Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бек Борбиев: “Балдарга асылган – бул өтө тайыздык!”

Бек Борбиев: “Балдарга асылган – бул өтө тайыздык!”

26-октябрь, 13:06
1 425 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ырчы Бек Борбиев “Азаттыкка” болгон нааразылыгын жарыялады.

Менин балам Ханбото бажыга жакында эле кирди, бир айдай болду. Курулуш компаниясында иштечү, конкурска көптөн бери катышып жүрүп, былтыр өткөн. Быйыл эми кезеги жетиптир. Азаттык Райымдын империясына кошуп койгон экен, суроолор көбөйдү, жооп берип коёюн.

Бото дежуркада отурат, жумушу ошол, 1 күн иштеп, 3 күнү бош. “Дал ушундай расписание үчүн киргем” дейт. Анткени, жеке үй-бүлөлүк шартына байланыштуу башка да жумуштары бар. Райым билбесе да керек, баламдын бажыга орношконун.

Мен атамдан кандай тарбия алган болсом, балдарымды да ошентип тарбиялайм. Атам мени достору аркылуу жумушка киргизген эмес, мен дагы антпейм. ЖОЖду бүтүп жумушуна киргенде айткам, сенин фамилияң Борбиев, бир сом пара алсаң, менин 30 жыл кашыктап чогулткан абийримди төгөсүң. Андыктан акчадан кыйналсаң мага кел, дегеле сарамжал жаша деп ата катары айтканым бар. Балдарым мени уят кылбай, элине атасындай, чоң ата, дегеле жети атасындай кызмат кылат деген ниеттемин.

Атаныкы балага жукпайт, бала өзү жол салбаса атанын жолунан адашып кетет. Анткени ата түбөлүк баласынын жанында боло албайт. Баланы өз оюна тим коюш керек, кыйналат, бирок өз жолун таап кетет. Менин философиям ушундай, рахмат!

“Азаттык”, иликтөөңөр менен силерди! Тил бар деп эле божурай берсе болобу? Балдарга асылган – бул өтө тайыздык!”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер