Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыскасы, бир керемет адам мамлекеттик катчы болду...

Кыскасы, бир керемет адам мамлекеттик катчы болду...

14-октябрь, 19:21
2 011 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сүйүнбек Касмамбетовдун мамлекеттик катчы болуп дайындалышы коомчулукта жылуу кабыл алынды. Себеби, ал көп жыл мамлекеттик кызматта иштеп такшалып, 40 жылдан бери саясаттын казанында кайнап келатат. Манасчынын баласы болгондуктан күркүрөгөн тааныштары деле болбоду, өз күчү, ак эмгеги менен өстү. Мектепти бүткөндөн кийин чарбада иштеп, аскерде кызмат кылып, жөн эмес жакшы кызмат кылып, партияга өтүп, студент кезинде университеттин турмушуна жигердүү аралашып, курулуш отрядын жетектеп, алдыңкы катарда жүргөн. 

90-жылдары райкомпартиянын идеологиялык бөлүмүндө инструкторлук кызматты аркалап, андан кийин министрликтерде иштеп, тажрыйба топтоп, Белоруссияда элчиликте эмгектенди. 90-жылдардагы каржылык кыйынчылыктарда мамлекеттик кызматчылардын көбү “айлыгы аз” деп ишин таштап, бизнеске өтүп кетишкен, бирок Сүйүнбек Касмамбетов жокко чөкпөй, баардык кыйынчылыктарды көтөрүп, мамлекеттик кызматтан кеткен жок. Жогорку Кеңеште эксперт болуп, аппарат башчысынын орун басары, андан кийин аппарат башчы да болуп иштеп, жетекчи катары калыптанды. “Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң” дегендей, өткөн жылдагы Октябрь окуяларынан кийин тажрыйбалуу мамлекеттик кызматкер катары президенттик администрациянын башчысы болуу шыбагасына ээ болду. Бул жооптуу ишти да Сүйүнбек Касмамбетов камчы салдырбай алып кетти. Кыска убакыттын ичинде өлкөдө стабилдүүлүк орноп, өнүгүү жолуна түшүп, алдыга жылышына анын да салымы арбын. 

 “Жаңы мамлекеттик катчы кыргыз жана орус тилинде тексттерди расмий стилде келиштирип жазат” деп айтышат. Бул анын билимдүүлүгүнөн эле эмес, руханий бай дүйнөсүнөн да кабар берип турат. Ал жамактатып төгүп, созолонтуп элдик ырларды ырдайт, “Манасты” жанындай көрөт. Дүйнөлүк лидерлердин мемуарларын окуганды жактырат. Маектешип калсаңыз, кыргыздын уламыштарын, аңыздарын, санжырасын айтып отурса чети оюлбайт. 

 Ааламдашуунун шамалы айдап бараткан элибизди улуттук тамырынан ажыратпай, руханий көрөңгөсүн көбөйтүп, уңгулуу идеяларды өзүнө сиңирген, муундан муунга, атадан уулга өтүп сакталып келаткан каада-салттардын бекемделишин шарттай турган түптүү идеология иштеп чыгып, өлкөбүздү өргө карай жетелеп алып кетерине ишенебиз.

Кыскасы, бир керемет адам мамлекеттик катчы болду...


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер