Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марс Сариев: “Тоо-кен тармактарын иштеткендин ордуна элиталык туризмге басым жасайлы”

Марс Сариев: “Тоо-кен тармактарын иштеткендин ордуна элиталык туризмге басым жасайлы”

20-июнь, 19:30
555 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өткөн аптада Бишкекте Катар менен Кыргызстандын ортосунда мамлекеттер жана өкмөттөр аралык 13 документке кол коюлду. Кыргызстан Катарга кандай багыттагы долбоорлорду сунуштаса ыңгайлуу жана келечектүү?

-- Өткөн аптада өлкөбүз үчүн чоң жаңылык алып келе турган конокторду кабыл алдык. Биз азыр Кыргызстанда бизнес курууга кызыкдар болуп турган Катарга абдан мыкты долбоорлорду сунушташыбыз керек. Айыл чарба тармагында экологиялык таза өндүрүмдөрдү, эт азыктарын, керек болсо минералдык сууларды да сатсак болот. Пайдалана турган абдан көп факторлор бар. Анткени, арабдарда азыр акча бар, бирок дүйнөлүк деңгээлде адал туризмди өнүктүрө турган мейкиндик жок. Ошондуктан бул жерде элиталык туризм үчүн шарттарды түзүү зарыл. Экологияны талкалаган жана мөңгүлөрдү жок кылган Кумтөр сыяктуу тоо-кен тармактарын иштеткендин ордуна туризмге басым жасашыбыз керек болуп турат. Швейцариядагыдай, Франциянын Канн, Ницце аймактарындагыдай элиталык туризмди, бальнеологиялык дарылоо жайларын жана курорттук аймактарды өнүктүрүүбүз керек. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер