Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Искендер Матраимов: "Министр Улан Ниязбековду отставкага кетирүү талабы туура эмес"

Искендер Матраимов: "Министр Улан Ниязбековду отставкага кетирүү талабы туура эмес"

21-июль, 12:15
958 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча эмнеге министр Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышты? Саясый оюн жокпу? Алсак, Свердлов РИИБ жетекчиси, Бишкек ШИИБ начальниги Ногойбаев жана министрдин орун басарлары бар. ИИМдин аброюна шек келтирген ушулардын жоопкерчилиги каралыш керек да, туурабы? Дароо эле Улан Ниязбековго асылуунун артында буюртма, бузукулук жаткан жокпу? Кандай болгон күндө да калыстык керек го?” 

-- Бүгүнкү күндө 13 жашар кызды зордуктоо боюнча соттук териштирүү болуп атат. Соттук иш аягына чейин дыкат иликтенип, күнөөлүүлөр аныкталып, чыныгы зордукталган болсо, анда милиция кызматкерлери мыйзамдуу түрдө катуу жазасын алып, жоопко тартылышы керек. Экинчиден, ал жерде Улан Ниязбековдун эч кандай күнөөсү жок. Дегеле министрди отставкага кетирүү талабы коюлбаш керек. Бу жерде кызды зордуктаган милициянын жеке жоопкерчилиги болуп жатпайбы. Бизде бир кызык жагдайлар болууда. Алсак, эки кошуна чырдашып кетсе деле министр күнөөлүү, тоок уурдалса деле министр күнөөлүү. Андай болбош керек да. Ар бир аймакты, районду, облусту карай турган, көзөмөл кылган күч органдары бар. Алардын баштапкы жетекчилери деген болот. Эмне алар текей терип жүрүшөбү? Министр деген мамлекеттик деңгээлдеги иштерди тескей турган жетекчи. 13 жашар кыздын зордукталганын шылтоо кылып, аны саясатташтырып, министрдин отставкага кетүү талабын колдобойм, бул менин сөзүмдүн аныгы.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер