Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ата журттун улуттук идеологиясы

Ата журттун улуттук идеологиясы

19-июнь, 22:40
561 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Мазмундук негиздер жана өзөктүү багыттар. Автордук долбоор)

(Уландысы. Башы өткөн сандарда)

20. Ак жоолук 

(Үйдүн да, мекендин да куту, махабаттын алтын кушу, жашоонун тузу, ааламдын эгеси, адамзаттын энеси аялзаттын бактысы үчүн)

Элдик акылмандык аялдын коом жашоосундагы бөлүнбөс улуу ролуна илгертен көзү жеткен. Мына ошондуктан калк кеменгерлиги "Аял бузулса, аалам бузулат" деп эсептеп, зайыпзаттын тынчтыгына, адебине, аруулугуна терең маани берип, "Биринчи байлык – ден соолук, экинчи байлык – ак жоолук" деп аялзатын бийик санаган. Кыргызда "Аял – үйдүн куту", "Аял жакшы – эр жакшы", "Жакшы аял – капкалуу шаар", "Кыздын кырк чачы улуу", "Ата – мекен, эне – нур", "Үйдү кырк эркек толтура албайт, бир аял толтурат" деген орошон маанилүү макал-ылакаптар тегин жерден чыкпаган. Тарых коомдогу бир дагы чоң-чоң иш-чара, бир дагы революция, бир дагы реформа аялзатынын катышуусусуз жемиш бербестигин кашкайта далилдеген. Атүгүл "Манастагы" Чоң Казатта да, аялзатынын иштиктүү ролу бар. Каныкей баш болгон кыз-келиндердин Казат үчүн камдаган гүлазыгын, зоот-чопкуттарын көрүп, ыраазы болуп, Манас эл алдында Каныкейге "Артылта камчы салбаска, артынан күнү албаска, Ак келтенин огу урсун, Көкмилтенин чогу урсун" дел ант бергени жалпыга маалым. 

Элдик улуу акыл-ойдун зайыпзатты ызааттаган гуманисттик салтын улап, демократиялык Кыргыз­стан эгемендүүлүктүн жылдарында аялзатынын коомдогу статусун көтөрүүгө кыйла аракеттерди жумшады жана жумшап жатат. 1996-жыл "Аялдар жылы" деп жарыялангандыгы жана өкмөт тарабынан "Аялзат" программасы кабыл алынгандыгы белгилүү. Өлкөдө азыр Аялдар конгресси баш болгон көптөгөн мамлекеттик эмес аялдар уюмдары иштеп жатат. Өлкөнүн эмгек кодексинде аялдарга карата көп ыңгайлуу жеңилдиктер каралган. Өкмөттүн курамында үй-бүлө жана аялдар иши боюнча мамлекттик комиссия иштөөдө. Кыргыз Республикасы 90-жылдарда аялдарды дискриминациялоону жоюу боюнча жана дагы башка Эл аралык Конвенцияларды ратификациялаган.

Аялдарды азаттыкка чыгарууда, алардын туташ сабатсыздыгын жоюуда, укуктарын коргоодо со­вет бийлигинин иштеген иштеринин да зор экендигин эске алууга тийишпиз. Совет бийлигинин 1918-жылкы өзүнүн биринчи Конституциясында аялдардын саясый жана граждандык укуктарынын эркектер менен бирдейлигин жарыялышы ал кездеги патриархалдык-жарым феодалдык Кыргызстандын аялдарынын тагдыры үчүн чоң роль ойногон. Бүгүнкү күндө өлкөбүздөгү аялдардын абалынын жалпысынан төмөнкүдөй төрт мүнөздүү белгисин бөлүп көрсөтүүгө болот:

1. Аялдардын негизги укуктарын жана эркиндигин коргогон мамлекеттик юридикалык документтердин жана мыйзамдардын бар экендиги; 

2. Улутуна, расасына, динине, жынысына, жашына байланыштуу басмырлоонун жоктугу; 

З. Аялдардын билимдүүлүгүнүн салыштырмалуу түрдөгү кыйла өйдө деңгээли; 

4. Аялдардын коомдук турмушка жана өндүрүшкө катышуусунун арбындыгы.

Бирок мына ушундай оң натыйжаларга, жетишкендиктерге карабастан, аялдар маселесинде көңүлдү өйүгөн көйгөйлүү проблемалар жана жагдайлар дагы эле болсо арбын. Аялдардын расмий документтердеги юридикалык теңдиги, эркиндиги, укуктуулугу, алардын реалдуу турмуштагы факты жүзүндөгү тең укуктуулугу, боштондугу жана бакубат жашоосу дегендикти билдирбестигин турмуш тажрыйбасы далилдеп келатат. Аялдар жөнүндө кагазга алтын тамгалар менен эң сонун мыйзамдарды жазып койсо болот. Бирок иштин маңызы алардын иш жүзүндөгү аткарылышында, иштешинде.

Гендердик тең укуктуулук маселесинин көз карашынан караганда, аялдардын абалында бүгүнкү күндө төмөндөгүдөй көйгөйлүү проблемалардын көрүнөө тургандыгын республикалык мамлекеттик эмес "Аялдарга жардам көрсөтүү борбору" мындайча маалымдайт:

-- аялдардын арасындагы жакырчылык;

-- энелердин жана балдардын өлүмүнүн өсүшү;

-- турмуш тиричилик жактан, сексуалдык жактан аялдарга карата зомбулуктун көбөйүшү;

-- аялдар арасында кылмыштуулуктун өсүшү ж.б. 

Ой жеткен менен кол жетпейт дегендей, экономикалык кризистин кесепетинен келип чыккан жетишпеген оокаттын айынан жана өйдөкү сыяктуу терс факторлордон улам аялзатынын ден соолугунун начарлашы эң кейиштүү нерсе. Саламатчылыгы начар аял­дардын балдары көбүнчө патология менен төрөлүүдөБул кейиштүү фактылар улутубуздун генефондуна шек кетип жаткандыгын кабарлайт.

Зайыптар ич жактан чындап маданиятташа, цивилизациялаша элек көптөгөн тоолук эркектердин "тоталитаризминен", авторитаризминен, орозкулчулугунан жабыр көрүшүүдө. Кыргыздын алиги "Жибекти тута албаган жүн кылат, аялды күтө албаган күң кылат" "Эркектин жаманы  катындын экинчи кудайы" деген макалдары аргасыздан эске түшөт. XVII кылымда жашаган Алдаш Белек уулунун “Балалуу аялга камчы көтөргөн эркек акмак, балапанын ээрчиткен казга кушун шилтеген мүнүшкөр акмак” деген сөзү бекеринен айтылган эмес. Энелердин, эжелердин, жеңелердин, келиндердин, кыздарыбыздын турмуш тиричиликтеги, үй-бүлөдөгү бакубат теңдигине жетишүү үчүн биринчи иретте "Камчы кайраттуу болсо, катын уяттуу болот", "Алтын баштуу аялдан бака баштуу эр артык", "Эрдүү катын таяк жейт, койлуу катын куйрук жейт", "Байтал чуркап байге албайт", "Катын өлсө камчы сап, кайра төшөк жаңырат" деп эсептеген эски психологиянын инерциясындагы эркектер катмарын жана “орозкулдарыбызды” кайра тарбияламайынча, ич жактан агартмайынча, кыйын. Аялдар тагдырынын оңолушу эркектерде ички сергек маданияттын жана интеллигенттүүлүктүн өнүгүшүнө байланыштуу болмок. "Азамат акылдуу болсо, алганы мээримдүү болот" деген накыл сөз бекеринен чыкпагандыр.

Үй-бүлөнү үй-бүлө катары кармап турган ким? Ал – үйдүн куту, очоктун ээси, коломтонун шамчырагы аял. Аял деген – бул эне. Аял деген – бул бала, тукумду улантуучу. Аял деген – бул генофонд. Аял деген – бул бала тарбиясы. Аял деген – бул эркектердин коомдук өндүрүштөгү түшүмдүү, көңүлдүү эмгеги. Анткени "Аялы жакшы жигиттин кайда жүрсө көөнү ток". Мына ошентип, кыргыздын демократиялык коомунун тагдыры аялдын тагдырына байланышат. Дени-карды таза, дил соолугу бекем аялдан, энеден дени сак, дили ак балага, дени сак, дили ак баладан – руху түптүү, саламатчылыгы күчтүү улутка! Биздин мамлекеттин урааны ушундай болууга тийиш. Улуттун болочогу – аялда, энеде.

Демек, улуттук көрөңгөбүздөгү калк акылмандыгынын жогорудагы ак жоолукту туу кылып көтөргөн философиясын бекем тутунуп, аялзат маселесин улуттук идеологиянын деңгээлине көтөрүп чыгуу зарыл. Аялзатка багышталган саясат бир жылдык акция же 4-5 жылдык программа менен гана токточу нерсе эмес. Ак жоолук саясаты улуттук идеологиянын бир өзөктүү багыты катары узак мөөнөттүү, ар качан туруктуу, үзгүлтүксүз, системалуу жүргүзүлө турган иш болушу шарт. "Ак жоо­лукту" өлкөнүн идеологиялык принциби катары таанып жана кабыл алып, ал принципти реализациялай турган көп мөөнөттүү иш-чара, программалардын бүтүндөй бир перспективалуу комплексин түзүү талапка ылайык. Тагыраак айтканда, аялдардын укуктары жөнүндөгү эл аралык нормалардын негизинде, коомдук турмуштун бардык тармактарында, саясый, социалдык, экономикалык, маданий, салааларда зайыпзаттын укуктарын, эркиндигин, теңдигин, коопсуздугун, ден соолугун, дил соолугун коргой турган, кепилдик бере турган өркүндөгөн мыйзамдык базаны жаратуу, алардын баку­бат турмушуна сүрөө боло турган социалдык шарттарды түзүү, мыйзамдарды реалдуу иштете тур­ган механизмдерди иштеп чыгуу, аялдар менен эркектерди укуктук, юридикалык, этикалык-психологиялык, медициналык-санитардык, педагогикалык жактан агартуу ишин системалуу түрдө жолго коюу, үй-бүлөлүк прогрессивдүү этнонарктарды иштиктүү насыйкаттоо, кыз-келиндер арасындагы сөз болгон терс көрүнүштөрдүн тамырын кыркуу үчүн күрөштү активдештирүү мамлекеттин жана бүткүл коомдун кечиктирилгис милдети. 

Ала-Тоолук ак жоолукка ак жол!


21. Дил соолук

(Эки башталманын айкалышынан бүткөн жаңы адеп-ахлакка карай)

Биздин кыргыз коомуна индивидуализм эмес, илгертен жалпычыл коллективизм мүнөздүү болуп келген. Индивидуализм буржуазиядык-капиталисттик өнү­гүүнүн натыйжасы. Бирок бизде да мындан ары турмуш, адам бир орунда турмак эмес. Цивилизациянын жолу ушундай, кандай гана коом болбосун акыры жүрүп коллективизмден индивидуализмге, личностко, өз алдынча «атомдорго» ажырап бөлүнүүгө келет. Анткени коомдук мамилелер татаалданган сайын илим-билим, рационалдык, аналитикалык-рефлексивдик аң-сезим өскөн сайын адам баласы өзүнүн жеке таламдарын жана кайталангыс уникалдуулугун аңдап, өзүнүн жекече МЕНине ээ болуп, индивидуалдашып, автономдошуп жүрүп отурат. Ал коллектив менен туташып турган киндигин үзүп, акыры индивидуализмге жол алат. Кыргыз коому да, каалайсыңбы-каалабайсыңбы ушул жол менен кетет. (Индивиуализм десе эле чочулоонун кажаты жок. Саламатчылыгы мыкты индивидуализмдин да, анан ашынган өзүмчүл индивидуализмдин бар экенин эске алуу керек). Мындай процесс­ти биздин кыртышка кирип жаткан капитализм, рынок мамилелери, жеке менчик институту тездетмекчи. Капитализмдин бир жагынан адам табиятынын терс жактарын: эгоизмди, ачкөздүктү, дүнүйөкорлук инстиктин ойготуп, күчөтөрү тажрыйбадан белгилүү. Бекеринен Рабиндранат Тагор «Цивилизации варварская алчность, обнажила свою бесстыдную бесчеловечность» деп жазган эмес. Капиталисттик-рыноктук мамилелердин шартында акчанын диктатурасы орноп, бири-биринен обочолонгон, ажыраган индивиддер пайда болуп, ар ким өзүнүн жеке кызыкчылыгынын артынан кууп, өз көмөчүнө күл тартып, ар кандай гобсектер, плюшкиндер, чык татырбас «чынарбайлар» жаралып, нравалар коммерциялашып, турмушка прагматикалык-бухгалтериялык мамиле канат жаяры да бизге тарых практикасынан дайын. Жакшылап байкасаңыздар, бүгүнкү кыргыз турмушунда да ушундай тенденция «бүчүр жара» баштады. Бара-бара ушул процесс, ушул тенденция күч алып, кыртышыбызга тамырын кенен жайса, анда кыргыздын рухий адеп-ахлактык нарк-насилине доо кетип, жандүйнөбүз деградацияга учурап, ата-бабадан бери келе жаткан коллективисттик жакшынакай дөөлөттөрүбүздөн ажырап калышыбыз мүмкүн. Биз капитализм, рынок алып келе жаткан индивидуализмдин өзүмчүл түрүн алдын ала көрө билип, анын биздин кыртышка стихиялуу түрдө орун-очок алышына жол бербей, кыргыз коомунун нраваларынын өнү­гү­шүнө терең ойлонулган идеологиялык багыттуулукту киргизишибиз зарыл. Биздин оюбузча, республикабыздын идеологиялык тарбия ишинде турмушубузга бара-бара сөзсүз келип кире турган индивидуалисттик маданият менен (саламатчылыгы мыкты индивидуализм менен|) илгертен келаткан коллективисттик маданиятыбызды синтездөө стратегиясын иштеп чыкканыбыз туура жана оригиналдуу жол болор эле. Жана да мунун өзү коомубуздун рухий саламатчылыгын эгоизм, кайрымсыздык, жеке өзүнөн башканы тааныбаган ыймансыздык сыяктуу коркунучтуу оорулардан оолак кармамак. Кыргыз коомунун нраваларын кандай   жолго, нукка салуу керек деген маселе адам жашоосунун, өмүрүнүн маңызы эмнеде? деген суроо менен тыгыз байланышкан. Адам өмүрүнүн маңызы, илгерки, бүгүнкү философтордун айтуусу боюнча адамзатка, жакшылыкка, сулуулукка, чындыкка кызмат кылууда. Демократиялык коомдун атуулунун идеалы үлүлчө кабыгынын ичине кирип кеткен өзүмчүл эмес, коомду ийини менен тиреп, жамаатка түркүк боло билген активдүү, чыгармачыл, гуманист инсан. Албетте, адам биринчи иретте өзүн ойлош керек, оболу өзүнө кам көрүш керек. Бирок акылман ойчулдар «Человек никогда не найдет всей полноты только в себе самом» (М.М.Бахтин) дейт. «Личности нет, если нет ничего выше её» (Н. Бердяев). Демек, адамдын жашоосунун баа-баркы пенденин кандайдыр бир универсалдуу өзүнүн бийик турган ыйык нерсе (сверхличное), жогорку ыйык коомдук дөөлөт менен болгон органикалык байланышында, бүтүндүн бөлүкчөсүмүн деп эсептеген акыл-эстүүлүгүндө жатат экен. Индивидуалисттик маданияттын кадыр-баркы анын «жалпы жыргалчылык» идеясы менен жуурулушуп тургандыгы менен ченелмекчи. Ушул нукта айтылган жазуучу М.Пришвиндин афоризмин келтирүү орундуу: «Эң жогорку адептүүлүк  адамгерчилик деген эмне? Бул жамааттын пайдасына өзүнүн кара башын курман чалуу». Кийинки убактарда өзүнүн гана МЕНин алдейлеген ашкере өзүмчүл индивидуалисттик «робинзонаданын» зыяндуулугуна, коом үчүн коркунучтуулугуна ынанган Европанын философ-этиктери да адам баласынын моралынын маңызын дал ушул Пришвиндик афоризмдин духундагы адеп-ахлак философиясынан көрүп отурушат. Демек, Батыштын индивидуализминин өзүмчүл ооруларын Чыгыштын коллективисттик этикасы менен дарылоонун зарылдыгы көз көрүнөө. Кыргыздын айкөл Манасынын адеп-ахлак кредосу мындай: «Калкым кыргыз сен үчүн курман болуп кете­йин». Ал эми жазгы баарда айдоого тукум сээп жатканда баба дыйкан мындай дейт: «Муну септим уучтап, жылуу жерден конуш тап. Мунусу – жетим-жесирге, мунусу – алсыз-карыпка, мунусу – курт-кумурскага, мунусу – сурамчыга, тилемчиге, саламчыга, сизге, бизге, мага!». Мынакей, жалпынын кызыкчылыгына, жыргалчылыгына, башкалардын бакубатына, бактысына жандүйнөсүн, ак мээнетин, кара башын арнаган кыргыздын улуу коллективисттик этикасы. 

Акырында дагы бир жолу баса белгилейли, индивидуалисттик маданият­ты (кишинин өзүнүн уникалдуулугун, кайталангыстыгын, жеке МЕНин, өздүк турмушка акылуулугун аңдап туюнуу, граждандык эркиндиктин жана укуктун, өз алдынча инсандык суверинитеттин зарылдыгын түшүнүү маанисинде) дал ушул Манас менен баба дыйкандын коомчул этикасы менен ашташтыра, айкалыштыра билсек, анда ак калпак калкыбыздын рухий-маданий келечегинен камсанабас элек дегибиз бар. Анда биз адамдык жүзү бар рынок коомун (рынок с человеческим лицом) куруп, башкалардан оригиналдуу жолубуз менен айырмаланар элек деген ой. Мынакей, биздин оюбузча мамлекетибиздин башчылары, идеологдору маданий-рухий тармакта ойлоно турган стратегия. Ушул эки башталманы бири-бирине өрүлүштүрүп алып жүрүүнү көздөгөн улуттук концепциянын бүгүнкү коомубуздун тарбия жана билим системасында ишке чегилиши элибиздин рухий саламатчылыгына азыртан баштап көрүлгөн улуу камкордук болор беле? Биздеги индивидуализм дайыма «биз» деген сөздү айтып турганга, ал эми коллективизм болсо «мен» дегенди унутпоого тийиш. Биздин бүгүнкү капчыктуу «жаңы кыргыздар» өзүнө эле «сары үкүнүн уясын» курууга далбастай бербей, өмүрдүн маңызы жөнүндө ойлонуп, баба дыйканчасынан береке-байлыгымдын мунусу өзүмө, мунусу – жарды-жалчыларга, мунусу – мектепке, мунусу – маданиятка деген сыяктуу айкөл­дүктү үйрөнө башташса кана, атаганат!

Жандүйнөсүндө эки башталма айкалышкан Кыргызстандын жараны мындай деп монологун айтып турат:

Кааласам жалгыздыкты,

Чанбаймын жалпылыкты.

Тамырым жаматта, элде,

Таалайым жекеликте.

Болбосом жеке, жалгыз,

Кусадан ооруп калам.

Жамааттан ажырасам,

Мен чөптөй соолуп калам,

Экөөнөн  азыктансам,

Дайрадай толуп-ташам.

Жалындап күйүп-жанам!


(Уландысы бар)

Советбек Байгазиев, КР эл жазуучусу, филолог илимдеринин доктору, профессор 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер