Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаров: «Алымкадыр Бейшеналиев жакшы иштеген министр»

Садыр Жапаров: «Алымкадыр Бейшеналиев жакшы иштеген министр»

27-апрель, 18:12
503 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

АКИpress агенттигине берген маегинде президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди колдоду. Журналисттер президенттен кимди өкмөттүн алсыз жана күчтүү звеносу деп эсептей тургандыгын сурашты. Жапаровдун айтымында, саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев жакшы иштеген министр.

«Ал өзү дарыгер, профессор, өмүр бою ушул тармакта иштеген. Анын сөз байлыгы бай эмес, көп сүйлөбөйт, бирок менеджер. Үч айдын ичинде министр оптимизация, реформа жүргүздү. Ал уурдалган акчаны медицина тармагына кайтарып берди, ошонун эсебинен биз дарыгерлердин айлыгын көтөрдүк, мунун бардыгы анын эмгегинин аркасында. Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун 3,5 миң дарыгеринин айлыктары 100%, калган 10 миң дарыгерлердики 50% көтөрүлдү. Мунун бардыгы саламаттык сактоо министринин жетишкендиги, анын күнү-түнү иштегендиги» деди президент.

Эске салсак, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус инфекциясы менен ооругандарга Ысык-Көл тамырынан уулуу тундурманы ичүүнү сунуш кылган. Анын айтымында, ага мындай дарылоону президент Садыр Жапаров сунуштаганТундурма мамлекеттик резиденцияда даярдалган экен. ДCУ, эксперттер жана дарыгерлер бул тундурма өмүргө коркунуч туудуруп, өлүмгө алып келиши мүмкүн деп эскертишет. Ууланган үч адам  ооруканага түшкөн. Мындан тышкары, Бейшеналиев дагы бир катар чуулгандуу сөздөрдү айткан.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер