Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Замир Айылчиев, саясат таануучу: “Казино руханий дүйнөнү гана бузбастан, миңдеген үй-бүлөлөрдүн кыйрашына жол ачат”

Замир Айылчиев, саясат таануучу: “Казино руханий дүйнөнү гана бузбастан, миңдеген үй-бүлөлөрдүн кыйрашына жол ачат”

08-июль, 09:37
452 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
-- Казинонун ачылышы боюнча чоң талкуу жаралууда. Карапайым эл каршы. Жаштардын атынан кандай пикириң бар?
-- Бул мыйзамды кабыл алуунун негизги эки максаты бар: мамлекетке инвестиция тартуу менен бюджетке каражат түшүрүү. Социалдык жөлөк төлөмдөрдү, пенсия, пособиелерди төлөгөнгө каражат керек. Бүгүнкү күндө министрлер кабинети бул мыйзамды “кынтыксыз аткарылат” деп айтууда. Мыйзамдын жоболоруна ылайык, казинону иштетүү үчүн инвестор 1,5 миллион долларга лицензия алат. Мындан тышкары, 50-100 миллиондой салыктарды төлөйт.
Инвестиция тартуу боюнча президентибиздин азыркы саясатын, демилгесин колдойм. Ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен жакшы иштерди жүргүзүп жатат. Бирок, менин объективдүү пикиримде, Кыргызстанда казино ишмердүүлүгүн туура эмес көрөм, анткени казинодон тапкан акча адал эмес. Арам жолдон тапкан акча эч качан берекелүү болбойт. Бул элибиздин кээ бир катмарынын руханий дүйнөсүн гана бузбастан, миңдеген үй-бүлөлөрдүн кыйрашына, тирүүлөй жетимдердин көбөйүүсүнө жол ачат. Жогорку Кеңеш казино мыйзамын кабыл алып, туура эмес кадамга барышты. Тарых, убакыт баарын таразалайт. Адал жол менен инвестиция тартуунун жолдору көп. Түштүк Кореянын мисалында айтсам, Кыргызстан приоритетти туризм, билим берүү, жеңил жана оор тармактагы өндүрүштү жолго салуу менен миллиарддаган инвестицияларды тартууга чоң потенциалы бар.
Жамиля Нурманбетова, "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер