Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медеткан Шеримкулов: “Ашкере динчилдердин айынан улутубузду жоготуп алуу коркунучуна келдик”

Медеткан Шеримкулов: “Ашкере динчилдердин айынан улутубузду жоготуп алуу коркунучуна келдик”

24-июнь, 16:17
500 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Эл Баатыры менен маек.

Легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкуловдун динге байланыштуу олуттуу айткан насаатын коңгуроо катары берүүнү туура көрдүк. Бийлик тийешелүү чечим кабыл албаса, эртең кеч болуп калбайбы?

-- Акыркы мезгилде кыргыз элинде диний түшүнүккө карата чоң ажырым пайда болду. Динди туура түшүнбөгөндүктөн, бирдиктүү сабаттуу саясат жүргүзүлбөгөндүктөн, ар кандай, бизге керек эмес, чыныгы курандан, нагыз исламдан алыс агымдар көбөйүп, элдин түшүнүгүн ар кайсы жакка буруп, азыркы күндө адамдардын ортосунда диний көз караш аркылуу келишпөөчүлүк күндөн-күнгө күчөп баратат. Эл топтолгон, чай ичилген жерлерде, аш-тойлордо мына ушунун айынан “сен, мен” деп айтышкан учурлар күчөдү. Ал эле эмес, бир үй-бүлөдө атасы менен баласы диний карама-каршылыктын айынан бет карашпай калган жагдайлар күчөп баратат. 

Биз кыргыз эли кылымдарды карыткан ошол эле ислам динин ханафи мазхаб жолунда беш маал намазын татынакай окуп, кыпкыргызча кийинип, жакшынакай орозосун кармап, көздөрү өтүп кеткен адамдарга багыштап куранын окуп келбедикпи. Ошол заманды көрүп, билип чоңойдук го. Бир гана кемчилиги катары массалык болбосо да арак ичүү жагы бар эле. Ушул кемчиликти айтпаганда, адамдардын баары алда канча адептүү, ыймандуу, ынсаптуу, улууну урматтаган жагы бар болчу. Азырчы? Элдин баары жабалактап мечитте жүргөнү, намаз окуганы, массалык түрдө ажылыкка, умрага барганы менен элдин ыйманы, адеби ошол 30-40 жыл мурдагыга караганда абдан эле солгундап, начар болуп кетти да. Ал кезде үйлөрдө коргондолгон дубал жок, каалаган кишиңдин үйүнө кирип, каалаганча чай ичип кетчүсүң. Кимдир бирөө там салып калса, айыл ичи ашар жолу менен ынтымак-ырашкердикте жапатырмак колкабыш кылар эле. Аш-тойдо кошунасы казанынан өйдө ала чуркап, балдары отун жарып, келиндери үй ичиндеги кызматтарды аткарышып, жабыла жардамын кылышчу. Батпай калган конокторун кошунасы татынакай алпарып жаткырып, өзүнчө сыйын көрсөтүп узатар эле. Азыр ушундай нерсе барбы? Жок.  

Диний агымдардын көбөйүп кетишинин артында кыздарыбыз көрүнгөн кийимдерди кийип атышат. Кара кийинишип, паранжы жамынышып, шалбырагандарды илип алып жүрүшөт. А балдарыбыз болсо 20-30 жашында бети-башы көрүнбөгөн сакалдарды коюшуп, пакистандын узун көйнөктөрүн жамынышып, кыргыз элине жат көрүнүштөрдү тартуулашууда. “Бул эмне?” десең эле “сүннөт” дешет. А чын-чынында “сүннөт” деп ысык өлкөгө туура келген, эртеден кечке эч нерсе кылбаган, теспесинен башка кыларга иши жок кишинин кийимдерин айтат. Кыргызстанда керээли-кечке машина айдап жүрсөң, кетмен чапсаң, кой жайып жүрсөң же мамлекеттик ишканалардын бирөөндө иштесең, кыш куйсаң, дубал урсаң, ушу сүннөт кийимиң ылайыктуубу? Эми жанагы кыздарыбыз капкара шалбыраган көйнөктөрдү кийип алышып, коомдук транспортко кирип-чыкканда этеги менен чаң шыпырышып, а көчөдөн чогулткандарын айтпай тим коёлу. Анан кантип ошо чаң баскан этек менен туалетке барат? Элестете албайм. Ушу нерсе канчалык ылайыктуу? Ачууңарды келтирбей, сабырдуулук менен ой жүгүртүп көрүңүздөр. Туура эмес экенин баамдаган адамдын оозунан жел чыга электе сөгүп-сагып жатып каласыңар. Чыныгы момун мусулман, дин адамы, же таксыр бирөөгө акаарат келтирбейт, жаман айтпайт, сабырдуу болот. А биз азыркы мусулман сөрөйлөрдөн бу сапатты көрбөйбүз. Чанда-чанда эле болбосо. Ошондуктан, кыргыз бир тууганым, баардыгыбыз “Кудай” дейбиз. Кеп сенин сырткы кебете-кешпириңди өзгөрткөндө эмес, кеп жандүйнөңдүн аруулугунда, толуктугунда, билимиң менен түшүнүгүңдүн тереңинде, адебиңдин, ыйманыңдын молдугунда болуп атпайбы. 

Мечиттер менен медреселер көбөйдү. Жума сайын умрага массалык түрдө Кыргызстандан бери дегенде 500 адам кетип атат. Ошолордун ар бири 1200-1300 АКШ долларын коротуп, канча миллиарддаган акчаны элибиз арабдарга жөндөн-жөн эле таштап кетип атат? Андан көрө ал каражатка өзүбүздө далай иштерди бүткөрсө болбойт беле? Эмнеге уну жокко ун, уйу жокко уй алып берсе болбосун? Канча кыргыз үйү жок жүрөт, жардам берип койсо болбойбу? Жетим-жесирлерге, кыйналып жашаган үй-бүлөлөргө кийим-кечек алып беришсечи? Кудай алдында миң эсе сооп болот эле да. 

Ата-бабаларыбыз айтып келген “Теңирим жалгасын!” деп койсоң эле балээге калдың. Ашкере динчилдер “теңирчи” деп айыпташып, тепкилеп жатып калышат. Кыргыз жаратуучуну “Теңир” деп айткан, ак менен караны, жаман менен жакшыны теңдеген. “Теңирим жалгасын, Теңирим колдосун!” деген. Бул Кудайдын миң атынын бир аты да. Кудай – фарс тилинен келген. Аллах – арабдын сөзү. 

Ашкере динчилдердин айынан кыргыз элинде дааватчылар да көбөйдү. Үйүндө жалгыз саап аткан уйун сатып, шалбыраган юбканы, бутуна шлепканы кийип алып, жарым жылга жоголуп кетет. Үйүндө бала-чакасы кандай күн көрүп атат, ачпы-токпу иши жок, бирдеме десең “Аллах берет!” деп кутулат. Анысы кыргыздын ата-бабадан келаткан каада-салтын, нарк-насилин, үрп-адаттарын жерийт. “Тигиниңер менен мунуңар ширк, харам. Аллах тозокко айдайт! Жаңы жылды тоскон, туулган күндү белгилеген, 8-мартты, 1-майды, Ноорузду майрамдаган болбойт. Бизде Орозо айт менен Курман айтты гана майрамдаш керек” дегенден башка сөздөрдү айтпайт. Чыныгы Куранды, нагыз динди тереңден түшүндүргөн дааватчылар жок. Эмнеге жакындарың менен 1-майды, жаңы жылды же Ноорузду бирге майрамдаган болбосун? Ошондуктан динди дагы өзүнүн нугу менен чыныгы Куранда жазылгандай кылып кармасак, ашыкча кетпей, элибизге гана тийешелүү баалуулуктарды сактап калбасак, бүгүнкү күндө бул коркунуч жаралды, улуттун жоголуп кетүү жагы бизде бар!..  


Ютубдун Operator.kg барагынан алынды
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер