Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылычындагы» бийлик сырлары

Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылычындагы» бийлик сырлары

29-август, 12:00
734 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Төлөгөн Касымбеков ушул романы менен улуу жазуучу гана эмес, терең ойчул катары да кыргыздын тарыхында калды. Төкөм менен легендарлуу парламентте чогуу жүрүп, бул китеп жөнүндө талаштык, көп аңгемелештик. Айрыкча бийликтин өйдө-төмөнү, жаратылышы, саясат менен нарк-насил дүйнөсүнүн карама-каршылыктары жөнүндө арбын сүйлөштүк. Жарыктык, сыртынан жоош көрүнгөнү менен принципиалдуу маселеге келгенде таптакыр моюн берчү эмес. Ыйманыңыз саламат болсун, кайран Төкөм! 

1762-1832-жылдары, 70 жылга жакын кыргыз эли Кокон хандыгынын колониалдык эзүүсү астында болгону баарыбызга белгилүү. Кокон ордосу кол алдындагы көп этностордун биринин да улуттук мүдөөсүн, өнүгүшүн көздөбөгөн өзгөчө бир бөтөн сымак акимчилик болуп, мамлекет катары эскирип, чириген жыгычка окшоп, устунга, же отунга жарабаган түзүлүш болгон.

Ордо төбөлдөрү карапайым калктын түпкү кызыкчылыктарын эске албай, эптеп эле ордонун бийлигин басып алууну башкы максатка айландырган. Тоолук кыргыздардын көрүнүктүү бектери, бийлери да Кокондун хан тактысы үчүн кырчылдашып кармашкан.

Алардын бири романдагы эң ири фигура – Нүзүп. Ал эч кимге ишенбеген, кайраты таш жарган, керек болсо Кудайыңды да сакалдан ала турган каардуу адам. Анын психологиялык, социалдык себептеринин бири Нүзүптүн кенедей бала кезинде кемсинүү комплексине (комплекс неполноценности) кирептер болуп калганында. Т.Касымовбеков жазгандай, «Нүзүп ата мээрин көрбөдү. Эсенбай бий анын энесин салынды кылып таштап, энеси экөө айылдын четинде боз төбөл үйдө эптеп түтүн булатып, карыптын оокаты менен жан сактачу. 

Нүзүп кичинекейинен таз болуп кетип, төбөсү жылтырап, чачы жок болуп айыкты. Сыпаа бий намыс кылып, эч качан балам дебеди, топко ээрчитпеди. Бирок, Нүзүп таз чыйрак чыкты. Атасынын баласынбай койгонуна, күнүбатча бир туугандырынын ыктатканына басынбай, кайта күчөп эрегишип, кашкөй чыкты.   

Эсенбай бий «кечтим сенин балалыгыңдан! Ак кылдым! Жогол!» десе Нүзүп «сен менин балалыгымдан кечсең, мен сенин аталыгыңдан кечтим! Ата болуп качан чекемди жылыттың?” деп кыйкырды

Бул жерде Нүзүп атасын эле кордобостон, ата-энени, улууну сыйлоо өзөктөгөн ата-бабалардын наркына, салтына акаарат айтып жатпайбы. Бул психокомплекс максатына, айрыкча бийликке жетмейинче, душманын басынтмайынча кемтиги толбойт. Тең салмакка келбейт. Эң жок дегенде түшүндө жанын тындырат. Өзүнүн түшүн өзү жоруган жерин карайлычы: 

«Мына эмесе, мен өзүм жорудум: эң бийик көк жашыл тоолордун үстүндө жүргөнүм – мартабам көтөрүлөт экен, бир тоодон бир тоого аттаганым, бир тоодон сунсам колум бир тоого жеткени – кулачым узарат экен, даңкым алыска кетет экен, бир тоодон кыйкырсам, бир тоонун кийиги шагырап үрккөнү – бийлигим чоң болот экен, хан болот экенмин. Оомийин, Аллау акбар! – деп бата тартып жиберди». 

Көксөгөн бийликке жеткенге чейин ага жанаша турган адамды кемсинтүү, тебелеп-тепсөө Нүзүптөй адамдардын психокемтигин өтө толтурат, кумарлантат. Нүзүптүн колуна реалдуу бийлик тийди, Шерали ханга аталык (регент) болду. Шерали байкуш бир көрпенде, бирок хандык бийликтин мураскери, ханзада статусу бар. Ушул фактор Нүзүптү кемсинтет, капалантат. Ошондуктан, ордодогу хандыкты кулатардан мурда эле Шералини басмырлоо, мазактоо иштерин баштайт. 

“-- Ой... Кайсы?.. Кайсы, ыя?..

-- Тигине беле!..

-- Бутундагы көң чарыгын карачы. Куда-а көктөлө берип көк чарыктын уурттары түйрүлүп кетиптир.

-- Хи-хи...

Дүүлдөп тоскон, тапырап ээрчиген көпчүлүктүн арасынан Нүзүптүн азезилдей сак кулагы бул сөздөрдү илип алып баратты. «Куп болду. Эл көрсүн. Шералинин ким экенин көрсүн. Шералини кандай кейпинде кимдин күчтүү колу желкесинен көтөрүп барып ак кийизге салганын көрсүн. Укумдан тукумга сөз калсын» деди ою. 

Ал эми Шералинин тактыга отургузгандагы, анын сасыган чокоюн маңдайына илдиргени – ташбоордуктун жеткен жери эле. 

Нүзүп: 

-- Шерали! Мына, карагым, эми сен журт эгесисиң. Журтка кайрымдуу бол! Бурадарга күйүмдүү бол! Акылдуунун тилин ал! Көздүүнүн артынан ээрчи! - чокойду колун сунуп көрсөттү. -- Тетиги жаман көк чокой... Шерали, тааныйсыңбы ошону? Ал сенин чокоюң! Ал сенин өткөн күнүң, Шерали. Ошол өткөн күнүңдү, ошол карыптыгыңды эч качан унутпа, күндө көрүп отур. Ал алтын такка чыгарган күчтүү кудуретти сага күндө эстетип турсун. Кара баштуу адамдын өмүрүнө, калың тайпа журттун тагдырына ойлук кылганыңда бул чокой дайым маңдайында болсун. Бул сени көптүрбөсүн, эсиртпесин!”.

Бийликтин “Аталык” (регентство) институту бүткүл дүйнөдө монархиялык мамлекеттерде колдонулуп келген. Бийликке мураскер өтө жаш болгондо, же монарх өзү ооруп калганда коллективдүү же жекече регент убактылуу гана башкаруу бийлигин аткарган. Бул өзүнчө бир кош бийликтин формасы эле. Жаш мураскер реалдуу бийлиги жок болгону менен мыйзамдуу бийликтин ээси катары өлкөдөгү жалпы калктын колдоосуна, ишеничине эгедер, же азыркыча айтканда, легитимдүүлүккө ээ. Шерали өзүнүн алсыздыгына карабастан, хандык династиянын чыныгы бутагы катары мыйзамдуу, легитимдүү. Аталык Нүзүп болсо Аксы–Талас өрөөндөрүндөгү бир гана саруу урусунун лидери. Абсолюттуу бийлик колунда турса да, Нүзүптүн жанын кыйнап, жаралуу кемтигин чукулап, улам козгогон так ушул жагдай. 

Нүзүп менен бирге ордого каршы күрөшкө чыккан Мусулманкул инсандык күчү, акылы, тагдыры боюнча Нүзүптөн кем эмес. Ал Кудаяр ханды наристе бала кезинде жетелеп келип такка олтургузган. Бирок, экөө тең күчкө күч, канга кан акыры бумеранг болуп өз баштарына тийерин күткөн эмес. Так Шерали хандын жарлыгы менен Нүзүптүн башы алынды. Так ошол Кудаяр хандын буйругу менен Мусулманкул таянган бүтүндөй кыпчак тайпасы кызыл кыргынга учурады. 

Төлөгөн Касымбеков “Аталык” институтунун өтө кооптуу кемчиликтерин Абил бий менен Мусулманкулдун диалогунда эң сонун көрсөткөн: 

“Абил бий:

-- Макул, бек ага, бек агабыз кайра алды дейли ордону, эмне жакшылык иш бүтөрмөкчү бек агабыз? - деди муңайым, жумшактап, чын көңүлдөн кеңешкен таризде.

Бу суроонун арты катаал бирдеме экенин түкшүмөлдөп, бирок тигинин жүзү жылуу болуп турганына арбалып, Мусулманкул кабагы үйрүлө ойлуу тартты: 

-- Башкарабыз..

-- Ушубу “башкарганыңыз?!” “Карачапан”, “ичкилик”, “тоолук” кылып, бир элди үчкө, бирине бирин көкүтүп, бек ага, бул элдин душманы гана кыла турган жамандыкты өзүбүз баштап алган жокпузбу?..

-- Бу баамыңды “туура” дебеске ылаажы жок, Абил бий, - деди Мусулманкул, -- үч эмес, төрт араң болдук! Теги башка, бирок бизче сүйлөп алган кишилер өздөрүнчө тымызын жаат. 

Баш ийкеп койду, ынанды Абил бий: 

-- Башка арга издеп көрбөппүз да, аттиң ай?! 

“Кандай арга бар эле?” деди Мусулманкул көңүлүндө, ачык сурай алган жок, тигинин өзүнөн маани өткөндөй элтейди.

-- Бек ага, - деди акырын, -- балээнин баары бийлик эки бөлүштү болуп турганында го, бириң “хан”, бириң “аталык”. Же кайран Нүзүп агабыз да, мына сиз да хан көтөрөрүн көтөргөн соң эки тизгин бир чылбырын өзүнө берип коё албадыңар, же ыкыбал келип турганда “мына” деп шар кесип, өзүңөрдү “хан” деп салышка дем-кайратыңар жетпеди...

Качанкы бир “кан тукумунан” деп, кайдагы бир жүрөгүнөн оту өчкөн, эр деминен айрылып калган бирөөнү “кол бала болот” деп, мына, тапкан үзүрүңөр бу, бириң башсыз көмүлдүң, бириң кулуңа жакаңды айрытып, кадырыңды сыйрытып, минтип буйгалап” деди өзү да өкүнө”.  

Т.Касымбеков ушул эле Абил бийдин образы аркылуу дүйнөлүк саясат таануу илиминдеги макиавеллизм феноменин бой титиреткен көркөм сөз, көркөм каражаттар аркылуу кашкайта ачып салган. Макиавеллизм саясатта максатка жетиш үчүн моралдык же башка тоскоолдуктарды караманча танат да, күчтөө, зордук-зомбулук, адам өлтүрүү, алдоо, чыккынчылык өңдүү механизмдерди эч тартынбастан колдонот. Абил бийдин жоруктары буга күбө.

“Шералини хан көтөрүү аземинде адамды курмандыкка чалуу ырымы үзгүлтүккө учурай турган болот. Чоң энеси келип калып, мууздалуучу жаш бала кутулуп кетет. “Ошондо Нүзүп кимгедир жини келип, жаак терилери тырышып, кимдин башына чагылган болуп чагыларды издеп, ак кийизди тегеректеп тургандарды кыдырата тиктеп, катуу кумсарды. 

Бийлердин катарында турган Абил:

-- Ашыр! - деди артына карап.

Абил аны колу менен көрсөтө берди.

-- Чалгыла! - деди. Жанагы баланы ортого алып турган түнөргөн эки киши жигитти “шап” кармап калышты. Жигит жулкунган жок, нес боло түштү, кыпкызыл иреңи заматта купкуу болуп кетти. Эриндери титиреди, эмнегедир эки көзү Абилден өттү. Абил аны тиктебеди, оозуна эчтеме кирбей жигиттин башы каңгырады. 

Хан көтөрүү аземи бүткөндөн кийин: 

-- Абил, - деди Нүзүп эркелете, жумшак үн менен. Абил обдула калды:

-- Ляппай, бек ага..

Нүзүп эми гана муруту кылайып келаткан жаш мырзанын имерип тиктеди: 

-- Үкөм, баштаган канча жигитиң бар?

-- Жүз эле, токсон тогузу калды, бек ага...

Нүзүп башын ийкеди:

-- Ыракмат, үкөм! Билгиликтүү кишинин ишин кылдың. Ыракмат үкөм, жүзүнчү жигитиң үчүн чоң ыракмат. 

“Бек агасынын” дитинде бир күдүгү турганын кылдат “үкөсү” кабагынан байкап, акырын: 

-- Эми башка элден ооп келген жалгыз аяк жигит эле... айла түгөнгөн соң, эми... - деп мыңкылдап, “издеп алары, доо кылары жок, артынан камтама болбоң” дегенди туйгузуп койду. -- Сиздин “эл үчүн, журт үчүн” деген ишиңиз үчүн бек ага, аттокур жигитибиз түгүл кара башыбызды аяйбызбы?

-- А, түзүк, - деди Нүзүп, -- бул сенин да ишиң. Кулак сал, бул жортуулда туубашы болууга арзыдың. Туубашы паңсат бол. Колдун алдына түш. Уктуңбу? 

-- Куп болот, бек ага!”

Дагы бир мисал. Абилдин жакын кызматташы, хандын таякеси Домбу киши колдуу өлтүрүлөт. Бүт ордону дүңгүрөткөн жаңжал чыгат. 

Доочулардын алдына ат тартып, үстүнө кымкаптап тон жаба коюп бүтүрө турган иш болсо кана? Насирдин бек оозуна батышынча сурады. Бүткүл элетти кунга жыкты. Миң сары таман ат, миң кызыл дилде! Бул дүнүйө кайдан табылат? Кайдан жыйналат? Акыл кайда? Арга кайда? Алгач бөрү көргөн малдай топурап топтоло калган элди Абил бий камчысыз айдап таратты. Эми ким баш көтөрөт? Ким чогулат? 

Бийлик бар жерде зордук бар. Бийлик менен зордук өзүнүн ким экенин таанытты элетке. Мал киндиктүү тоо кыл куйруктан көп да мукурабады, а бабасы тутунуп дүнүйө кылып көрбөгөн дилдеге келгенде абдан шашты. Сатканга мал түт келбей, кишилер саймалуу кийиз, шырдак, ат абзел артып базардан базарларга самсыды. 

Бүткүл элди мүңкүрөткөн ушул трагедиянын автору да, режиссеру да, аткаруучусу да Абил бий экенин анда эч ким билген эмес. Алдап, тукуруп жатып Домбуну атууга көкүткөн Мадылдын да түбүнө жеткен ушул Абил бий экенин ким билди эле? (Тобаа, бу Төкөм Макиавеллинин өзүнүн “Государь” деген китебин окуду бекен деги?).

Төлөгөн Касымбеков Курманжан датканы өзүнүн тубаса таланты менен ордонун ички жана тышкы саясатын, стратегиясын жана тактикасын көрө билген улуттук масштабдагы бирден-бир саясатчы катары көрсөтө алган. Курманжан датка бийликтин ыйыктыгына (сакральность) ишенген, анын тазалыгы, калыстыгы үчүн күрөшкөн улуттун ар-намысына, бийликтин асыл наркына шек келсе, эч кимди аяган эмес. Өзүнүн жандай сүйгөн жары Алымбек датка түн катып ордодон Алайга келгенде:

“-- Ыя, датка, дагы качып чыккансыз го? - деди Курманжан айым баягы муңайым мүнөзүн сактанып, бирок анын деминен кескин зил угулду. 

Алымбек датка өзүнчө акырын улутунуп, өзүнчө касырет тартып, өзүнчө өкүнө башын ийкегилей: 

-- Качып келгеним жок, бирок абал жаман, байбиче, - деди чарчаңкы. 

-- Куп жакшы! Андай болсо аттан түшпөң, ырым болсун, датка. Качуу оюңузда жок болсо, маслахат үчүн эле келген болсоңуз куп жакшы, ат жалынан бүткөрөлү, датка...

-- Кайтканым оңбу, байбиче?.. - деп сурады бир убакта. 

-- Оң түгүл, датка, зарыл! - деди Курманжан айым туталана. -- Өзүңүз ойлоп көрүңүзчү, эми качып кайда батасыз? Тээ куттагы ишенип отурган тууган эл эмне дейт? Дагы качып, дагы кара башыңызга сыйынт сурап, дагы көмөк тилеп барсаңыз, иренжишпейби?! “Кимге ишенип, ким менен тагдырыбызды канжыгага байлап жүрөбүз?” дешпейби? “Өзүбүзчө ордо күтөбүз, өзүбүзчө бир тайпа журт болобуз” деген көксөөңөр куру кеп болуп калбайбы. Бу өлүмгө тике карайт деген башчы кара башын корголоп, жалт берип кетсе, жамы кыргыз-кыпчак журту сизди карап турат. Мындай кезде, датка, кара жанды ала качкан айла эмес, көксөгөн максаттын кадырына кара башты тике сайып, жазатка өзү барып бериш – ошол айла, ошол акыл, ошол эрдик! 

Алымбек датка катаал сөздүн ыктуу жүйөсүнө таң берип: 

-- Ырас, - деп чачылган санаасын жыйнап, кадыресе чыйрала түштү, -- Ырас...

-- Тез, кылчактабай азыр кайтыңыз, датка. Минген бурактан түшпөңүз, кармаган тизгиңди коё бербеңиз – бул ырым, бул эртеңки минер тагыңызга, тутар өкүмдарлык тизгиниңизге үмүт, тилек. Бурак үстүнөн суусун ичип, азыр кайтыңыз,  - деди Курманжан айым”. 

Курманжан датканын дагы бир таңгалдырганы – чыгыш дипломатиясынын протокол-этикетин атайын окуп чыккандай, мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөрдө дайыма катышып жүргөндөй айлакерлиги, амалкөйлүгү, акылмандыгы.

Генерал Скобелев менен сүйлөшүүлөр алдында Курманжандын орустарга койгон биринчи талабын кара: “Биз болжогон жерге сүйлөшүүгө барган кезде “алдадык” деп мени абакка кириптер кыла турган болушпасын – бул бир; сүйлөшкөн учурда биздин элге да, менин керт башыма да мазак сөз өтпөсүн – бул эки; сүйлөшүү бир тараптын үстөмдүгүн ашкере бекемдөө эмес, “багынтуу” эмес, эки тараптын тең пайдасына ымга келишүү катары болсун – бул үч. Мына ушул үч шартыбыз бекем сакталса гана сүйлөшүүгө барабыз”. 

Эми Курманжан датканын генерал Скобелев менен сүйлөшүүсү жана келишим түзгөнү ушул Касымбеков жазгандай, олуттуу да, жемиштүү да өткөн болсо, анда ал Чыгыш дипломатиясынын тарыхына алтын тамгалар менен жазылат. 

“Курманжан датка атчан бастырып келгенде, генерал бир көз ирмемде эмне кылуу керектигин болжоп, ошол замат кубана мейман күткөн үй ээси өңдөнүп:

-- Келиңиз, келиңиз, аттан түшүңүз, өтүнөбүз, урматтуу датка айым, - деп атайын кабак жаркыта тосо кадам басты. 

Түшүүгө эптенбей, түшпөйм да дебей Курманжан бир аз ыңгайсыз абалда токтоло калды да, ошол бээ үстүндө турган бойдон эле белиндеги кооз кындуу кыңыракты чече баштады. 

Майор Ионов мөмөсүн көмкөрө төгө коюп, күмүш табакты кош колдоп Курманжандын алдына тосо берди. Бирок, Курманжан кыңыракты табакка салмакчы боло өйдө кармаган бойдон генерал Скобелевди мелтиреп тиктеп, токтоло калды. 

-- Урматтуум, муну сиз өзүңүз кабыл алууңузду каалап турат окшойт, - деди тилмеч генералга акырын. 

Күмүш табакты генерал колуна алар замат Курманжан кыңырагын күмүш табакка секин койда да, чач учтугунан бир байлоо ачкычтарды алып, күмүш табакка шылдырт дедире акырын таштады: 

-- Тилмеч мырза, айтың ыкыбалдуу төрөгө, - деди үнү бысмырт, -- Не абалда болгонубуз менен, биз өлкө эгеси, үй энеси эмеспизби, айтың, биз өз үйүбүздө тосуп алгандай бололу. Көп алыс эмес, мынабу Мады кыштагында, ошол жерде өз төрүбүздө жай көңүл менен бүтсүн калган сөз. 

Бул эмне деген табышмагы? Стол үстүндөгү күмүш табакка салынган датка айымдын буюмдарына кызыга үйрүлө калышты офицерлер.

-- Бу, - деп чечмеледи майор Ионов, -- кичинекей кыңырак – куралды таштаганы, а ачкычтар, туптуура жетөө экен, Кокония өлкөсүнүн эң акыркы жети шаарынын ачкычтарын тапшырганы. Өзгөн, Ош, Анжиян, Маргалан, Кокон, Наманган, Кожон!

Ориенталист: 

-- Көрдүңүзбү, келбети эле бир баа, анык каныкелик сезилет, ыя, Михаил Дмитриевич? Не деген төп келишкен сөөлөт?! Мына, каниги сулуулук, анык көрк мезгилди тебелеп өтүп келе берет деген ушу!

-- Да! - деди генерал өзүнчө купуя, -- аристократизм тубаса, ак кайыптан десе болот, адам сөөлөтүнүн, адам рухунун бийик чеги демекчи, Кудай өзү берерине түбүнөн канына кошуп берген өзгөчө дөөлөт”.

Атаганат, Төкөңдүн көзү тирүүсүндө, өзүнүн калеми менен Курманжан датка жөнүндө тарыхый роман калтырып кетсе кана... Армандуу дүйнө....


Жумагул Сааданбеков, коомдук ишмер, КУИАнын ардактуу академиги 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер