Акыркы кабарлар
» Коом » Маммолог: “Эмчек рагына эрте жашта кабылгандар көбөйдү”
Маммолог: “Эмчек рагына эрте жашта кабылгандар көбөйдү”
31-октябрь, 17:40

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда аялдар арасында эмчек рагы онкологиялык оорулардын ичинен биринчи орунда турат. Башкача айтканда, бир жылда өлкөдө алты жүзгө чукул аял эмчек рагына кабылат. Дарыгерлер бейтап убагында кайрылса эмчек рагын айыктырып кетүү мүмкүнчүлүгү жогору дейт. Дарттын алдын алуу үчүн эмнелерди билиш керек, белгилери кандай болот жана ага кандай фактырлар себеп болот?
Жогорудагы суроолорго “Марал” радиосунун “Мединфо” уктуруусунда онколог-маммолог Макиева Кыял жооп берген.
“Бардык онкологиялык оорулардын ичинен эң коркунучтуусу эмчектин залал шишик оорусу. Дүйнө жүзү боюнча ушул патология биринчи орунду ээлеп, анын ичинде Кыргызстанда дагы дал ушундай көрүнүш”.
Дарыгер белгилеп кеткендей, эмчекте шишик пайда болгондо эч кандай оорутпай, белгилери жок болгон үчүн көпчүлүк айымдар кеч байкап калышат. Диагностиканы чыгарып бергенден кийин да айрымдар өз алдынча элдик медициналык тажрыйбаларды кылып көрүп, эч кандай пайда чыкпаган соң, биринчи стадиядагылар үчүнчү стадияга жеткенде гана ооруканага кайра келишет. Эгер ооруну баштапкы учурунда дарылабаса, көкүрөктү кесип салууга туура келет.