Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бийлик талаша чуркай баштаган Кадыр Кошалиевдин эмне билгени бар?

Бийлик талаша чуркай баштаган Кадыр Кошалиевдин эмне билгени бар?

15-июль, 12:49
471 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тарыхта гунндар менен хунндардын айырмасын билбей, “Кыргыз жолу” деген коом түзүп, кыргызды бетине кармап, бийликке илине албай жүргөн мурдагы комсомол аткаминери Кадыр Кошалиев деген бар. Мурда улуттук нарк, каада-салтты сөз кылып, “кыргыз” деп ураан чакырып жүрчү, анысынан эч нерсе чыкпасын билгенби, айтор, бул эргул эми саясый амбициясын агытып, бийликке доомат коюп, “бул өкмөт иштей албай калды, кетсин” деген талаптарын коё баштады. Биз деле ийгилиги менен кемчилиги аралаш өкмөттү коргойлу же козгойлу (!) деген ниетибиз жок. Алгач “кыргыз” деп жүрүп, улутка күйбөгөн, өзү алган билими боюнча журналист, бирок ал тараптан майнап чыкпасына көзү жеткен окшойт, бир туруп Дастан Сарыгуловду ээрчип, ага таарынса Топчукеге кошулуп, айтор, аягы сай таппай жүргөн. Андан кийин “элдик курултай” деп ээленип, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын талашып чыкты. Кадыр Кошалиев элдин тагдырына байланышкан курултайлар өтүп жатканда кайда жүргөнүн эч ким билбейт. Эми болсо курултайды бетине кармап, бийлик талашып чуркай баштаганы эмнеси? Анын бул “акылын” туура түшүнгөн депутаттар “Курултай жөнүндө мыйзамды” өткөрбөй коюшту. Буга окшоп, бийлик талашкандар бөйрөктөн шыйрак чыгара берсе, эл арасы тынчыбайт окшойт... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер