Кыргыз философия илиминдеги академик Азиз Салиевдин өзгөчө орду


Азиз Абдыкасымович Салиев СССР илимдер академиясынын философия институтунун аспирантурасында окуп, 1951-жылы философия илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон. Темасы “Формирование и развитие киргизской социалистической нации” деп аталат. Жетекчиси белгилүү советтик философ, педагогика илимдери академиясынын академиги, убагында ССКП БКнын президиумунун (саясый бюросунун) мүчөсү, “Вопросы философии”, “Коммунист” журналдарынын башкы редактору, СССР телерадиокомитетинин төрагасы кызматтарын аркалаган профессор Д.И.Чесноков болгон. Биз университетте тарыхый материализм сабагын Д.Чесноковдун “Исторический материализм” аттуу окуу китеби боюнча окуганбыз.
Азиз Салиевдин жарык көргөн фундаменталдык китептери: “Что такое мысль?” – Ф.: Илим, 1971. 232-б., “Мышление как система” – Ф.: Кыргызстан, 1974. 247-б., “Человеческая психология и искусство” – Ф.: Кыргызстан, 1980. 308-б., “Акыл-эс дүйнөсү жана көркөм элес” – Ф.: Мектеп, 1981. 256-б., “Человек входит мир” – Ф.: Кыргызстан, 1983. 272-б., “Разум и время” – Ф.: Кыргызстан, 1986. 440-б., “Учение о мысли” – Б.: Илим, 2000. 688-б.
Көрүнүп тургандай, Азиз Салиев кандидаттык диссертациясын жактагандан тартып тынымсыз илимий изденүүлөр менен алектенген. Ал өмүрүндө жалаң гана илим менен эмес көптөгөн мамлекеттик кызматтарды, коомдук милдеттерди аркалагандыгын эске алсак, бул эбегейсиз чоң эмгек. Мисалы, 1953-1959-жылдары ал Кыргызстан КП БКнын чечими менен республикалык жазуучулар союзун жетектеген, 1955-1960-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 1968-1975-жылдары Кыргыз ССР илимдер академиясынын философия жана укук институтунун директору, 1997-2002-жылдары улуттук илимдер академиясынын вице-президенти кызматтарын аркалаган.
Мен ал кишинин иштөө стилин жана режимин көрүп калдым. Кабинетинде дайыма стол үстүндө иштеп отургандыгын көрөр элем. Китептеринин аталыштары көрсөтүп тургандай, анын негизги фундаменталдык эмгектери акыл-эс, аң-сезим жана ойлом, ой-чабыт, анын онтологиялык-таанымдык, логикалык жана психологиялык маселелерине арналган. Философиянын тарыхында аталган маселелерге ар дайым көңүл бурулуп келген. Анткени, философиянын негизги маселеси, классикалык өңүттөн алганда болумуш менен аң-сезимдин өз ара карым-катышы тууралуу маселе экендиги белгилүү.
Болумуш – аң-сезим дилеммасында акыл-эстин орду түгөнгүс талаштуу маселе эмеспи. Бул теманы убагында Сократ, Платон, Аристотель, Конфуций, Аль-Фараби, Р.Декарт, И.Кант, Г.Гегель жана башкалар талдоого алышкан. Бирок адамзаттын жашоосу канчалык улана берсе, бул тема да ошончолук түбөлүктүү.
Кыргыз профессионалдык философия илимине ушул түбөлүктүү, түгөнгүс, түйшүктүү темага алгачкы ирет батынып, баш салган илимпоз Азиз Абдыкасымович Салиев болду. Ал өз ыктыяры менен 17 жашынан 1942-жылы Улуу Ата мекендик согушка аттанып, 2-Украиналык фронттун курамында Украинаны, Румынияны, Венгрияны фашисттик баскынчылыктан куткаруу үчүн чабуулдарга пулемёттук взводдун командири чининде катышкан. 1943-жылы Будапешт үчүн салгылашууда оор жаракат алып, 9 ай дарыланып, майып катары демобилизацияланат. Согуштан кийин мурда окуп баштаган Фрунзе педагогикалык институтун 1947-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. 1948-жылы СССР илимдер академиясынын философия институтунун аспирантурасында окуп баштап, аны 1951-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоо менен аяктаган эле.
Согуштан алган жаракаттын залалы анын ден соолугун, айрыкча көзүнүн көрүүсүн улам начарлатып отуруп, 1970-жылдардын башында ал өз алдынча китеп окуй албай калган. Чыгармачыл инсан катары бул Азиз Абдыкасымовичке чоң сыноо болду. Бирок ал кол куушуруп, экзистенциалдык тагдырга моюн сунуп отуруп калган эмес. Өзүнүн терең философиялык билимине таянып, кажыбас кайрат менен атактуу эмгектерин ошол оор сыноо жылдарында жаратты. Ушул жерден Людвиг ван Бетховендин тагдыры аргасыздан эске түшөт. Ал да өзүнүн 3-симфония, 9-симфония сыяктуу залкар чыгармаларын кулагы такыр укпай калгандан кийин акыл-эс дараметинин гана күчүнө таянып жазган. Азиз Салиев жогоруда аталган эмгектеринин аркасы менен профессионалдык кыргыз философия илиминин баштоочуларынын бири катары ал илимдин келечек өнүгүүсү үчүн зарыл болгон чыйырын салып, бийик траекториясын чийип, өтө жогорку деңгээлге көтөрүп койгон. Жеке илимий чыгармачылыгында өмүрүнүн аягына чейин ошол бийик деңгээлди дагы көтөрсө көтөрдү, бирок төмөндөткөн жок. Буга анын өмүр жолунун соңку жылдарында жазылган “Разум и время”, “Учение о мысли” аттуу китептери айкын далил.
Автордун “Разум и время” деген эмгегинде буга чейинки философиялык изилдөөлөрү толукталып, жалпыланып, акыл-эс категориясынын алкагында аң-сезим менен сырткы дүйнөнүн онтологиялык карым-катышы, ойчабыттын формалдуу, таанымдык, психологиялык жана социологиялык өңүттөгү табияты искусство тармагындагы материалдарды кеңири колдонуу менен талдоого алынган. Сөз арасында айта кетүүчү бир жагдай, изилдөө, албетте, марксисттик диалектикалык теориянын жана методдун негизинде жазылган эле. Учур ошону талап кылган. Ошондуктан окумуштуу акыл-эстин, рухтун практикага тийгизген таасирин эки мисалдын негизинде талдаган. Биринчиси, илимий социализм теориясынын дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жаңы коомдук формацияны курууга тийгизген таасири, экинчиси, илимий-техникалык өнүгүүнүн жалпы социумдук прогресстин улам бир жаңы бийиктиктерге көтөрүлүүдөгү орду жана ролу. Ушул жерде классикалык немец философиясынын баштоочусу И.Канттын философиядагы Коперниктик төңкөрүшү деген концепт эске түшөт. Дүйнөнү таанып билүүдөгү акыл-эстин маани-маңызын өзүнүн “Критика чистого разума” (“Таза акыл-эстин сыны”) аттуу классикалык эмгегинде И.Кант дүйнөлүк моделдин калыптанышында мезгил-мейкиндиктин ордун талдоого алуу менен акыл-эсте калыптанган түшүнүктөр, анын ичинде мезгил жана мейкиндик түшүнүктөрү да дүйнө моделинин түзүлүшүндө чечүүчү мааниге ээ экендигин белгилеген. Бул космологияда Коперниктин гелиоцентристтик ачылышы сыяктуу бааланып, философияда объектке караганда субъекттин артыкчылыгын аздектеген окуу катары тастыкталат. Себеби, ал түшүнүктөр акыл-эске Канттын айтуусунда априори трансценталдуу тубаса түрдө берилген. Канттын бул идеясын академик А.Салиев марксисттик материализмдин аң-сезим, акыл-эс дүйнөнүн маңызын чагылдыра ала турган гана мүмкүнчүлүккө ээ деген принцибине таянып, талдоого алган. Башкача талдоого да болбойт эле.
Аталган эмгегинде Азиз Салиев ойчабыт түшүнүгүнө атайын токтолот. Бул жөн жеринен эмес, жогоруда айтылгандай, буга чейин анын “Что такое мысль?”, “Мышление как система” деген атайын эмгектери жарыяланат. Ойчабыт темасы советтик философия илиминде жеткиликтүү теориялык негизде изилдене электигин белгилеп, анын маанисин ачып берүүгө атайын токтолгон. Эң алды менен академик ойчабытты акыл-эстин көрүнүшүнүн зарыл формасы катары аныктайт. Окумуштуу бул теманын илимий актуалдуулугуна токтолуу менен аны комплекстүү түрдө философиялык, логикалык, психологиялык, социологиялык өңүттөрдөн изилдөөнүн зарылдыгын тастыктаган. Мындан сырткары, автор ойчабыттын образдуу ойчабыт, абстракттуу ойчабыт сыяктуу формаларын талдап, таанып билүү процесси аң-сезимде образдар катары берилген жандуу туюм-сезимден абстракттуу багытка жана андан практикага өтөөрүн объективдүү болумушту таанып билүүнүн диалектикалык жолу деген бүтүмгө келет.
Азиз Абдыкасымович өзүнүн көп жылдык философиялык изилдөөлөрүнүн квинтэссенциясы иретинде “Учение о мысли” аттуу эмгегин жазган. Бир сөз менен айтканда, бул кыргыз философия илиминдеги өзгөчө орунда турган изилдөө. Буга чейин болгон эмес, азыр да андан башка изилдөө жок. Бул китебинде Азиз Абдыкасымович акыл-парасаты толуп-ташып турган орошон ойчул катары өзү убагында талыкпай жүргүзүп келген эксперименталдык психологиялык изденүүлөрүндө топтолгон материалдардын негизинде ойчабыт түшүнүгүнүн онтологиялык, гносеологиялык, логикалык жана психологиялык табиятын ар тараптуу изилдөөгө алып мүнөздөгөн жана жаңы логикалык концепцияларды, категорияларды илимий колдонууга сунуштаган.
Окумуштуу бул китебин “биздин тынымсыз дем алып турганыбыз организмдин туруктуу жашоосун камсыздап турган сыяктуу эле баш мээбизде жүрүп турган ойчабытыбыз да жашообузду ошондой үзгүлтүксүз коштоп турат” деп баштайт. Адамдын акыл-эси биринчи кезекте демейки аң-сезим деңгээлинде көрүп, туюп, сезип, кабылдап турган дүйнөбүз тууралуу, “чын-төгүн”, “туура-туура эмес”, “байкоо”, “талдоо”, “тактоо”, “далилдөө” деген сымал түшүнүктөрдү калыптайт жана сөз формасында туюндурат. Ал эми биздин заманга чейинки IV кылымда жашаган Аристотель илим-билимди алгачкы ирет теориялык илимдер, практикалык илимдер, чыгармачылык илимдер деп ырааттуу системалап, теориялык илимдердин катарында ойчабыт тууралуу илим логиканы да негиздеп, образдуу айтканда, логиканын грамматикасын жана синтаксисин алгачкы ирет иштеп чыккан. Бул аң-сезимдин экинчи теориялык баскычынын башталышы, башкача айтканда, системалуу түшүнүктүк-категориялдык деңгээлдеги аң-сезим. Логиканын кийинки классикалык баскычтары, албетте, Аль-Фарабинин, Канттын жана Гегелдин философиялык системалары менен байланыштуу.
Азиз Салиевдин айтуусу боюнча акыл-эс, ойчабыт жөнүндөгү окуу Аристотелден миң жылдан кийин орто кылымдардагы Чыгыш ренессансынын көрүнүктүү өкүлү Абу- Наср аль-Фараби тарабынан өрчүп улантылган. Батыштын европоцентристтик айрым окууларында аль-Фараби Аристотелдин эмгектерин таржымалдаган ойчул катары гана бааланат. Иш жүзүндө аль-Фарабинин өзүнүн логикага гана тийешелүү болгон 40тан ашуун трактаттары белгилүү. Ойчабыт менен сөз байланышын диалектикалык туташ биримдикте караган изилдөөлөрүнүн өзү эле аль-Фарабинин философиялык концептинин жогорку деңгээлин көрсөтүп турат. Анткени, Аристотелдин логикалык изилдөөлөрү мындай маселелерди камтыган эмес. Аристотель гана эмес Европадагы андан кийинки логикалык изилдөөлөр да түшүнүк, ой жүгүртүү, ойду корутундулоо сыяктуу силлогизм деңгээлинде гана жүргүзүлүп, ой менен тилдин, ой менен сөздүн лингвологикалык бир бүтүн байланышы изилденбей келген. А.Салиевдин айтуусу боюнча аль-Фараби акыл-эстин, ойчабыттын психологиялык факторлорун изилдөөгө да өзгөчө көңүл бурган.
Бул китебинде да автор Канттын өзү изилдеген темага байланыштуу концепттерин талдоого алат. Жогоруда айтылган “Критика чистого разума" (“Таза акыл-эстин сыны”) аттуу эмгегинде Кант ойчабыт маселесин гносеологиялык (таанып билүү) өңүттөн гана изилдегендигин белгилейт. Албетте, бул маселени Кант өз теориясына мүнөздүү болгон трансценденталдык-агностикалык метод менен изилдегендигин Азиз Салиев атайын тастыктайт. Анын айтуусу боюнча И.Кант дагы ой, ойчабытты атайын категориалдык феномен катары караган эмес.
Азиз Салиев акыл-эс, ой, ойчабыт маселелерин изилдөөдө албетте Г.В.Фридрих Гегелдин логикалык системасына өзгөчө көңүл бурган. Себеби, Гегелдик философиянын өзөгүн түзгөн абсолюттук идея (рух) концепти – алды менен жалпы табиятка жана рухка мүнөздүү болгон акыл-эс жана ойчабыт. Сөз жеке адамдын акыл-эси же ойчабыты жөнүндө эмес. Гегелдин философиялык окуусунда дүйнөнүн субстанциялык негизин ойчабыт менен болумуштун окшоштугу, бирдейлиги түзөт. Гегелдин бүтүмүндө ойчабыт субъективдүүлүгүнө карабастан болумуштун объективдүү биринчи негизи, биринчи себеби. Ойчабыт өзүнүн материалдык, табигый болумдуулугун таануу менен объективдүү түрдө бар болгон абсолюттуу идеяга айланат. Ушул өңүттөн алганда акыл-эс адамзатына мүнөздүү болгон өзгөчөлүк эмес, ал болумуштун негизи, демек, дүйнөнүн өнүгүүсүнүн өзү логикалык процесс, ал дайыма карама-каршылыктуу, өзгөрүлмөлүү, дайыма аракетте. Ушундан улам акыл-эс, ойчабыт Гегелдин айтуусунда, табияттын, адамзаттын болумушунун абсолюттуу маңызы, негизи. Гегелдин логикалык системасын талдоону жыйынтыктап келип, А.Салиев ойчабыт Гегелдик абсолюттук идеяга түздөн-түз мүнөздүү болгон феномен экендигин белгилейт. Ал эми ойду болумуштун биринчи негизи эмес, адамдын аң-сезиминдеги субъективдүү акт катары караганда, ал тигил же бул затты, кубулушту акыл-эс деңгээлинде туюнткан түшүнүк деген гегелдик концептти да атайын талдаган.
Жогоруда Азиз Салиев кезегинде Кыргыз ССР жазуучулар союзун жетектегендигин айттык. Өзүнүн айтымында, ошол убактагы Кыргыз ССР КП БКнын биринчи секретары И.Р.Раззаков ага күтүүсүз жерден жазуучулар союзун жетектөөнү сунуштаганда каршы болуп, “баарын башкарсам да А.Токомбаев менен Т.Сыдыкбековду кантип башкарам?” дегенин айтып күлүп калчу. Бирок КП БКнын бюросунда бекитилип, ал кызматта алты жыл иштеген. Ал жылдарды эскергенде С.Каралаев менен М.Ауэзовдун достугу жөнүндө өтө маашырканып кеп кылар эле. Ушул жерден Азиз Салиев өзү отузга чыкпай туруп жаш жазуучуларга көргөн камкордугун айтпасак болбостур. Ошол камкордуктун бир мисалы Чыңгыз Айтматов. Азиз Салиев Айтматовдун алгачкы аңгемелерин окуу менен анын чыгармачыл талант-дараметин айныбай байкап, чарбада иштеп жүргөн жеринен чакыртып, Москвага эки жылдык адабий курста окууга жөнөткөн. Бул жөнүндө Чыңгыз Айтматов өзү “Искусство и человек” деген жыйнактагы макаласында айтат. Чыңгыз Айтматовдун Лениндик сыйлыкты алуусунда да Азиз Салиевдин салымы болгондугу абалтан белгилүү.
Азиз Салиев Кыргызстанда академиялык илимдин калыптанышында сап башында турган окумуштуулардын бири. 1954-жылы биринчилерден болуп жаңыдан СССР илимдер академиясынын филиалы деген баскычтан өйдөлөп, өз алдынча статуста түзүлгөн Кыргыз ССР илимдер академиясынын корреспондент-мүчөлүгүнө шайланган. 1960-жылы ал кайрадан илимге кайтып, академиянын философия жана укук бөлүмүндө иштеп баштайт. 1968-1975-жылдары академиянын философия жана укук институтун жетектеген. 1997-2002-жылдары академиянын вице-президенти болгон. Ал жаштарга аяр мамиле жасаган, дайыма кеп-кеңешин аябаган устат эле.
Азиз Абдыкасымовичтин ишмердүүлүгү бир эле илимий изилдөөлөр менен чектелип калган эмес. Ал биринчилерден болуп Ысык-Көл облусунун Тоң районунда мектептерде музыка таанууну кеңири окутуучу реформатордук системаны ишке киргизген. Өзү да классикалык музыканы аздектеп баалап, жумушта чарчаганда Бах, Моцарт, Бетховен, Чайковский, Шостаковичтин чыгармаларын рахаттанып угуп эс алчу.
Бул чакан баяндамада Азиз Салиевдин чыгармачылык потенциалын чагылдырган портретин толук ача коюу кыйын. Бирок, философиялык чыгармалары көрсөтүп тургандай, Азиз Салиев Кыргызстанда алгачкы ирет рационалдык-интеллектуалдык философиянын изин салган чоң окумуштуу болгон. Анын философиялык изилдөөлөрү тематикалык жактан диалектикалык логиканын теориясын, ойчабыттын логикалык маңызын ачып, ойчабытты философиянын негизги предмети катары караган Э.В.Ильенковдун изилдөөлөрү менен тектешип турат. Ильенков да Загорск (азыркы Сергиев Посад) шаарында майып балдарды окутуучу мектептерде эксперименттерди өткөрүп, балдардын көрбөй калуусу же укпай калуусу алардын интеллектуалдык дараметине терс таасирин тийгизбей тургандыгын далилдеп, инсан теориясы боюнча эмгектеринде чагылдырган (сөз арасында айта кетсек, 2024-жылы Э.В.Ильенковдун да 100 жылдыгы белгиленди).
Азиз агай жөнүндө айта берсек сөз көп. Кепти кыскарта чапканда, Азиз Салиевдин кыргыз философия илиминдеги орду анын изилдөөлөрү көрсөтүп тургандай өзгөчө болчу. Өзү да бет келбети, турган турпаты, ой калчап сөз баккандыгы менен байыркы Сократты элестетип турар эле...
Өскөн Козубаев, философия илимдеринин доктору, профессор, академик А.Алтмышбаев атындагы философия институтунун бөлүм башчысы
"Азия Ньюс" гезити











