Самара Каримова Кремлде концерт койгондон кийин депутат болууга кириштиби?
Ырчы Самара Каримова кремлде концерт бергенден кийин өзгөрүлүп, кыргыз ырчыларын теңине албай калганын байкадыңарбы? Анан калса, каратамандардын тойлоруна барбай, үлкөндөрдүн гана оюн-зоогуна, мааракелерине чоң ставка менен сүйлөшүп калыптыр. Ушинтип да бой көтөрөбү? Кандай болгон күндө дагы, карапайым элди жээрибеш керек. Ал эми кыргыз ырчыларынын ичинен рейтинги озуп баратса, кеп жок, атаандаштык аркылуу чыгармачылык чыңалат эмеспи.
Инстаграм жылдызы Самара Каримованын колдоочулары чыны менен көбөйгөнү, бул жагынан дайыма өзүн өстүрүүдө иштегени, ошого жараша амбициясы да бар экени жашыруун эмес. Буга чейин мамлекеттик кызматтарга умтулуп келген. Маселен, Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайга бир күн директор болгонго үлгүрүп, көп узабай коомчулуктун каршылыгынан улам жумуштан алынганы эсибизде. Мындан башка да мекемелердин жетекчилигине ачык да, көмүскө да аракет кылганы айтылып жүрөт. Ал эми биздин маалыматтар боюнча, Самара Каримова 2020-жылкы парламенттик шайлоого аттанууга даярданып атканы, таасирдүү партиялардын бирине кирүүгө кызыкдар экени каңкууланды. Популярдуулугу күчүндө турганда, күйөөсү Асан Мансуровдун капчыгы калың болуп атса, өзү ажайып чырайлуу экен, шаңшып ырдаса, солкулдаса, айтор, көп жагынан депутат болууга төп келишип баратса, эл колдоп берсе, ким токтотмок эле? Бирок, эл өкүлү болуу үчүн иралды саясатты терең түшүнүү зарыл. Мыйзам жазуу, элдин көйгөйлөрү менен иштөө үчүн билим керек. Бул – сахнага чыгып алып, ак көйнөгүн желпип ырдап коюу эмес да...
Aryba.kg