Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирустун биринчи белгилери кандай?

Коронавирустун биринчи белгилери кандай?

25-июнь, 13:00
3 152 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1. Эгерде сизде төмөнкүлөрдүн ичинен бир же бир нече белгилер байкалса:

Тамагыңыз ооруп же кычышса,

Жөтөлсөңүз,

Дене табыңыз көтөрүлсө,

Ичиңиз өтсө,

Алсыздансаңыз, тердесеңиз,

Муундарыңыз какшап, булчуңдарыңыз ооруса.

2. Анда төмөнкүдөй аракеттерди көрүңүз:

* Үйдө болуңуз,

* Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн обочолонуңуз (мүмкүн болушунча өзүнчө бөлмөдө болуп, үйдөгү кыймылды азайтыңыз),

* Гигиенаны сактаңыз (бет кап кийип, колду бат-баттан жууп туруңуз, өзүнчө идиш колдонуп, бөлмөнү желдетип туруңуз),

* 118 номерине же үй-бүлөлүк дарыгерге чалыңыз. Сизде болуп жаткан белгилер жөнүндө SMS да жөнөтсөңүз болот.

* муктаждыкка жараша дарыланууну баштаңыз.

3. Симптомдуу дарылоо:

* суюктукту көп ичиңиз (суу, чай, компот),

* дене табыңыз 38,5 °Cден жогору болсо парацетамол же ибупрофен ичиңиз.

4. Башка өнөкөт ооруларды да дарылоону улантыңыз (гипертензия, кант диабети, жүрөктүн коронардык оорусу, өпкөнүн обструктивдүү өнөкөт оорусу, богок жана башка)

5. Абалыңызга көзөмөл жүргүзүп туруңуз:

* Дене табыңызды өлчөп туруңуз,

* Тамырдын согушун байкаңыз,

* Дем жетишпей жатабы же жөтөл көбөйдүбү көңүл буруңуз.

6. Бул белгилер болсо күн сайын үй-бүлөлүк дарыгерге абалыңыз жөнүндө айтып туруңуз.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер