Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлжигит СООРОНКУЛОВ, билим берүү боюнча эксперт: “Беш жыл пайдаланылган китептерден окуучуларга вирустар жугат”

Гүлжигит СООРОНКУЛОВ, билим берүү боюнча эксперт: “Беш жыл пайдаланылган китептерден окуучуларга вирустар жугат”

01-октябрь, 14:31
836 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Гүлжигит Сооронкулов билим берүү жана илим министринин орун басары жана башка билим берүү тармагындагы ар кыл кызматтарга 40 жылдан ашык өмүрүн арнаган, кесибин сүйгөн, терең билген агай. Учурда Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун башкы илимий кызматкери. 

-- Гүлжигит Умарович, билим берүү тармагындагы башкы көйгөйлөргө токтолсоңуз?

-- Билим берүү тармагында көйгөйлөр абдан көп. Жылдан-жылга көйгөй азайбай эле көбөйүп жатат. Бул жакка келген министрлер “реформалап жатабыз, оңдоп жатабыз” деп бакылдаганы менен аягына чыкпай жатышат. Акыркы 25 жыл аралыгында 20дан ашык министр алмашылды. Мунун баары туура эмес. Мамлекетке коопсуздук жарата турган, өтө терең көңүл бурууну талап кылган тармак – бул билим берүү тармагы. Балдарга кичинесинен көңүл бурбасак, алар чоңойгондо жыргаган деле жаран болуп бере албайт. Биз азыр көрүп жаткан ИГИЛге, ислам мамлекетин курабыз деген террористтерге кошулуп кеткендер бар. Буга биздин да күнөөбүз бар. Себеби, өз убагында керектүү билим, керектүү тарбия бере албай калып атабыз.  

Көйгөйлөрдү башынан баштасак. Эки жаштан беш жашка чейин адамдын мээси баарын сиңирип алат экен. Ар бир адам бүт турмушунда топтогон тажрыйба билимдин 70%ын беш жашка чейин алат. Калган 30%ы өлөр-өлгөнчө мээсине кирет. Ошондуктан биз мектепке чейинки бала бакчада окутууну колго алышыбыз керек. Азыркы учурда сатылып кеткен бала бакчалардын имараттарын мамлекет кайрып алууга аракет кылып жатат, бирок жыйынтык жок болууда. Жеке менчик бала бакчалар көбөйүүдө. Бирок, ошондо дагы Кыргызстандын 20% эле балдары бала бакча менен камсыз болуп, 80%ы дагы деле көчөдө, ата-энесинин, чоң ата, чоң апаларынын колдорунда болуп, толук кандуу билим алалбай келет. Бул чоң маселе. 

-- Окуу китептери менен камсыздоо дагы бир чоң көйгөйлөрдүн бири болсо керек?

-- Билим берүү министрлиги кемчилигин оркойтпой, “окуучулар 70% окуу китептери менен камсыз болушкан” деп жүрүшөт. Бул туура эмес. Себеби, ар бир китеп 5 жылга гана пайдаланууга эсептелген. Бизде көпчүлүк окурмандар китеп окуганда сөөмөйү менен шилекейлеп окушат. Беш жыл пайдаланган китептин ичинде канчалык микроб, канчалык вирустар жатат? Мурун союз учурунда мунун баарын санитардык тазалоодон өткөрүп турчу. Азыр мен билгенден 25-30 жыл колдонулган, союз убагында чыкккан китептер мектеп китепканаларында турат. Аны дагы деле пайдаланып жатышат. Мыйзам боюнча аны 5 жылда керектен чыгарып, жаңы китепке алмаштырыш керек болчу. Окуу китеби бул өзүнчө маселе. Окуу китепке кошумча окуу методикалык куралдары, дидактикалык материалдар, математика, физикага келсек, көнүгүүлөр жыйнагы бар. Ошолорду окуучулар үчүн чыгаруу керек. Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо, окуучулар үчүн атайын чыгарылган иш дептерлери бар болчу. Дубалга илинген карта, атластарды айтпай эле коёюн. Ошонун баары толук 100% ар бир балада болгондо, ошондо мектептен да, балдардан да билим деңгээли жөнүндө сураса болот. 

Жаңы министр келет да, кайра эле 1-1,5 жыл аралыгында алмаша калат. Артынан орун басарлары кетет. Орун басардын артында билим берүү башкармалыгынын алмашкан жетекчилери бар. Мугалимдердин деңгээли да бир өзүнчө чоң көйгөй. Мына, медициналык академияга тапшырган абитуриенттердин 170, 180, 190 балл алгандары окууга өтө албайт. Ал эми педагогикалык кесипке биз 110 балл менен кабыл алабыз. Ошол чалажан педагогикалык билим алгандар айылдарга барып 20-30 жыл балдарга сабак берип, өздөрүнө окшогон чабал окуучуларды даярдашат. Педагогикалык окуу жайларга да медициналык академиядай талап коюлуп, күчтүү педагогдор даярдалышы керек.

-- Билим берүү системасынын калыптанганына 150 жылдын жүзү болду. “Өзгөртүш керек” деген кептер чыгып жатат, буга кандай карайсыз?

-- Негизинен өзгөрүп эле жатат, окуу программалары өзгөрүүдө. Билим берүү тармагында негизи реформа жүргүзүү, оңдоп, буруп, талкалап дегенге жол бербеш керек. Акырындык менен ишке ашырыш керек. Бүгүн “биздин жыйынтык начар болуп калды” деп бүт баардыгын жокко чыгаруу туура эмес. Мугалимдин эмгеги дароо билинбейт, көп жылдан кийин билинет. 

Дагы бир көйгөй: ата-энелердин көбү чет жерлерде мигрант болуп жүрөт. Балдарын чоң ата, чоң апа же башка туугандарына калтырып коюшат. Алар ата-энелериндей кам көрүп, билим, тарбия берип көзөмөлдөй алышпайт. Бул учурдан да пайдаланып, радикалдар балдарыбызды динге, мечитке жетелеп жатышат. Ар ким өз балдарын тарбиялап, колдон келсе ар кыл өлкөлөргө эс алдырып, эртеңки келечегибиз болгон балдарга колдон келишинче көңүл буруу зарыл.


Жамиля НУРМАНБЕТОВА
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер