Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Феликс Кулов: “Кыргызстан партиясы боюнча БШКнын чечими мыйзамсыз жана жокко чыгарылышы керек”

Феликс Кулов: “Кыргызстан партиясы боюнча БШКнын чечими мыйзамсыз жана жокко чыгарылышы керек”

26-август, 12:06
1 715 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” саясый партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин кабыл албай, артка кайтаруусу мыйзамсыз”.  Мындай пикирин саясатчы Феликс Кулов Фейсбук баракчасына жазды. 

“БШКнын “Кыргызстан” партиясын каттоодон баш тарткан себеби – тизмени ыйгарым укуктуу өкүлүнөн башка адам алып келгени. Дароо айтып коёюн, мен “Кыргызстан” партиясын коргоюн деген оюм жок. Мени бул партиянын тагдыры таптакыр кызыктырбайт. Бирок, биздин Конституцияда жазылган, биз мыйзамга баш ийген өлкөбүз, БШК мыйзамга таянып чечим кабыл алышы керек.

Ал эми мыйзамда каттоодон баш тартууга негиз болуучу 7 себеп так жазылып турат. Бирок, алардын арасында “ыйгарым укуктуу өкүлүнөн башка адам алып келсе каттабай коюу керек деген жери жок.    Ооба, шайлоо тууралуу мыйзамдын 61-беренесинде айтылат: “Документтерди БШКга ыйгарым укуктуу өкүл тапшырышы керек” деп. Бирок, “башка адам тапшырса, каттабай коюуга негиз болот деп мыйзамда жазылган эмес. 

Бул албетте, эреже бузуу, бирок ал үчүн партияны каттабай коё тургандай эмес. Мына ошондуктан, БШКнын чечими мыйзамсыз жана жокко чыгарылышы керек” деп жазган саясатчы өз билдирүүсүндө.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер