Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жамин Акималиев, академик: “Буудай менен өсүмдүк майы тийиштүү көлөмдө себилбей жатат”

Жамин Акималиев, академик: “Буудай менен өсүмдүк майы тийиштүү көлөмдө себилбей жатат”

02-май, 00:22
1 588 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жамин ага, жалпы республика аймагы боюнча жазгы талаа жумуштары  кандай абалда экенин баамдап атсаңыз керек...

-- Быйылкы жаз былтыркыдан эрте келгени менен абанын температурасы суткасына аябай өзгөрүп турду. Буга байланыштуу дыйкандар бир аз кыйналды. Ошентсе дагы жазгы талаа жумуштарынын ишке ашышы өткөндөн ылдамыраак болду. Түштүктө жана Чүйдө бул кампания соңуна чыкканы турат. Алтургай Аравандын эрте бышкан жашылчалары базарда сатыла баштады. Ошентсе дагы бул жерлерде пахтаны жана кант кызылчасын сээп бүтүү зарыл. Талас өрөөнү дагы талаа жумуштарын тездетүүдө. Эмки кезек Ысык-Көл менен Нарынга келди. Республикага абдан керектүү болгон эки стратегиялык азык-түлүк, башкача айтканда, буудай менен өсүмдүк майы тийиштүү көлөмдө себилбей жатат. Бул чоң жаңылыштык. Себеби, нан менен суумайды башка өлкөлөрдөн сатып келип, зор коромжуга учурап, мамлекеттик бюджетке күч келтирүүдөбүз. Эгин менен толук камсыз болуш үчүн буудайдын аянтын 400 миң гектарга чейин жеткирүү талап кылынат. А чындыгында быйыл андай аянт 250 миң гектардан ашпайт окшойт. Буудайды аз сепкен региондордун катарына Талас менен Ысык-Көл кирет. Бул жерде өскөн буудайдын сапаты абдан жакшы жана стандартка туура келет. Мени кубандырганы – Жети-Өгүз району быйыл буудайдын аянтын көбөйткөнү жатышыптыр. Көлдүн башка райондору деле картошканын эсебинен буудайдын аянтын көбөйтсө максатка ылайык болот эле. Бирок ал үчүн мамлекет резервине биринчи учурда өзүбүздө өскөн буудайды жакшы баада сатып алышы керек. Антпесе, буудай өстүрүүчүлөр зыян тартып калышы мүмкүн. Нарын тарапта сөзсүз көңүлдү тоют өсүмдүктөрүнө же болбосо арпа, беде жана эспарцетке буруш керек. Себеби, мал аябай көбөйүп, жайлоолорду тыта башташты. Ошондуктан өрөөндүү жерлерде жем менен чөптү көбүрөөк даярдабасак болбой калды. Ошол эле учурда Нарын облусунун шартында деле, өзгөчө Ак-Талаа, Кочкор жана Жумгалда буудайды көбүрөөк сээп, башкалардын көзүн карабаса жакшы болмок.

Ысык-Көл аймагына келсек, негизги өсүмдүк дагы эле болсо картошка болушу талапка ылайык. Аны тийиштүү баада сатып алуучулар көбөйдү, ал биринчи кезекте жаныбызда жайгашкан Өзбекстан. Буга чейин алар картошканы Европа өлкөлөрүнөн алып келишчү. Эми болсо мамилебиз оңолуп, коңшуларыбыз биздин картошкага аябай кызыгып калышты. 

-- Сөзүңүзгө аралжы, Көлгө кант кызылчасын себүү боюнча аракеттер көрүлүүдө. Ушуга канчалык негиз бар?

-- Менин кабыргамды кайыштырган маселе – бул касиеттүү Көл кылаасына кант кызылчасын себебиз (!) деген аракеттер. Муну кандай түшүнсө болот? Биринчиден, кант кызылчасынын табыгый жана ыңгайлуу мекени – Чүй өрөөнү эсептелет. Бекеринен Сары-Өзөн Чүйдөн дүйнөгө атагы кеткен Зууракан Кайназарова менен Керимбүбү Шопокова чыккан эместир. Өзүбүздү өзүбүз кумшекер менен камсыз кылыш үчүн бизге 25 миң гектар кызылча аянты керек. Мынчалык жер Чүй менен Таласта кенен-кесири. Анүстүнө бул жакта күн-түн дебей иштеген эки жакшы кант заводдорубуз бар. Ушундан кийин кант кызылчасын кыргыз жеринин бермети болгон Ысык-Көлгө айдаш керек (!) деген сунуштар суу кечпейт. Кызылчаны кайра иштеп чыгууда көп өлчөмдөгү уу заттар чыгат, анан алар Көлгө куюп турса, биз бейиш жерибизден ажырап калабыз да. Ушул себептен Көл кылаасына кант заводун куруу – акылга сыйбаган иш. Ал эми кызылчанын түшүмүн Түп районунан 500 чакырым аралыктагы Чүй өрөөнүнө ташысак, анда алынган кумшекер Кумтөрдүн алтынынан дагы кымбат болот. Ошондуктан, быйылкы жылы Көл жээгине кант кызылчасын септиребиз деген республиканын айрым адис сөрөйлөрүн Ысык-Көлгө таптакыр жолотпош керек.


Сурат Жылкычиев
 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер