Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назик

Назик

29-декабрь, 22:09
924 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Аңгеме)

Ооба, бул мен үчүн өзгөчө жаңылык болду. Дегеле ойго келбеген таңгаларлык көрүнүшкө кабылдым. Гезиттин электрондук почтасын карап коймой адатым менен ачсам, Назиктен келген кат, анан көп чекит коюлуптур. Шашкалактай клавиатураны бастым. Көргөн көзүмө ишенген жокмун. Бир баракка толбогон жандүйнө муңу... Көз ирмебей окуй баштадым.

“Катаал түн. Тунжурайт. Жүзүм жашка жуулган. Кандай жагымсыздык? Алсызмын. Балкондо турам, шаар жарым-жартылай уйкуда. Азыр мени соороткон бир гана нерсе – салкын жел. Өлүм менен сүйлөштүм. Көзүмдү жумсам, кара дүйнө жакын эле жерден көрүнгөнсүйт. Жетинчи кабаттан секиришим керек. Апамды эстеп, аяп, өзүмдү кармаганга жанталашам. Түшүнүксүз күрөш. Коркунуч жүрөгүмө келип, кысып жатты. Башым ушунчалык чыңалып чыккан, азыр чыдап тура албай баратам. Денемди майда калтырак ээлеп алган. Мындай оор абалымдан кутулууга тырышып, чыйрыгам. Кыйкыргым келди. Үнүм буулат. Дайыма корккондо титиреп, жанымды коёго жер таппай калам. Жарыкчылыкта жашагандан тажасам да, кара жерге кетүүгө, бой таштоого эрким жетпеди. Ажал менден алыстап кетти. Кайрадан салкын жел аймалайт. Көзүмдү ачтым. Коюу түндүн кучагындамын. Эмне үчүн маанайым ачылбайт? Эзилип бүттүм. Жашоодон жанчылып, жарык издейм, жылуулук жок. Бул дүйнө мени ушунчалык азапка салды. А өлүм мындан дагы коркунучтуу болсо керек. Ошон үчүн ал жакка бара албай кыйналдым. Балким эртеби? Бирок, мен өлүмдөн коркпой калдым...”. 

Назик.

Катты окуган соң, дароо Назикке жооп жаздым. Кантип жардам берүүнүн айласын издеп, бир эсе мындай “жандүйнө кыйкырыгын” гезитке чыгара турганымды айтып, өзүн да келип кетүүсүн өтүндүм. Чын ыкластан ниетимди билдирүүгө далбастап, абдан ынтызарланганымды, сүйлөшүүгө кызыкдар экенимди баса белгиледим. Аза боюмду кыжалаттык басты. Ушул мүнөттөрдөн тарта сары санаага батып, эмнегедир эзелки жанкурбумдун кайгысындай сезилип кетти...

Эки күндөн кийин кабинетимдин эшиги тыкылдап, ак жуумал, ажарлуу кыз башбакты. Ордуман тура калдым. Ал аярлай карап, кирген жеринде катып калгандай эле. Биз тааныштык. Назик жана мен! Маңдай-тескей отурабыз. Эмнегедир суроолорума кыска гана жооп берип жатты. Бакыракай көздөрүнө тигилдим.

-- Назик, биздин гезитке жазып турбайсыңбы? 

-- Макул. Меники жарайбы? - деди ишенимсиз.

-- Укмуш жазат экенсиң. Таңгалып бүтпөй турам. 

-- Рахмат! - деп дагы бир нерсе айтууга дилгирленип, негедир жер карады.

-- Карындашым, эмне болду? 

Ушул арада анын сүзүлгөн кирпиктери каректерин калкалай сууланышып калганын байкадым. 

-- Эч нерсе, баары жайында, - деди тарткынчыктай.

Ортодо аз убакытка жымжырттык орноду, анан маегибизди башка нукка бурууну ойлодум. Мындайда алактай сөз таппай да каласың. Назиктин жүзүнөн жанды жай алдырбаган бушаймандыкты байкадым да, ага өтүнүч катары суроо салдым.

-- Кеч да кирип баратат. Экөөбүз чай ичип, анан сени үйгө узатып коёюн. Макулсуңбу? - дедим күтүүсүздөн.

Ал азга үнсүз тигилди да, башын ийкеди. Дароо эле эшикке чыгууга кам урдук. Назик ордунан жеңил туруп, алдыга узай берди. Артынан шыңга боюна, мүчөсү келишкен турпатына суктандым. Далысы жайык, кымча бели бир карыш келип, соорусу тоголок тартып, көз тайгылтат. Катарлаш бастык. Сыртта күздүн салкын кечи. Ала булуттарга жашынып күн кылтыйып батып баратат. Шуудураган кызгылт-сары жалбырактарды жапырылта тебелеп, шашпай кадам таштайбыз. Айланадагы дарактардын сезилерлик коңур жыты каңылжарды өрдөй берди. Ар бир ирмем жандуу, маани-маңызы ачылгандай ажайып кубулуш. Эмнегедир ички уйгу-туйгулукка буюга баштадым...

-- Сиздин башка жумушуңуз жокпу? - деди Назик мага карай. 

-- Жо-ок, экөөбүз кобурашып отуралы э? 

-- Макул.

-- Сулуу экенсиң... – ага сугум артылды. 

Ажарына жылмаюу аралап, күлүмсүрөп койду. 

Алдыдан “Түрк рестораны” деген жазуу көзгө урунду. 

-- Бул жакка кирели? - дедим. 

Назик баш ийкеди. Акактай таза, тоо суусунун илебиндей сергектикти тартуулаган келбетине суктанып, кичине толкунданууга кабылдым. Асыресе аруулуктун таасири. Назиктин түспөлүнүн астында өзүмдү эбегейдей алсыз сезип, кичинекей бир кумурсканын абалындай ой-кыялымдын адаша бергенин карасаң... Андан ары арыш шилтей капыл-тапыл ресторанга кирдик. Кара тору, сакалчандар отурушуптур. Биз алардан обочо жерден орун алып, бири-бирибизди жаңы көргөндөй жылмаюу менен карап алдык. Нурданган жүзү ууртунун кыймылына жараша кубулуп, кабак-каштын кагышында жагымдуулуктун назы байырлап, балбылдай караса көздөрүнүн мээрими төгүлөт. Аңгыча сөз уладым.  

-- Кел, эмне жейли? - дедим күттүрбөй.

-- Караңыз...

-- Козу шишкебек э?

-- Сиз айткандай болсун...

Буюрутма бердик. Ушул арада учкай ой басты. Мен киммин? Сыртыман караганда москоолуман келип, оор кабак, анан калса, кырс мүнөзүмө аралаш жашоодогу оңтойсуз жүрүштөрдү жаратканымды эстегенде, өзүмдү жемелейм, көмөкөйүмөн куушурулуп. Балким Назик бийиктедир, бирок маңдайымда отурат. Каректери асыл таш сымал жылтырап, бакырая караганда кадимкидей ойлор тушалып, азга апкаарыйсың. Мында баёолуктун шооласы да жанып-күйүп тургандай сезилет. 

-- Мен чай куюп берейинчи? - дедим чайнекти озуна алып.

-- Уялтасыз го...

-- Эч нерсе эмес. Биринчи менин кезегим.

-- Анда таттуу чайыңызды ичели, - ал жумшак тигиле берди. 

Аралыкта көрүнбөгөн тосмо тургандай туюлуп, маектешүүбүз улам токтоп калып атты. Эмнегедир бу саам Назик анчейин ачылып сүйлөшпөдү. Узаткан суроолорума кыска жооп берип, өзүн этият кармап отурса, ансайын ыңгайсыздыкка камагым келбеди. Жакында Түштүк Кореяга кете турганын айтты. Түпкүрүндө жаңы жашоо издегенин чын дилимден колдоого алып, келечектин кеңдигине ишендирип, дем бердим. Менин кубаттоом кыялына жолдош болгондой орноду окшойт. Электрондук почтадан жазгандарын жөнөтүп турарын, чыгармачылыкка дээрлик кызыгуусу артылганын жашырбады, астейдил кысылганы болбосо, көмөкөйүнөн дилгирленип отурду. Мына ушул шыбага алгачкы баарлашуубузга учкун тутантып койгонун карасаң. Ошентип, экөөбүздүн үмүт жандырган салкын кандуу сүйлөшүүбүз да тамамдалды. Сыртка узатып чыктым. Таксиге салып жатып, колунан аярлай кармадым.

-- Ар дайым байланыштамын! Кат күтөм...

-- Сизге чоң рахмат! Жазам э? - деди күлүмсүрөй.

Кол көтөрүп койдум. Асыресе, купуя жылуулуктун тамызгысын жүрөк түрсүлү шыбырап тургансыды. Көөдөн толо кубанычтуу кабардын алыс эместигине каниеттенип, кантсе да жашоо саатынын ыраатында баратканыма топук кылдым. Утурумдук санаа жеп, бирок Назиктен жооп келери көңүлгө канат байлагансыды. Ага ашкере кызыгып, жигиттик ышкымды арттырууга батынбай, үзүлө түшкөн ички маанайымды байкатпай күтүүгө өттүм. “Жакшы чыгарма жазабы?” деген таризде термелем. Ал арада башка окуядан кабарсыз элем...

Ошентип, эки күн өттү. Адаттагыдай эле телефонумду чукулап, жай табалбай, анан Ютуб сунуштаган “Флешбек” деген фильмди көрүп жатып, уктап калууга алаксып бараттым. Түн бир оокум. “Байке, эшикти ургулап атат. Жардам бересизби?” деген СМС келди. Назиктин номеринен. Ыргып турдум. Акырын кийинип, бутумдун учу менен из салдым, келинчегим ойгонуп кетпесе экен (!) деген таризде. Шашылыш сыртка чыгып, телефонумду тердим.

-- Назик, эмне болду? 

-- Тез келесизби? Эшикти тээп атат... - деди ый аралаш мукактанып.

-- Ким?! Адрести айтчы? Милицияга чалдыңбы?

-- Асанбай... 34-үй, 7...-квартира.

-- Азыр жетем. Мына чыктым, - ошентип жолго түштүм. 

Мындайда адреналин тамызгысы козголот эмеспи. Салып-уруп, чуркап жөнөдүм. Жанаша турган кичирайондон ызгып эле Асанбайды көздөй бет алдым. Бир чакырымдай аралык. Тез эле жеттим. Каалга турат, жан адам жок. Каккыладым. 

-- Мактал байке, жаныңызда эч ким жокпу? - деди алсыз үн.

-- Ач, мен элемин!

Ичкериге кирдим. Назик дароо эшикти бекитти да, боюн таштап, кучактап калды. Майкачан, үлбүрөгөн жука шымы көзгө урунду. Коркуп калыптыр. Далысынан төмөн карай сыладым.

-- Мени коё бербеңизчи? - деди бекем жармашып. 

Көкүл чачтары бетиме жаба берди.  

-- Ал ким? Эмне болду?

-- Сыртта турат. Мурдагы күйөөм...

-- Сенин күйөөң бар беле? 

-- Ооба.

-- Мен барып келейин, - деп эшикке шарт жөнөдүм. 

Подъезден чыгып, эч кимди көрө алган жокмун. Коюу түн. Дабыш угулбайт. Ары-бери басып, кайра ичкериге кирдим. 

-- Ал бактын түбүндө жашынып турбадыбы, жанынан эле көргөн жоксуз, - деди Назик чебелектей.

-- Кайра чыгайын, - дегенимче колуман кармап калды.

-- Жо-ок, - деди кооптоно.

-- Анда отуруп сүйлөшөлүчү? Айтып берчи? Жалгызсыңбы?

-- Апам жумушта эле. Азыр... - деди да терезе парданын жылчыгынан шыкаалады.

-- Мен барайынчы?

-- Коё туруңуз. Машинасына отурду. Кетип баратат. Сиздин келгениңизди билди...

Экөөбүз күңүрт бөлмөгө өттүк. Назик кайра сыртка чыкпашымды суранды. 

-- Бычак же учтуу нерсе менен сайып жибериши мүмкүн, - деди жер карай. 

Ушул учурда гана коркунуч бар экенин ойлоп, өзүмдү кармадым. Назикти угуп, алаксыткым келди. Азыркы көрүнүшү аянычтуу эле. Мага ыктай берди. Экөөбүз бири-бирибизди көкүрөккө кыстык. Магдырай түштүм, делебеге коңгуроо каккандай. Ушу арада ийниндеги тырыкка көзүм урунду. 

-- Бул эмне? - дедим сылап.

-- Айнекке түртүп жиберген...

-- Чечинсең? 

Жалооруй карап алды да, аярлай чегинди.

-- Уялбай эле кой... - дедим күрсүнүп. 

Назик шар эле майкасын, шымын чечип салды. Тикчийген кош мамагы булаң эте серпилип, ичке бели, балтырлары, сандары орто жоонунан келип, көзгө толумдуу. Сыйда сулуу, сымбаттуу... Бөрсөйгөн сол эмчегинин астындагы кичине тилими так болуп калганын кара.

-- Көрөйүн да? - дедим. 

Ал уялыңкы карады. Денеси апакай, чың, бул арада буттарын кайчылаштыра турганы да өзгөчө кооздук тартуулап, ичти элжиретти. Алаканым менен аярлай чийилген тырыгын сыладым.   

-- Ай, акырын... 

-- Эмнеге мынча кордук көргөнсүң? - деп шаабайым сууду.

Ал түндө Назик баарын айтып берди. 22 жашында күйөөгө тийип, бир жылдай убакта ченебеген зордук-зомбулуктарды баштан кечириптир. Ажырашкандан кийин да кыйладан бери качып-бозуп жашап жүрсө... 

-- Мени ала качып алган, аны жактырчу эмесмин, - деди бир маалда. -- “Сен мени сүйбөйсүң” деп сабай берчү...

-- Ушундай да тирүү жиндиби?

-- Көчөдөн бирөө карап койсо дагы урушуп, чаап жиберет эле.

-- Кантип чыдап жүрдүң? – таңыркай карадым.

-- Акыры качтым, бирок коркунучтан кутула албадым. 

-- Сен өзгөрүшүң керек! Баары жайына келет. Айбанды мага кой...

-- Сиз бир нерсе ойлоп табасызбы?

-- Экөөбүз акылдашалы, - дедим билегинен кармап.

-- Ушул колумду да сындырган, - деди ал. 

-- Сага коргоочу болоюн...

-- Үй-бүлөңүз барбы? - деп капилет суроо салды.

-- Бар.

-- Жакшы... 

Турна бой тарткан келишимдүү жандын көзгө сезилерлик тырыктары сулуулуктун бүктөмүндө калгандай сезилди. Көзгө комсоо урунса деле жарашып турганын сейрек учурачу көркөмдүк катары кабыл алдым. Назиктин денесиндеги ар бир бүртүгү кайталангыс кооздукка айланып, өзгөчө баа-баркына азгырылып, байландым. Ооба, бири-бирибизге магниттей тартылышып бара жаттык...

Эртеси күнү түштөн кийин Назик менен дүкөн кыдырмай болуп, мен жумуштарымды тезинен бүтүрүп эле жөнөдүм. Белгиленген убакытка келип, үйгө кирсем, ал даяр отуруптур. Бүгүн эмнегедир Назик бүшүркөбөй, өзүн эркин сезип, ишенимдүү мүнөз күткөндөй көрүндү. Биз түндө сүйлөшкөндөй эле кийим-кече, керектүү буюмдарды алуу үчүн бармакпыз. 

-- Эртелеп чыга берели? - дедим.

-- Чай ичели?

-- Нан ооз тийейин.

-- Макул, - деп жаркый карады. 

Экөөбүз түз эле шаардын борборун көздөй бет алдык. Терезеден урган желге Назиктин чачтары бириндей учуп дирилдеп баратты. Салкын авазга сергек тартып, сулуулугу жаңы ачыла баштаган, шүүдүрүм астындагы тоо гүлүндөй элестеди. Ансайын менин да ышкым ойгонуп, сезим кумарына батканымчы... Аңгыча Назик мага карап:

-- Билесизби? Мен көкүрөктөгү темир тосмону сындырдым. Сиз жардам бердиңиз...

-- Кандайча?

-- Бизде “ажырашкан”, күйөөдөн чыккан” деп тергешет го? Баары эле жаман көз менен карашып, тескери ойлошот. Өзүңдү экинчи сорттогу, коомдон бөлүнгөн уятсыз аялдай көрөсүң. Ушундай кемсинүүгө кабылгам. Эми андан өттүм... - деди жадырай.

-- Баракелде! Андай ойлобоптурмун...

-- Ооба, мага күч бердиңиз, жакын адамдай бооруңузга тарттыңыз. “Өзгөрүш керек” дегениңиз катуу таасир этти.

-- Анда сонун! Маанайыңды көтөргүм келди да.

-- Мактал байке, чын жүрөктөн жасаган мамилеңиз үмүт берип, шыктандырды! - коңгуроолуу шайыр доошу уланды. -- Сизге ишенем...

Негедир толкунданып кеттим. Уялгансып. “Ушунчалык сыйкырчы болдумбу?” дедим шыбырана.

-- Эмне дейсиз?

-- Эч нерсе. Өзүмчү эле...

Ошентип, болжогон дүкөнгө да жете келдик. Аба ырайы да чайыттай ачык. Жандүйнөгө кош майрам тартуулагандай. Биз ээрчише басып, дүр-дүйнө кыдырууга өттүк. Назик керектүү буюмдарын алып жатты. Өзүнө жаккан кийим-кечесин көрсөтүп, кеңеш сурап, чын дилинен акылдашканы мага коомай сезилсе да сыр алдырбай жанында жүрдүм. Мындай шынаарлаша кыдыруу мен үчүн сейрек эле. Адатта аялым менен базарлаганда чыдамым кетип, башым маң тарта чүпүрөк-чапырактан боюмду ала качып, акыры корс эте баса берчүмүн. “Сыртта чылым чегип турайын, ала бер!” деген тейде жөнөй бергенимчи... Азыр да ошол адатыма салып, бирок Назикке жумшак айттым. “Мурдум курттап баратат” дедим тамашалап. Ал башын чайкаган тейде сонуркай карап кала берди.  

Эшикте айдарым жел көңүл оболотот, таза абадан кере жутуп, кичинекей таштанды челекке жакындай бастым. Ичке тамекимди тутандырып, дем тартып, кайра созолонто үйлөйм, ооба, бул терс адатыман кутулууну качантан бери ойлоп келсем да, негедир өзүмдү жеңе албай жүргөнүмө күйүнгөнүм ырас. Шаар ичинде каршы-терши адамдардын жык-жыйма агымы. Чылым чеккичекти айланага көз чаптырып, кайра дүкөнгө кирүүгө камынып калдым. Эмнегедир каптал жагыман кимдир бирөө теше тиктеп тургандай туюлду. Шарт карай бергенимче ал көзүн ала качып, ары баса берди. Узун бойлуу, арыкчырай, мурду кырдачынан келген кара тору жигит экен. Ээгинен тарта жаагына дейре суюк сакалы даана көрүндү. Отузга чыгып-чыга элек куракта. Кебелбей жай кадам таштай арыдагы отургучка көчүк басты. Мага жалт бере бир карап алып, башын чулгуй эки жагын акмалап, сыр бербегендей колдорун көкүрөгүнө кайчылаштыра чалкалай кетти. Сыртынан жөн салды жүргөн бирөөдөй көрүндү. А кээде туюк ойломго олуттуу деле маани берилбей калганын карасаң... 

Назик керектүү буюм-тайым, кийимдерин алгандан соң үйгө жөнөдүк. Бүгүн айрыкча көңүлү шат, маңдайы жарыла кубаныч толгон жүзүнө мен да суктанып тойбойм. Кичинекей гана көңүлдүн табылгасы чоң бакытты тартуулап саларын этибар албаптырмын. Бул жашоо кимдерди гана өйдө-ылдый калчабады? Акыл-эстүү, сулуу жан деле турмуштан адашып, азап тартып, жаңы жол издегени менен күрөш уланат тура. Акыры кыялдагы тапканына жетине албай баратса керек. 

Назик жашаган үйдүн астында кофейня бар. Биз алгач кофе ичүүгө ашыктык. Кире беришке жете бергенибизде кичинекей ак мышык кайкып чуркап келип, бут алдыма леп эте секирип туруп калды. Айланып өтүүгө жол бербей, кайра астыман торой чыгып, бура бастырбай токтото берди. Астейдил баам салсам, бала мышыктын көздөрү жашылданып, бир нерседен жабыркагандай көрүндү. Энесин жоготуп алганбы, же ээси таштап салганбы, айтор, кичинекей дүйнөсүндөгү кайгысы көздөрүнөн чачылууда. 

-- Менден эмне жардам? - дедим ага карап.

Мыймыйдын жаш айланган көгүш-күрөң көздөрү чагылышып, алыстагы муздак деңиздин чалкып жатканындай ары сүрдүү, табышмактуу да көрүндү. Коргологон сайын андагы бороон чалган ызгаары жалмап кетчүдөй бери көтөрүлүп келаткан... Ушул арада тестиер кыз чуркап келип, апакай жандыкты көкүрөгүнөн аткый кармап, секирген бойдон кетти. Назик да кылчая карай күтүп калган... 

Обочодогу столго жаңы эле жайланышып, кофе алып, бүгүнкү күндүн көңүлдүү өткөнүнө Назик да ыраазы боло жайдары отурган. Ансайын анекдот айтып, ашыгымдын боорун эзип, жыргатып жаттым. Жүзүнө күлкүсү батпай ашып-ташып төгүлчүдөй бакубат эле. Бирок мындай шаң көпкө узабады. Назик бир маалда селт эте чочуп, өңү кубара түштү. Дароо менин колдорумду кармады. 

-- Тигине! - деди үнү кысылып.

Арткы жагыма бурула берсем, жанагы дүкөндүн астынан көргөн чала сакалчан жигит отурат. Эми жагдай белгилүү. “Энеңди...” деген тейде ордуман шарт туруп, аны көздөй бет алдым. Ачуум келгенде башым дүңгүрөп эч нерсе угулбай калат. Назик чебелектей бирдеме деп жатты окшойт. Аңгыча чала сакал ыргып туруп, шыпылдай баса сыртка жөнөдү. Артынан кууп барып муштаганы калдым. Кафенин кире беришине шукшурула жеткенимде, ал учуп-күйүп узап кетүүгө үлгүрдү. Ошол арада бет алдыман топурап адамдар кире баштады. Кичине буйдала берип сыртка чыктым. Жер соруп кеткендей эле алиги эргул көздөн кайым болду. Назик да келип калды.

-- Бүгүн апам түнкү сменде, сиз калыңызчы? - деди дирилдей. 

-- Камсанаба! - чыңалган ачуумду жыя унчуктум. 


*** 

Күндөр калтар түлкүдөй кубалашып, мант берип, кумарлуу аңызга сүңгүп бараткандай. Мезгилсиз. Мен чын эле азгырыктуу сүйүүгө кабылдымбы? Чалкеш жашоодогу дүйнөм тегиз. Ошондой кезде Назиктин апасы байланышка чыкты. 

-- Саламатсызбы! Бул – Сара, - деди шаңк эткен аялдын үнү.

-- Саламатчылык!

-- Сиз менен сүйлөшөйүн деп... 

-- Сүйлөшөлү, - дедим таңыркай.

-- Назик өзгөрүлүп кетти. Мүнөзүн айтам, мен түшүнө албай эле...

-- Мм...

-- Сиз менен кызматташкандан бери өзгөрдү. 

-- Кызык, - дедим эки жакты элейе карап.

-- Жолугалы, эртең убактыңыз кандай? 

-- Жайчылыкпы?

-- Мен билишим керек да. Кызым ажырашып келгенден бери көп сүйлөбөй, түнт болуп кеткен. Үйдө эле отуруп калган, эч нерсеге көңүлү жок, анан эле...

-- А-а, жакшы жагынабы? - чымыраган ийинимди күүшөп койдум.

-- Ии. Ал такыр башкача, маанайы ачылып калды. Менин да көңүлүм жай алып, анан сизге эмнегедир жолуккум келди. Эненин жүрөгү сезет да.

Ортодо көз ирмемчелик үнсүздүк жаралды. “Эненин жүрөгү...” дедим ичимен толгонууга батып.

-- Угулуп атабы? - деди аңгыча. 

-- Ооба. 

-- Кызым турмуш соккусунан депрессияга кабылды. Күйөөсүнөн аябай кордук көрдү, акыры сот аркылуу ажыраштырып алдым. Анан үйдө отуруп, чөгүп кетпедиби. Азыр жакшы, куунак...

-- Алаксып аткандыр... 

-- Мен психологиялык китептерди көп окуйм. Деги эле аракеттенип, кызымдын көйгөйүн канча убакыттан бери чече албай кыйналып келдим.

-- Психология дейсизби?

-- Ай, издендим да.

-- А-а...

-- Сизди алаксытып койдум окшойт. Эртеңки убактыңызга карасаңыз, кечки 19.00гө биздин үйдүн жанындагы кофейняга келесизби?

-- Жарайт! Барайын.

Телефонду коюп эле оор үшкүрүнүп, шалдая отуруп калдым. Беймаани санаага алдырып. “Ал жактагы кофейнядан мени көргөн го? Же кызы айттыбы?” деген суроолуу ойлорго алаксыдым. “Энеси билип калган го?” деген тейде түкшүмөл тартып, Назикке телефон чалдым.

-- Кандайсың, сулуу? Кайда жүрөсүң?

-- Жакшы. Өзүңүз?.. Үйдө эле. 

-- Офиске келчи? 

-- Шашылышпы?

-- Келе берчи? Сөздөр бар.

-- Макул, - деди илбериңки. 

Көп өтпөй Назик кабинетке кирип келди. Шашып алган. Жай учураштык. Ууртунан сүйдүм. Толкундануу. Сирень коштогон жыты аңкыды. Анын эриндери кытыгылай искегилеп, өпкүлөй баштады...


***

Кеч курун болжошкон кофейняга бардым. Биз таанышып, диванга маңдай-тескей отура кеттик. Көз айнекчен, чачын тысырайта төбөсүнө тарта байлаган, ак-саргыл жүздүү айым чийилген кашын серпип алды. Көрктүү, келишимдүү экен. Элүүгө чыга элек шайдоот курак. Анан калса, бакыракай, бүлдүркөндөй көздөрү күңүрт очкисинен ансайын сурданып, сырдуу көрүнгөнүчү...

-- Кофе, же чай? - деди ал суроолуу карап.

-- Көк чай. 

-- Эмнеге чакырдым? Сиз менен акылдашчу сөздөр бар. Дароо эле баштайын...

-- Ток этеринен десеңиз.

-- Туура айттыңыз. Назик ички дүйнөнүн кризисине батып калган да, ага кеңеш берип, жардам кылганыңыздын баарын айтып берди. Эч нерсе жашырбайт да. Кубанганымды айтпа! Анүстүнө жалгыз бой энемин, карманганым эле ушул кызым... - деп Сара айым ойлуу карады.

-- Ооба, багыт бердим, түбөлүгү түз болсун!

-- Рахмат. 

-- Назик өзү сергек, акылдуу, билимдүү кыз турбайбы. Аңгиге кабылганы кейиштүү... – кыжырланып алдым.

-- Ошол акмактан кутулуш керек. Ал дайыма артынан калбай аңдып, бир жамандык кылчудай түрү бар. Өткөндө мен түнкү сменге кеткенде да келген турбайбы...

-- Арыз жазбайсызбы?

-- Эки жолу камалган, кайра эле бошоп кетип атпайбы. Соттордун кесепетинен...

-- Анда жолун табалы.  

-- Иним Түштүк Кореяда иштейт. Мен да бир жылдай жүрүп келдим. Жумуш жакшы боло баштаганда булардын чатагы күчөп, кайра кайтпадымбы. Эми Назикти алып кетпесем, алиги “көк союлдай” неме соо койчудай эмес. 

-- Туура, бир чечимге келгениңиз. 

-- Азыр ага карата арызданалы десек, кол тийгизе элек. Бирок ишенич жок, артынан шынаарлап, көлөкөдөй ээрчип жүрбөйбү.

-- Аракетиңиз ишке ашсын, мен колдойм. Ден соолук, өмүрдөн өткөн баалуу нерсе барбы?

-- Ошон үчүн сиз менен акылдашууну туура көрдүм. Назик да айтты, “Мактал байкеден сурап көрөсүзбү?” деп. 

-- Качан кетесиздер? - дедим өзүмдү бөксөрүп бараткандай элестетип.

-- Жакын арада эле. Ал жактагы иним менен сүйлөшөм, эртелеп барганга камылга көрөлү. 

-- Назиктин да абалын түшүнүп турам. Мага айтып берди эле. 

-- Ачык кыз эмеспи.

-- Анда даярдык көрө бериңиздер. Сиздерди узатайын...

-- Абдан жакшы болот.

Сара ачык-айрым, ойлогонун шар айткан айым экен. Маңдайы жарык, ичине сөз катпаган, жадыраган өзгөчөлүгү көрүнүп турду. Биз эзелки тааныштардан бешбетер баарлашып, Назиктин келечегин талкуулап, жакын арада кайрадан кабарлашууга токтодук. Көңүлү көтөрүңкү жөнөдү... 

Эртеси Назик менен сүйлөшсөм, ал Түштүк Кореяга кетүүгө көңүлү чаппай, Бишкекте эле мени менен калууну суранды. Эки анжы ойдо термелем. Назилинде мен үчүн кызыктуу күндөр өтүүдө... Кандай арга кылганда деле Сара айым кызын Кыргызстанга таштап кетмек эмес. Катуу киришип алганы маалым. Анүстүнө ачкүсөндөй болуп мурдагы эри жамандык кылуунун амалында жүрсө, бул жагы да опурталдуу эмеспи. Бирок Назиктин боюна бүтүп калганын эртелей билгенимде, аны алып калуунун бир айласын табат белем?  

Акыры узатуу күнү да келди. Мен машинамды айдап, Асанбайга бардым. Назик апасы менен сумкаларды көтөрүп сыртка чыгып атышыптыр. Шапа-шупа багажга жайгаштыра салдым. Зуулдап жөнөй бердик. Аэропортко. Жолду ката кыргыздын уккулуктуу мукам музыкаларын сыбызгытып койдум. Сара айым кызы менен жаңы жашоосуна жетине албай, буюрса бир балакеттен кутулганына кудуңдап, мындан ары бактылуу өмүр кечирүүнү кыялданып, канат байлап учкандай эле толкундануусун жашыра албай оболойт. Мен күзгүдөн Назикти улам карап коём, негедир маанайы чөгүңкү. Жалооруган жамалына ансайын көздөрүм кадалат... Апасынын шаттуулугу ай. Мурда Түштүк Кореяда кондитердик цехте иштегенин, кесиби ашпозчу экенин, Кыргызстанда да бир топ кафе-ресторандарга салым кошконун баяндап баратты. “Ат жалына казан ас” деген кептин учугун улап, Сара айым жол арбытып, аэропортко адымдай эле жете келдик.   

Коштошуу мүнөттөрү да жакындады. Башта анчалык байкалбаганы менен азыркы чакта ичим эңшерилип, туталана баштадым. Тааныш эмес жагымсыздык чап жармашкандай болду. Денем чымырап, көөдөнүм сыгылып чыкты. Аңгыча Сара айым жаркылдай бетимен өптү. Эмнегедир уяла түштүм. Андан соң Назик мойнума асылып, бекем кучактады. Жүрөгүнүн тез-тез соккону жылуулук бүркүп жаткансыды...

-- Сиз мага келиңизчи? - деди. 

-- Барам. Мен дайыма сенин жаныңдамын, - саамайынан сыладым. 

-- Бул сизге белек... – деди конвертти узатып атып. 

-- Ой, укмуш го!

-- Барганда сизге чалам э?

-- Сөзсүз! Аман-эсен жетип алгыла.

-- Жакшы калыңыз... - деди ал көздөрүн жүзаарчысы менен жумшак сүртүп. 

Бетинен сүйдүм, туз таттым. Назик кылчактай карап узап баратты. Ошентип, биз коштоштук. Апасы экөө улам алыстай берди. Мен кол көтөрдүм, алаканым сынып-сынып булганат десең.

Бери баса берип конвертти ачтым. Тест. Эки белги жанып турат. Дендароо кейипте туруп калдым. Ой токтоп калгансыды. Анан дароо артымды карадым, топураган элдин арасынан Назиктин карааны көрүнбөй көпчүлүккө жутулуп кетиптир. Түз эле барга өттүм, ичим тызылдайт... 

-- Вискиден 100дөн экини куй! Лимону менен... – шашылыш үн салдым.

-- Жалгыз элесиз го? 

-- Куя берсең эми! - дедим кекерлүү.

Бардагы жигит шашкалактай ишин аткарып атты. Кош вискини лимону менен тартуулады. Токтоосуз биринчисин алып ийдим. Кызыл өңгөчүм ысып барып, тамылжый түштүм. Дем, күч-кубат кошулду. Эргүү коштоп. Көп өтпөй экинчи бокалды көтөрдүм. Лимон тиштеп, ачуурканасың саамга. Колумдагы тестти карадым. Назиктин белеги. Сүйүнүч бүткөн боюмду жай ыргакта аралады. Бул менин утушум, табылгам эле. “Түйүлдүк...” дедим ойлордун катаал толкунуна тайынып. Муну сөз аркылуу талдап, ой-жорум менен аңдай албайсың. Жараткандын жалгоосу дагы бир наристенин тагдырын жазды... 

“Сабырдын түбү сары алтын”. Күн чыгыш тараптагы кыял-эргүүмдү күтүүдөн башка чара жок, жөн-салды алаксып, бир эсе жашоо кызыгы сууп калгандай сезилип, өзүмчө күмөнсүнүүгө да алдырып, кайра күлүк ойго жетеленем. “Орун-очок таап, жайланышып алса, байланышка чыкса керек, бөркүмдөй көрөм” дегенчелик ишеним бар. 

Антейин десем, Назик кабарын создуктуруп, дайын-дарексиз дымыганы эмнеси?

Арадан үч күн өткөн соң Сара айым телефон чалды. Эмнегедир жүрөгүм опкоолжуп, байланышка чыгуудан, сүйлөшүүдөн айбыктым. Ал эки ирет токтоосуз түрдө коңгуроо калтырды. Каным дүргүп, албырып чыкканымды карасаң. Таза эле айыбы ачылып, шаштысы кеткен адамдай алактап, дарманым кете түштү. Көнүмүш бушаймандыкка алдырып, беймазалыкка батып бараттым. “Кылгылыкты кылып коюп... Боозутуп салып, тымпыйып калган экенсиң да! Бул эмне кылганың?” деп жер-жебериме жетип, маземди алабы? Же эстүү аял жолун таап, жайбаракат эле сүйлөшөбү? Эгерде менин жаза тайганымдын кесепети тийсе, ал жүктү көтөрүүгө деле даяр элем. Ошол узаткан күндөн бери санаам санга, оюм онго бөлүнүп отурбайымбы. Асыресе, толгон-токой түкшүмөлдөр ороп алды, анан калса, жандүйнөм жараланып, өзүмдү жекире бергенимчи! Балким, араздашууга негиз деле жоктур. Мына, Сара айым кайрадан телефон чала баштады...   


Асланбек Сартбаев

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер