Акыркы кабарлар
» Саясат » Добуш сатып алуу кызуу талкууга алынды. Күч органдары кайда?
Добуш сатып алуу кызуу талкууга алынды. Күч органдары кайда?
19-сентябрь, 17:58

Айрым бай партиялар добуш сатып алууга киришкени коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Азырынча эки миң сомдон бааланып, жарымын берип, калганын “бюллетендеги белгисин” телефонго тартып чыккандан кийин ыроолошобу? Шайлоо күнүнө чукул калганда добуш сатып алуулар курчуй турганы болжонууда. Тийешелүү күч органдары бул жааттан алсыздыгын көрсөтүшүп, азырынча резонанстуу кылмыш иштерин көтөрүп чыгыша элек. “Соодалашуу” катуу кызып баратат: беш миң сомго чейин чыгабы? Муз жарылабы?.. Эң башкысы, административдик ресурсту, криминалды, добуш сатып алууну катуу көзөмөлдөш керек. А болбосо мамлекеттүүлүктүн туруктуулугуна, эртеңки келечегибизге кедери тийет!