чөнтөк партиясына» айланып калган учуру. Атамбаев жок КСДП аксап калганы болбосо, Кыргызстандын кылы кыйшайган жок. Мисалы, Атамбаевдин убагында бузулган мамиле оңолуп, ошол эле Түркия, Казакстан, Кытай өлкөлөрү менен алыш-бериш жанданып жатканын кантип жашырабыз?..
Рамис Элебесов