Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Алмамбет Шыкмаматов салык системасын жаңы деңгээлге көтөрдү”

Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Алмамбет Шыкмаматов салык системасын жаңы деңгээлге көтөрдү”

02-июнь, 21:26
562 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акбөкөн мырза, аймактардагы өнүгүүнү сезип атасызбы?

-- Башка аймактарды айта албайм, мен өзүмдүн Ысык-Ата районума токтолоюн. Биздин район бүгүн пилоттук катары саналат. Акимге мурда болуп көрбөгөндөй зор мүмкүнчүлүктөр жана ыйгарым укуктар берилгендей. Бирок кээде мага президенттин районубузга көрсөткөн ишеними менен биздин аким бул ыйгарым укуктарды эмне кыларын билбей калгандай сезилет. Ал эми айыл өкмөт башчылары эч кандай реформа жасоону ойлобогондой жүрүшкөнү өкүнүчтүү. Айрыкча мектеп, бала бакча маселесине келгенде эле эмнегедир жетекчилер “бул өкмөт менен президенттин иши, алар оңдоп бериш керек” деп эсептешет. Эч кандай чарбачыл аракет жок! Мурда мындай эмес эле, акимге, жетекчилерге да өкмөттөн, президенттерден ушунчалык ыйгарым укуктарды бергенин... Менимче, жөн эле ыйгарым укуктарды берүү аздык кылат, эмне кылууну үйрөтүү керек экен. Көптөгөн аймактарда чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Реформалар сөзсүз жүрүшү зарыл. Ошондой эле ыйгарым укуктарды кеңейтүү, жергиликтүү деңгээлде мүмкүнчүлүктөрдү берүү шарт. 

Мен жергиликтүү деңгээлде амбициялуу жаштарды көрбөй турам. Бюрократизм көптөгөн жергиликтүү аткаминерлерди жаңы идеялардан таптакыр тайдыргандай. Биринчиден, реформа президентке гана керек деген ойдон кетиш керек! Баарыбызга реформа зарыл, өлкөбүзгө, элибизге. 

-- Жалпы салыкчыларга карата да учкай баа бере кетсеңиз?

-- Быйыл салык кызматына 35 жыл толуптур. Бул кызматтын өлкө өнүгүшүндөгү кошкон салымы зорбу? Албетте, салык кызматынын мамлекетке кошкон салымы чоң. Биздин бюджет негизинен салык жана бажы төлөмдөрүнүн эсебинен толукталат. Ал жерде 35 жыл эмес, жүздөгөн жылдар бар, ар кайсы убакта ар кандай аталып келген, бирок эң негизгиси, баардык мамлекеттер бюджетин салык жана бажы төлөмдөрүнүн эсебинен толуктап турат. Айлыгыбыз, жолдорубуз, айланабызда көргөндүн баары салыктын эсебинен курулат. Бул система мамлекеттүүлүктүн түзүлүшүндө негизги ролдордун бирин ээлейт. Биздин жыргалчылыгыбыз салыктын чогултулганына жараша болот. Менимче, бул кызматка Алмамбет Шыкмаматовдун келиши менен салык инспекциясы жаңы деңгээлге көтөрүлдү жана бул абдан кубандырат. Салыкчылар жол салууга, айлык акы төлөөгө, мектеп, ооруканаларды курууга салымдарын кошушуп, бюджетибизди күн сайын толуктап турушат. 

-- Кыргыз тилине каршы чыккан депутаттар коомчулукта талкуу жаратышты го?

-- Менин оюмча, негизги талаш “депутаттыкка талапкерлер мамлекеттик тилди билүү боюнча сынак тапшырышы керек” дегенден келип чыккандай сезилди. 

Парламентаризмдин башатына кайрылсак, эсиңизде болсо, бизди мурда “эл депутаты” деп аташчу, көп референдумдардан кийин “элдик” деген сөз алынып салынган. Депутаттар калктын баардык катмарларынын, дээрлик улуттардын өкүлдөрү болууга тийиш. Адегенде депутат болуш үчүн 10-класстын билими деле шарт эмес эле, каалаган карапайым адам депутат боло алмак. Бирок кийин жогорку билим стандартын киргизишти. Башкача айтканда, азыр депутаттыкка талапкер жогорку билимдүү болушу керек. Тагыраагы, айрым карапайым адамдар депутаттыкка бара алышпайт...

Азыр дагы бир стандарт киргизип жатабыз, мамлекеттик тилди билүү боюнча. Анткени, көп талапкердин мамлекеттик тилди билиши керек экендигинде эмес, экзамен коркунучтуу. Жергиликтүү кеңешке барган жаштар мамлекеттик тилди билүү боюнча сынактан өтө алышабы? Алар диктант же сочинениени катасыз жаза алышабы? Негизи талапкер мамлекеттик тилди кандай деңгээлде билиши керек? Кандай талаптар коюлат? Бул белгилүү бир талапкерди каттабай коюунун дагы бир куралы болуп калбайбы?

Ушундай проблемаларды эмне кылабыз? Мисалы, Кыргызстандын түштүгүндө 90% өзбек улутундагы кээ бир айыл аймактарда жарандарыбыз жашайт. Экзаменден эч ким өтпөй калса, жергиликтүү кеңешке талапкерлерди кайдан алышат? Менин районумдун кээ бир айылдарында, мисалы, 3 депутаттык мандат үчүн төрт-беш талапкер катталды дейли. Экзамен өткөрсөк, талапкерлердин саны эки эсе аз болуп, анан депутаттарды дайындашыбыз керек болуп калабы? 

-- Кыргыз тилчи мугалимдер жетиштүүбү?

-- Маселе ошондо. Биринчиден, ошол эле студенттер биздин ЖОЖдордо мамлекеттик тилде билим алышына мамлекет өзү шарт түзүп бериши керек. Мыйзамды кабыл алабыз, бирок биздин ЖОЖдордо мамлекеттик тилде сабак бере турган мугалимдерди камсыз кыла алабызбы? Бул жүздөгөн мугалимдерди талап кылат. Жалаң кыргызча сүйлөгөн кыргыздар көп, бирок алардын сынактан өтүшү күмөн (!) деген жагдайлар бар.

Жергиликтүү диалектиде баарлашкандарды айтпаганда да, көп адамдар өз сөзүндө 200-300 гана сөздү колдонушат. Экзамеден өтүш үчүн жок дегенде 1000 сөз билиши керек го...  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер