“Табиятыбызды көздүн карегиндей сактабасак, эртең туристтер келбей калышат”

-- Кыргызстандын жаратылышына кызыккан туристтердин көбөйө баштаганы байкалууда. Мындай шартта өкмөт тарабынан тийешелүү деңгээлдеги камкордуктар көрүлүп атабы?
Азамат Жаманкулов, экс-министр:
-- Учурда Кыргызстандын туризм жаатына өкмөт камкордук кыла баштады. Өзүңүздөр билгендей, көптөгөн туристтик зоналар, аймактар, жайлар ачылып, жатаканалар курулуп, жолдор салынып, кыймыл бар. Ошондон улам туристтердин саны көбөйүп атат. Бирок, биз бир нерсени эстен чыгарбай, аны талкуу кылып, канткенде жаратылыштын туристтерге карата сыйымдуулугун, канча адам кабыл алганга болот (?), ошол жердин фаунасы, флорасы жана экосистемасы бузулбай турганын эсептеп чыгышыбыз керек. Анткени, туризмдин бирден-бир азыгы – жаратылышыбыздын кооздугу, эч жерде жок табиятыбыз эмеспи. Эгер ошол табиятыбызга көздүн карегиндей мамиле кылбасак, эртең туристтер келбей калышат. Ар бир туристтик аймактар боюнча (кайсы жерде кандай жүрүү керек ж.б.) эрежелер иштелип чыкканы оң. Муну эмнеге айтып атам? Биздин табиятыбызда ар кыл жаныбарлар түнөк таап, көбөйүп, жайкысын жайлап, кышкысын кыштап көнүп калышкан. Мындай учурда көптөгөн туристтер эсеби жок келе беришсе, ал жердеги жаныбарлар же канаттуулар адамдардан чочулап, башка жакка ооп кетиши ыктымал. Ошону менен бирге туризмдин бир канатын кыркып алабыз. Андыктан, жогоруда айткан ар бир туристтик аймактын чет элдик конокторго карата сыйымдуулугун жана эрежелерин толук кандуу иштеп чыккандан кийин гана туристтик зоналарды ишке берген оң.
Кечээ эле президент Садыр Жапаров өзүнүн сөзүндө Ысык-Көлдүн көйгөйүн, мөңгүлөрдүн жок болуп кетүү коркунучун айтып эске салды, бу да бекеринен эмес.
Акжол Келгенбаев, жеке ишкер:
-- Кыргызстандын экономикасынын бир ыптасын көтөрүп аткан – бул туризм болуп саналат. Аны менен бирге ал биздин элибизди, жерибизди дүйнөгө тааныта турган тармак. Акыркы мезгилде туризм жагы өнүгүп баштаганы ырас. Чет элдик коноктордун жылдын кайсы мезгили болбосун агылып келип атканы байкалат. Өкмөт тарабынан камкордук катары ар бир райондун акими, айыл өкмөттөрүнө катуу тапшырмалар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жаратылышты булгабай, табиятка зыяндуу иш аракеттерди жасабай жана өрт коопсуздугунун алдын алып, бак-шактарды балталабай, таштандыларды чачып ыргытпай, кайдыгерлик мамиле болбосун (!) деп катуу эскертилсе. Адамзаттын аң-сезими кыйла жогорулады. Бирок, кээ бир учурда “бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, кайсы бир мамлекеттин жарандары, же өзүбүздөгүлөр деле Ысык-Көлгө кийимчен түшүшүп, заара кылышып же жаратылышка барганда гүлдөрдү тепселешип, каалашынча оонашып, баклажкаларды, таштандыларды ыргытып салып баса берген жагдайлар бар. Мына ушундайларды бутка чабалы...
Урмат Акунов, жарандык активист:
-- Ааламдашуу заманында экологиялык таза азыктар, таза табият, жаратылыштын эч бир жасалмасы жок кооздугу адамзатты ойлондурбай койбойт экен. Кыргызстанга агылып келип аткан туристтердин саны жыл санап көбөйүүдө. Анткени, бизде салыштырмалуу баары таза. Жеген азык-түлүктөрүбүз, ичкен суубуз, аңкыган аба ж.б. Ушундан улам өкмөттүн бул жаатка болгон камкордугу кандай болушу керек? Биринчиден, Кыргызстанга келген ар бир турист эң кур дегенде 3500 АКШ долларын таштап кетет. 2024-жылы Кыргызстанга келген туристтердин саны 8 миллион 625 миң 86 адам деп расмий айтылып келет. 2023-жылга салыштырмалуу 80 миң 317 адамга көп. Ошондо былтыркы, 2024-жылы бизге келген туристтер 30 миллиарддан ашык АКШ долларын таштап кетүүдө. Бул эми менин божомол сандарым. Мүмкүн мындан да ашык болушу мүмкүн. Анан бул тармакка өкмөт көңүл бурбаганда, дагы кайсы жакты карайт? Андыктан, биздин өкмөт туризм тармагына өзгөчө көңүл бөлүп, кылдаттыкта камкордукка алышы керек.