Аскар Акаев: “Кудай позициясын тез алмаштырган адамды жазалайт”

Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаев позициясын ушунчалык тез өзгөртүп жаткан Акылбек Жапаровду Кудай жазалайт деп үмүттөнөт. Мурунку мамлекет башчысы ушул ойлору менен Avtor.tv порталына берген жаңы маегинде бөлүштү.
Акаев белгилегендей, бардык көйгөйлөр Курманбек Бакиевдин тушунда, 2009-жылы түзүлгөн келишимден улам башталганын жана Акылбек Жапаров өзү Кумтөр боюнча келишимди Бакиевдин убагында иштеп чыкканын айтат.
“2005-жылы Бакиев бийликке келгенден кийин мага карата уурдаган байлыгымды табууну буюрган. Кырк адамдан турган топ эч нерсе таба алган жок. Мени Кумтөрдөн миллиард доллар уурдады деп кылмыш ишин козгошту. Алтургай чет элдик детективдерди жалдашкан, бирок эч нерсе таба алышкан жок. Эми Жапаров маркум Танаевге жана менин уулум Айдарга жалаа жаап жатат. Кудай позициясын тез алмаштырган адамды жазалайт деп ишенем” дейт ал.