Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Келдибек Ниязов, куудул: “Элибиз айлампаш, көк мээ болуп калганбы?”

Келдибек Ниязов, куудул: “Элибиз айлампаш, көк мээ болуп калганбы?”

01-апрель, 22:36
2 953 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

--Келдибек ага, ден соолугуңуз кандай? Бала-бакыра тынчппы, аты жаман илдет айылыңыздан айланып өтү атабы? Бүгүн күлкү күнү эмеспи, эмнени байкап, эмнени көрүп атасыз?

--Сурат иним, шүгүр, тынч элебиз. Күлкүнү кое туруп, эл, журтубуздун тынчын алып аткан тажылуу вирус деген жаман неме тууралуу кеп кылгым келип атат. Уруксатпы?

--Анда кеп сизде, эмнени баштаганы турасыз?

--Капыстан биздин өлкөгө келген илдет мени ойго салып, санаа тартып турам. Учурда өлкөбүз 1 (бир) тыйынга муктаж болуп турганда, баягы өлкөнү талап-тоногон, бир четинен жайлаган коррупционерлер кайда кеткен? 

--Жүрсө керек да?

--Демейде текшерилип, аттары айтыла баштаганда кыргыз жерин, элин таштаган бойдон камыш аралап, суу кечип кача баштачу эле, ошолорго кайрылайын. “Эми каякка качасыңар? Россиягабы, Америкагабы, Италиягабы же Турциягабы? Качсаңар ошол жактан силерди коронавирус жалжактап кучагын жайып, “оп-ана, келегой” деп тосуп алат. “Көрдүңөрбү, азыр каякка барба мамайдын гөрү болуп турган чак. Андан көрө өз эркиңер менен жегениңерди үч эселеп казынага төгө баштагыла. Ушул саам силерге мунапыс болуп калышы мүмкүн. Бул күндөр дагы өтөт. Кийин кеч болуп, өзүңөр бармагыңарды тиштеп каласыңар. Алдыда жергиликтүү жана парламенттик шайлоо келатат, ойлонгула!” демекчимин. 

--Анысы ал дейли, коменданттык саат тууралуу эмне айткыңыз келет?

--Өлкөбүзгө коменданттык саат киргенине экинчи жума болду. Дагы деле мыйзамды сыйлабай, эрежеге каршы темселеп басып жүрөбүз. Же элибиз айлампаш, көк мээ болуп калганбы? Күндүз мейли дүкөнгө, аптекага бар. Түнү эмнеге көчөгө чыгабыз? Мактанчылык эмес да. Кытай, Россия, Түштүк Корея тартипти катуу сактагандыктан бул илдеттен чыгып кетип атканын билебиз. Россия, Америка тартипти бузгандарга катуу чара колдоно башташты. Италияда эмне болду? Кайдыгер болушуп, кафе, ресторандарында шаракташты эле, эми тыркыйышып өлүп жатышат. Биздин депутаттар каякты карап отурушат? Тартиптен такыр эле талаалап, мыйзамды сыйлабай калганыбыз ушундай убакта билинип калды. Акылыбызга келели элим! Улут тагдыры бычактын мизинде турат...

--Олуттуу ойлоруңузду айтып атсаңыз “ашказаным” бир аз чочулап аткансыйт?..

--Ушу оор акыбалдан аман-эсен чыгып кетели, “ашказаның” чочулабаган ой-толгоо, күлкү-тамаша да болуп калгысы бардыр... 


Сурат Жылкычиев

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер