Гүланда Исабекова: “Күмүшкан Ахметованын балдарга жарыгы тийүүдө”
Гезитибиздин туруктуу окурмандарынын бири Гүланда эже ак менен караны туура ажыратып, коомго жарыгы тийген инсандарды ачык баалайт. Бул саам наристелерге өзгөчө кам көргөн коомубуздагы эмгекчил каарманыбыз боюнча учкай кеп салды.
-- Бишкек шаарындагы 5-кичирайондо №71 балдар бакчасынын директору Күмүшкан Ахметова аттуу мыкты айым бар. Менин 4-5 чөбөрөм бери дегенде үч жылдан бери ушул бакчага барышат. Биринчиден, Күмүшкан айым келгени биздин бакча жомоктогудай өзгөрдү. Ичинин баарын оңдоп-түздөп, керектүүнүн баарын таап, сонун кылып жасап койду. Буга чейинки директорлордон чоң айырмасы ушунда. Күмүшкандын өмүрү узун, ден соолугу чың болсун! Наристелерге ушундай ак иштеген мээримдүү адам керек. Эгерде ар бир мекемеде ишбилги адистерибиз эмгектенишсе, биздин өнүгүүбүз тездейт эле...