Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турат Акимов: “УКМКны Ташиев алпара албайт. Купуя сырларды сактаганды билбейт!”

Турат Акимов: “УКМКны Ташиев алпара албайт. Купуя сырларды сактаганды билбейт!”

16-июль, 16:23
1 778 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Турат мырза, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин достугу сууп баратабы? Экөөнүн көз караштары эки ача экени Орхан Инандынын маселесинде ачык байкалды (Жапаров иш жүзүндө агартуучуну колдосо, Ташиев жеригендей сөз айткан). Эгерде булар уруша кетишсе, аягы кандай бүтөт?

-- Бул эми мындай, жанагы Орхан Инандыны чыгарганда жогорудагы эки адам бирдей бүтүм чыгарган. Орхан үчүн урушкан жок. Анткени, тигинин кеткенин экөө тең билген. Ташиев чыгып айтпадыбы, “ал Кыргызстандын жараны эмес экен, Түркиясынан бошонбоптур. Алып кетсе алып кеткендир да...” деген таризде сүйлөбөдүбү. Андан кийин айтты, “акаарат келтиргендин баарынын тилин жулам, баарыңар жооп бересиңер!” дегендей зекип койду. Демек, Ташиевдин бул жерде күнөөсү бар өңдүү. Баарын билген, баарын тейлеп-тескеп турган. Ошон үчүн Орхан Инанды боюнча экөөнүн ортосунда эч кандай чатак жок. Болгону президент Түркиядан тийешелүү деңгээлде сүйлөшүп келген эмес. Чын-чынына келгенде, түрктөр бул жагдайды айтпаш керек болчу “кыргыздар өздөрү бир жума мурун Садыр Нургожоевичтин алдында жеткирип берген” деп. Антейин десең, эгер алар унчукпай кала бергенде, анда Түркияны баары күнөөлөп, алар Кыргызстанга кол салып, эгемендигине шек келтирип, тебелеп-тепсеп жүрө берет дегенден коркуп, Эрдоган ачыгын айтып, Садырдын аброюн жерге түшүрдү. 

-- Негизи, Камчыбек Ташиев УКМКнын ишин кандай алпарып атат?

-- УКМКны Камчыбек Ташиев алпара албайт. Купуя сырларды сактаганды билбейт. Сыймык Жапыкеевге окшоп, көрүнгөн жерде кетмен көтөрүп алып удургутуп, Аксыны, Кемпир-Абадды Баткенде жүрө берип эмне кылып салды? Ошол эле ОДКБ мүчөлөрү жактырбайт, кабылдабайт, бирөөсү да тымызын келишим түзбөйт. Бирок, Садыр Камчыны жумуштан кетире албайт, себеби досу. Менин божомолумда, келаткан күздөгү парламенттик шайлоодо спикерлик кызматты берет. Ошого чейин “Ата Журт” баардык шайлоолорду утуш керек. Эң күчтүү фракция болуп, Садыр парламентке спикер кылганга мажбур. Жок дегенде беш жыл кол тийбестик мандаты болот. Камчы Баткенге, Орхан Инандыга ж.б. көптөгөн маселелерге жооп бериши керек. Тажиктер менен кандай келишим, меморандумга кол койгонун парламент ушу кезге чейин көтөрүп чыгара элек. Менимче, көп нерсени туура эмес ойноп салгандай. Камчы бул кызматтан кетиш керек. Бирок, президент кичинекей баладай ыргыта албайт. Садыр ага өмүр бою карыз – түрмөдөн чыгарды, президент кылды... Барып-барып, “түштүктөн президент болом” деген Камчынын пландары бузулуп баратат, көздөгөнү ошол болчу... 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер