Аиза Солтогулова: “Циститти убагында дарылабаса, тукумсуздукка алып келет”

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун биргелешкен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы менен маек.
-- Цистит дарты эмнеден улам пайда болот?
-- Цистит – бул табарсыктын ички чел кабыгынын сезгениши. Анын курч жана өнөкөт түрлөрү болот. Себептери абдан көп. Бул оору эркектерге салыштырмалуу аялдарда көп кездешет. Айрым учурда эркектерде, жаш балдарда да учурайт. Негизги белгилеринин бири заара ушатууда чыдагыс оору жаралат, дене табы көтөрүлөт. Зааранын өңү бозомук тартып калат. Кээде кандын тактары да байкалат. Ал эми өз убагында дарыланбаса, оор өнөкөт түрүнө айланат. Циститтин белгилери: тез-тез заара кылуу (15-20 мүнөт сайын), ичтин ылдыйкы бөлүгүнүн чыдатпай оорушу. Зааранын киргилдениши. Дене табынын 37 градуска чейин көтөрүлүшү, заара ушатууда 2-3 тамчы кандын коштоосу, жүрөктүн айланышы жана кусуу.
-- Оорунун себептери кандай?
-- Циститтин себептери – инфекция, суук тийүү. Кичинекей балдардыкы көп учурда буттарын сууга малганда, сырттан суу кечкенде, эркектердики инфекциядан улам күч алат. Муздагыраак суу менен даарат алганда да инфекция кириши мүмкүн. Өзгөчө жаңы турмушка чыккан кыздарда, жаңыдан жыныстык жашоо башталганда, келин жаңыдан кош бойлуу болгон кезде да бул дарт көп кездешет. Эгер дарыланбай койсо дарт өнөкөт түрүнө өтүп кетет. Өнөкөт түрүнө өтсө, бир жылда бир нече ирет кармайт. Муздак суу менен колун жууп койсо деле кармап калат. Айымдарда айызы келип жаткан учурда көп кармайт. Ошондо “өнөкөт түрүнө өтүп кетти” деп айтабыз. Андан да эң коркунучтуусу, ар түрдүү башка ооруларга айланып кетет. Жакынкы органдарын жабыркатып отуруп, тукумсуздукка алып барат. Цистит күчөп кеткенде ички чел кабыкка чейин жабыркайт. Суук тийүү улам катмарларга тереңдеп кете берет. Колду кесип алганда кадимки териге айланбай, изи калып бүтүп жатпайбы, ошол сыяктуу ички органдарга да суук тийип, айыккан кезде мурдагы калыбына келе албай,табарсык жакшы жыйрыла албай калат.
Циститтен арылуунун жолдору
"Жылуу кийин, бутуңду жылуу карма" деген сөздөрдү убагында кулактын сыртынан кетирип, азабын суук түшкөндө тартып калабыз. Цистит дарты айымдарга эле эмес мырзаларга да мүнөздүү. Дааратканага тез-тез чуркаткан оорунун келип чыгышына өзүбүз себепкер болобуз. Цистит коркунучтуу оору болбогону менен маал-маалы менен ыңгайсыздык жаратып, жанга тынчтык бербейт. Көпчүлүк айымдардын көйгөйү болгон циститти үй шартында айыктырып, жеңилдетүүнүн жолдору бар.
Сасык тумоонун да чоң таасири бар
Циститке бат кабылуунун бирден бир себеби – сасык тумоо. Медициналык тил менен айтканда, цистит табарсыкка инфекция кирип кеткенден улам пайда болот. Кокус цистит учурунда адам сасык тумоо менен ооруп жүргөн болсо, анда организм кескин начарлайт. Себеби инфекция бардык организмге текши тарай баштайт. Анан заара чыгаруучу каналдар аркылуу бөйрөккө өтөт. "Бутту жылуу кармаш керек" деген сөз жүйөлүү. Таман – нервдин бүткөн жери болгондуктан, суук да, жылуулук да тамандан өтөт.
Үй шартында кантип дарылайбыз?
Циститти айыктуруунун бир нече жолдору бар. Адегенде гинекологго кайрылып, текшерүүдөн өтүңүз. Атайын жазып берген дары-дармектерден сырткары үй шартында абалыңызды жеңилдетүүнүн жолдорун карап көрсөңүз болот.
Цистит учурунда кайнатылган сууну же минерал суусун көп ичиңиз. Анткени суу менен кошо бактериялар бат чыгат. Бирок кофе же спирт ичимдиктерин колдонуу сунушталбайт. Алчаны как кылып кургатып, кайнатмасына бал кошуп ичсе да аталган оорунун алдын алганга жардамы тийет. Ромашканын кайнатмасын чай катары колдонуп, мумие дарысын ичсеңиз болот. Мумиенун бирден-бир артыкчылыгы – сезгенүүнү басаңдатуу касиетине ээ. Доктур менен алдын ала кеңешип алып, бир күндө үч маал эки таблеткадан ичип турса болот. Мумие менен дарылануунун мөөнөтү жыйырма күн. Үй шартында таманга аракты жылытып компрес жасап, жылуу байпак кийип жүрүү ооруну түп орду менен жоготпогону менен убактылуу абалыңызды жеңилдетет. Аталган ооруга кабылганда тамактанууга да маани бериши керек. Өтө ачуу, туздалган, майлуу тамактардан кыска убакытка оолак боло турган жакшы.
Дарттын башкы дабасы – тазалык
Дааратканага эки саатта бир барып, заараны кармабаңыз. Илээндилигиңиздин жыйынтыгы циститке эле эмес, бөйрөк оорусуна да алып келет.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити