Нурсултан Кубанов: “Россиядан миңдеген компаниялар чыгып кетишип, бизге жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылды”

“Перспектив” билим берүү борборунун негиздөөчүсү менен маек.
-- Нурсултан, сен билим берүү боюнча чет жактар менен кыргыз жаштарын байланыштырган, келечекти, алдыдагы багытты баамдай билген мыкты жаштарыбыздын бирисиң. Учурдагы Россия менен Украинанын тиреши дүйнөнү бир топ өзгөртчүдөй болуп калды. Жаштарга кандай багыт бересиң? Кандай кеңештериң бар?
-- Келечек өзгөрөт. 2022-2025-жылдары чоң экономикалык кризиске батабыз. “Эмне кылуу зарыл? Эмнеге даяр туруш керек?” деген суроолорго мен да жооп издедим.
Менин жоромолум боюнча Россия–Украина согушу жакында бүтпөйт, ага байланыштуу Россиянын санкциялары бизге да таасирин тийгизип жатканы баарыбызга маалым. Азык-түлүк кымбатташы, жумушсуздук, мигранттардын Кыргызстанга кайтып келүү маселелери дагы алдыда. “Кризис башталганда анан чечем да” деген болбойт, бул эң чоң каталардын бири. Де-факто согуш болуп жатат, санкциялар, доллардын туруксуз курсу, азык-түлүктүн кымбатташы баарыбызга сигнал болушу керек. Же болбосо 3-4 айдан кийин жумуштан бошотуп салса, “эми эмне кылам?” дебей, азыртадан ойлонуп, конкреттүү “план А”, “план Бны” даярдап турган оң.
Азыркы жаштар, окуп жаткан кесибиңер канчалык денгээлде келечекте актуалдуу болот (?) деген суроону ойлонуп койсоңор. Анткени мындан ары дүйнө башкача болот деп ойлойм. Андыктан, IT, дизайн, архитектура, жалпы эле техникалык кесиптерге көңүл бурсаңар адашпайсыңар. Ошону менен бирге бизнес жана бизнес. Бизнес тармагына азыр өтүүгө сонун мүмкүнчүлүк. Россиядан миңдеген компаниялар чыгып кетти, Европа жана Америкадан эми бир дагы товар кирбейт, андыктан бизге бул жакшы мүмкүнчүлүк. Анткени 150 миллиондук рынок жаныбызда турат. Жок дегенде Кытайдан taobao, tmail, 1688 деген сайттар аркылуу башталгыч капиталсыз деле иш баштасаңар болот же болбосо кичине каражат менен wildberries’ке чыкканга аракет кылсаңар, мыкты мүмкүнчүлүк.
Азыр биз дагы wildberries’ке каражат бөлүп, кошумча бизнес баштадык. Бул тармакты мен жакшы түшүнөм, анткени бизнести мен алып-сатуудан баштагам. Ал эми азыркы чоң айырмачылыгы – даяр аянтча бар, интернет дүкөн ачпай эле ошол маркет-плейсте сатууга чоң рынок турат. Изденген адамдын келечеги жарык демекчимин.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити