Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Туура эмес тамактануу, аз кыймылдуулук инсультка дуушар кылат

Туура эмес тамактануу, аз кыймылдуулук инсультка дуушар кылат

27-октябрь, 18:36
588 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2006-жылы бүткүл дүйнөлүк инсульт менен күрөшүү уюму (World Stroke Organization, WSO) аталган илдет жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу максатында “29-октябрь – бүткүл дүйнөлүк инсульт күнү” деп жарыялаган.

Инсульт – бул мээдеги кан айлануунун кескин түрдө бузулушу. Жүрөк кан тамыр ооруларынан улам келип чыгат. Инсульт мээдеги тамырлардын бири жарылгандан же кан тамырдын бир жеринде кан уюп, тамыр бүтөлүп калгандан улам пайда болот. Мындайда мээ ткандарынын жана мээнин иштеши начарлайт. Инсульт геморрагиялык (мээге кан куюлуу) жана ишемиялык (мээнин инфаркты) болуп бөлүнөт.

Дүйнөдө жыл сайын инсульттан 6 миллиондон ашуун адам каза болот.  Эксперттер жүрөк кан тамыр ооруларынын келип чыгышына туура эмес тамактануу, аз кыймылдуулук, ичкилик ичүү жана тамеки чегүү себеп болорун айтышат.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер