Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баткенде чек арачы 8 жашар баланы атып алды. Бейтаптын азыркы абалы

Баткенде чек арачы 8 жашар баланы атып алды. Бейтаптын азыркы абалы

08-август, 15:41
755 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Миң-Өрүк айылына жакын жерде К.Ж. аттуу жоокер 8 жашар баланы атып алды. Бул тууралуу чек ара кызматы билдирди. Окуя 7-август күнү болгон.

"К.Ж. аттуу катардагы жоокер Миң-Өрүк айылынын четинде кызмат өтөп жаткан учурда куралдуу күчтөрдүн уставынын талаптарын бузуу менен кокустан ок чыгарган. Анын кесепетинен 2014-жылы туулган А.С. аттуу балага ок тийип, жаракат алган. Ал дароо Баткен облустук бириккен ооруканасына жеткирилген" деди чек ара кызматы.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 8-август саат 13:00гө карата баланын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Окуя боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасына жана укук коргоо органдарына маалымат берилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер