Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мухиддин Акбаров, элдик табып: “Бейтаптарды адамдан да акылдуу аарылар менен дарылайм”

Мухиддин Акбаров, элдик табып: “Бейтаптарды адамдан да акылдуу аарылар менен дарылайм”

20-январь, 09:00
662 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мухиддин мырза, сизди Ош шаарынын тургундары мыкты касыйдачы катары таанышат. Айтсаңыз, бир адамга “жин” кирип кеткен болсо канча убакытта тазалап чыгарасыз?

-- Эгер ал адамга “жин” жаңы эле кирген болсо, анда бир же эки жолу касыйда окуганда эле тазаланып чыгат. Ал эми “жин” мурунтан кирип, айлап, жылдап убакыт өтүп кеткен учурларда, анда бейтаптын алы, физикалык күчүнө, кубатына жараша болот. Дегеним, касыйда окуган учурда организм алсырайт, шалдырап, тамакка болгон табити начарлай баштайт. Андыктан, физикалык күчтүү бейтаптар бир же эки жуманын ичинде өз калыбына келе баштайт. А беркилерге жарым жылга жакын, этап-этабы менен касыйда окуп, “жиндеринен” арылтабыз.

-- Укканыма караганда, кээ бир касыйдачылар бейтаптарды “жинден арылтабыз” деп атып, өздөрү ооруп калган учурлар болот экен, ушундайбы?

-- Эң ириде касыйдачы өзү физикалык, моралдык, духу жагынан күчтүү болуусу кажет. Антпесе сиз айткан учурлар болгон. Касыйдачылар өздөрү ооруп, бейтаптын “жиндери” оошуп кетип, кыйналышкан. Кудайга шүгүр, менде андай учурлар болгон эмес.

-- Кайсы курактагы адамдар “жин кирип кетти” деп кайрылып атышат?

-- Басымдуу бөлүгү жаштар, анын ичинде эркек балдар. Өзгөчө өткөөл курактагылар көп кайрылышат.    

-- Бул жагы түшүнүктүү болду. Мага апитерапияңыз да жакты. Аарылардын жардамы менен бейтаптарды дарылоо боюнча кыскача токтолсоңуз?

-- Карамагымда 1200 үй-бүлө, ар бир үй-бүлөдө болжол менен 14 миңге чейин аарым бар. Апитерапиянын жардамы менен инсульт, простатит, нерв, муун, кан басым, кант диабет ж.б. илдеттерден арылса болот. Азыр гепатит оорулары көбөйдү. Апитерапия буга миңдин бири. Бир жылда эки жолу алып койсо, гепатит жолобойт. Иммундук системаны түшүрбөй кармап турат. 

-- Кандай ыкма менен чактырып дарылайсыз?

-- Апитерапия менен алектенгениме 20 жылдан ашты. Учурда аарыларды бейтапка коё бергенимде аары бейтаптын ооруп аткан жерин өзү таап, өзү чаккыдай ыкманы өздөштүрдүм. Эч жери оорубаган адамга аарылар жолобойт жана жөн эле чага бербейт. Жалпак тил менен айтканда, тарбияланган “карпат” тукумундагы аарылар. Адамдан да акылдуу. Бул ыкмага келиш үчүн далай жылдар, далай эмгек кетти. Учурда жемишин бере баштады. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер