Удаа кеткен үй-бүлө


Дүйнө жаралуудан жана жоготуудан турат. Ушул аркылуу тараза теңделип, баланс түзүлөт. Бул адам коомуна, анын ажырагыс бөлүгү болгон үй-бүлөгө да тийешелүү экенин жакында эле медициналык китептен окуган элем. Эми аны өз кулагым менен угуп, өз көзүм менен көрүп отурам.
Ушул жылы мага тааныш жакын бир үй-бүлө жарык дүйнө менен коштошту. Алар өмүрлүк жубайлар Үсөн Касыбеков менен Аниса Бөрүбаева. Бул экөө менен 1970-жылдары улуттук университеттин филология факультетинде студент катары чогуу окугам жана Москвада аспирантурада бирге жүргөм. Үсөн жашы жагынан менден улуу болсо да, курсу төмөн болчу. Себеби, армияда кызмат өтөгөн соң окууга өткөн экен. Бирок, кесип жагынан (адабиятчылык) окшош болуп, студент курагыбызда жаш сынчылардын ийримине катышып, макала, рецензияларды жарыялаганбыз. Аниса болсо Үсөн экөөбүздөн айырмаланып (биз кыргыз тили жана адабияты бөлүмүндө элек), орус тили жана адабияты бөлүмүндө окучу. Менин эсимде калганы – ал шаардык кыз болсо да майрамдарда жана кечелерде улуттук кийимчен жүрчү. Мен өзүмчө “азамат кыз экен” деп калчумун. Себеби, мындай көрүнүш анда адаттан тыш болчу.
Үчөөбүз тең аспирантураны ийгиликтүү аяктап, адабият боюнча кандидаттык диссертация жактап, өз жерибизге кайттык. Ар кимибиз ар кай жерде эмгектендик, бирок алакабыз, достугубуз үзүлгөн жок. Жамандык-жакшылыкта бирге болдук. Өкүнгөнүм: Үсөн досума илдет эртерээк жабышып, акыркы 10-15 жылда үйүнөн чыкпай, көбүнчө социалдык түйүндөр аркылуу саясый маселелер жөнүндө жазып жүрдү. Анын жолун жолдоп уулу Азамат да журналистикада чыйрак макалаларды жазды. Аниса болсо уюштуруучулук жөндөмүн көрсөтүп, улуттук университеттин журналистика факультетинде декан, И.Арабаев атындагы университетте проректор, департамент башчысы болду. Ден соолугу жакшы болуп жүрүп, быйыл капыстан ооруп калып эрте көз жумду. Эми минтип артынан Үсөке кетип отурат. Кандай кайгы!
Мен экөөнүн балдарына, туугандарына, санаалаштарына чын дилимден көңүл айтам. Жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко болсун! Кошкула, досторум Үсөн жана Аниса! Силер менин эсимде каласыңар.
Абдыганы Эркебаев, академик
2025-жылдын 19-сентябры
"Азия Ньюс" гезити











